Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

УКМК интернетке тараган алтын боюнча видеого комментарий берди


Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.
Алтын куймалары боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон алынган скриншот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармактарда “Кыргызстандан чыгарылган” делген алтын куймалары тууралуу видеого байланыштуу комментарий берди.

Атайын кызмат “алтын куймалары өлкөнүн саясий жетекчилиги менен туугандык байланышы бар адамдарга таандык экени айтылган чагымчыл видео тарап жатканын, аны чет жакта жүргөн адамдар даярдаганын жана аларга мурда Кыргызстанда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн кылмыш иши козголгонун” билдирди.

УКМК “ушул тапта социалдык түйүндөрдө саясий жетекчиликти каралоо жана коомдо терс пикирди жаратуу үчүн атайын иштер жасалып жатканын, мындай аракеттер өлкөдөгү туруктуулукка коркунуч алып келип, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн” экенин кошумчалады.

Атайын кызмат интернет колдонуучуларына атайын жалган маалымат тараткандарга кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертти.

7-майдын кечинде чет жакта жүргөн активист Асхат Осмонов атайын кутуларга салынган алтын куймаларга окшош зат тартылган эки видео жарыялаган. Тасмада кыргызча-орусча сүйлөп жаткан киши алтынды чет жактан тосуп алып, кайсы бир адамга отчёт берип жатканы баяндалган.

Орусияга Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров ушул эле видеонун негизинде Асхат Осмоновдун артынан учкай видео жасап, “алтын куймалар 2023-жылы Ысык-Көл аэропортунан Кипрге чыгарылып кеткен болушу мүмкүн” деп баяндады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков видео чындыкка дал келбей турганын билдиришти.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын куймаларды кармап түшкөн сүрөтү Инстаграммдагы kg_novosti баракчасы аркылуу тарап, коомчулукта талкууларга жем таштаган. Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде коомчулукта талкуу жараткан сүрөт тууралуу суроого жооп берип, 2021-жылы Түркияда тартылганын айткан. Ал ошол маалда Кумтөрдү алтынын Лондон биржасында сатууга чек коюлгандыктан, түрк ишкерлери сатып алууга кызыгышканын, ошол себептүү агасы Түркиядагы алтын заводго барып келгенин билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG