Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Минск шаарындагы мектепке кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды


Минск шаарындагы Жумаш Асаналиевдин ысымын ыйгарылган мектептеги дубал тактайчасы. ТИМ тараткан сүрөт.
Минск шаарындагы Жумаш Асаналиевдин ысымын ыйгарылган мектептеги дубал тактайчасы. ТИМ тараткан сүрөт.

Минск шаарындагы №11 орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымын ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мектепке Асаналиевдин ысымын ыйгаруу иш-чарасына Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев, элчиликтин кызматкерлери жана Кыргызстандын Беларуста жашаган жарандары катышты.

Анда сүйлөгөн сөзүндө Эрбол Султанбаев Жумаш Асаналиевдин эрдиги бардык келечек муундар үчүн чыныгы патриоттуулуктун жана эрдиктин үлгүсү экенин белгиледи. Элчи аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү өз өлкөсүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө салым кошо алган мыкты адистер жана өз мекенинин чыныгы патриоттору болуп чыгышына тилектештигин билдирди.

Ушул күндөрү Минск шаарынын Октябрь районунун администрациясы менен биргеликте Жумаш Асаналиевдин аталган калаадагы эстелигинде митинг-реквием өттү. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Беларустун мамлекеттик органдарынын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, Минск шаарынын Октябрь районунун коомдук уюмдардын, ишканалардын жана окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.

Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу азыркы Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган.

1944-жылдын 25-июнунда душман менен салгылашууда багынып бербей, өзүн жана аны курчап алган фашисттерди акыркы граната менен жардырып жиберген. Окуя Беларустун аймагындагы Батыш Двина дарыясынын жээгинде, Лабейка кыштагында болгон. Асаналиевдин сөөгү аталган кыштакка жакын жерге коюлган.

СССРдин Жогорку Советинин президиумунун 1944-жылдын 22-июлундагы жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн Жумаш Асаналиевге курман болгондон кийин Советтер союзунун баатыры наамы ыйгарылган.

Беларустун борбору Минск шаарында жана Кыргызстанда Асаналиев өзү туулуп, өскөн айылындагы көчөгө ысымы ыйгарылып, Минскиде эстелиги тургузулган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG