Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

Атайын кызмат Ошто баңгизат соодасынын лидери кармалганын билдирди


Иллюстрация
Иллюстрация

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто "Шрек" каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалганын кабарлады.

8-майда таратылган маалыматка ылайык, ал 29-апрелде Ош шаарында ыкчам-иликтөө иш-чарасынын алкагында колго түшкөн. Анын жанынан 1 кг "гашиш" маңзаты табылганы, өзү УКМКнын тергөө абагына камалганы айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат шектүүнү "баңгибарон" деп мүнөздөп, аты-жөнүн кыскартып Я.М.М. деп жарыялады. Ал уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары Ички иштер министрлигинин каттосунда экенин, Орусияда героин сатканы жана сактаганы үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кошумчаланган.

Милиция Кыргызстанда былтыр баңгизаттарына байланыштуу 800дөй факт катталып, үч тоннадан ашык маңзат кармалганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG