Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:41

Eurovision сынагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өтүүдө


Мальмо. Eurovision уюштурулуп жаткан арена.
Мальмо. Eurovision уюштурулуп жаткан арена.

Швецияда Eurovision эл аралык ыр сынагынын биринчи жарым финалы аяктады. Deutsche Welle радиосу бул жылы Газадагы кырдаалдан улам популярдуу таймаш коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өтүп жатканын жазды.

Январда швециялык бир катар маданият ишмерлери Газа тилкесиндеги кырдаалдан улам Израилди Орусия сыяктуу эле сынакка катышуудан четтетүү талабы менен петицияга кол коюшкан. Март айында Eurovision-2024 сынагынын 37 катышуучусу Палестина автономиясында ок атышууну токтотууга чакырышкан. Eurovision башталган Мальмо калаасында активисттер кан төгүүнү токтотууга чакырып, дубалга сүрөт тартышты.

Сынакка израилдик ырчы Эдан Голан катышууда. Ал Мальмодо журналисттерге музыка элди бириктирет деп үмүт артып турганын белгиледи.

Европа телерадиоберүү биримдиги атайын билдирүү жасап, Израил эмне үчүн сынактан чыгарылбаганын түшүндүргөн. Расмий маалыматта бул жагдай "атаандаштыктын саясий эмес мүнөзүнө" байланыштуу экени айтылган.

Биринчи жарым финалда күч сынашкан 15 ырчыдан 10у финалга чыкты, арасында Украина да бар. Экинчи жарым финал 9-майда өтөт. Ага израилдик ырчы катышат. Финал 11-майда болот.

Би-Би-Си кабарлагандай, букмекерлер быйыл хорватиялык Baby Lasagna тобу менен украиналык Alyona Alyona жана Jerry Heil дуэтин сынактын фавориттери деп мүнөздөп жатышат.

Заманбап музыка сынагынын шартына ылайык, ырчылар жандуу үн менен оригиналдуу чыгарма тартуулашы керек жана ырдын узактыгы үч мүнөттөн ашпоого тийиш. Сахнада ырчыны коштогон бийчи же вокалисттер алтыдан ашпоого тийиш.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келет. Ким утса, кийинки сынак ошол ырчынын мекенинде өтөт.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эки жыл мурда жарыштан четтетилген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG