Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Кул болбойлу деп кимге айтылды?


Кыргызстандын 20 жылдык эгемен тарыхында бийлик биринчи жолу тынч жол менен колдон колго өткөрүлдү. Бул күндүн тарыхый мааниси бар экенин жыл өткөн сайын аңдай берет болушубуз керек. Эми жаңы бийликтин ички, тышкы саясаты, адам укуктары, сөз эркиндиги, улут аралык мамилелер жаатындагы багыты кандай болот?

Талкуунун катышуучулары: Азиза Абдирасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун башчысы, Равшан Сабиров, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, Кыргызстандагы Рудаки атындагы тажиктер коомдук бирикмесинин президенти, Азамат Акелеев, Финансы министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Жаңы шайланган президент Атамбаевдин кызматына киришип жаткандагы программалык сөзүндө коррупцияга каршы күрөштү биринчи милдети деп жарыялады. Ошондой эле Кыргызстанда улут жана регион аралык ынтымакты орнотом деди. Андан тышкары тышкы саясатында Орусияны бир нече жолу баса айтты, андан сырткары коңшуларды жана Түркияны атады.

Андан кийин журналисттер менен өзүнчө жолуккан кезде маалымат каражаттарын муунтпай тургандыгын, ошондой эле жарандык коом менен ынак мамиледе болоорун тастыктады. Бирок көпчүлүктүн кулагында Атамбаевдин “биз чөгөлөбөйбүз, биз кул болбойбуз!” деген сөздөр турат, бул кандайдыр бир сыр жараткандай болду. Сиздер кандай жоруп жатасыздар?

Азиза Абдирасулова: Чындыгында Атамбаевдин кириш сөзүндөгү кул болбойбуз деген сөзү биз үчүн да табышмактуу болуп калды. Бир жактан ким чөгөлөткөнү жатат, ким кул кылганы жатат деген суроо туулат. Айрым кесиптештерибиз Кыргызстан эгемендигин жоготпойбуз, бирөөгө көз каранды болбойбуз, кыйналсак да экономикалык кыйынчылыктардан чыгабыз, көз каранды болбойбуз деп каймана айтылгандай таасир калтырды.

Азамат Акелеев: Атамбаев бул жерде экономика жагынан кул болбойбуз, чөгөлөбөйбүз деген сөздү айткандай болду. Азыр экономика жагында бир топ кыйынчылыктар бар, биз көп карызбыз, бюджет дефицити абдан чоң, мисалы Орусиянын ЕврАзЭС кредитин бир топ күттүк, ал келбей калды. Бирок мамлекет катары дайыма кредиттерге, карыздарга таянып жашай албайбыз. Биз бул абалдан чыгабыз деген сөз сыяктуу болду.

Равшан Сабиров: Кул болбойбуз, чөгөлөбөйбүз дегенге мен жооп табалбай жатам. Ошол эле мезгилде кошуна мамлекеттер менен, дүйнөлүк аренада бардык мамлекеттер менен тегиз мамиледе болоорун айтып кетти. Орусияны баса белгилеп, бирок Америка, Кытайды эскербеди. Кимдин астында чөгөлөбөйт? - бул чоң суроо бойдон калды.

"Азаттык": Парламентте кийинки кезде араздашуулар күч алып кетти. Бизге азыр стабилдүүлүк керек, эгер дагы эле ушундай араздашуулар боло берсе, мен өзүмдүн конституциялык укугумдан пайдаланып, элге кайрылууга аргасыз болом деп өтө өктөм айтты. Бул эмнени билгизет?

Сабиров: Муну туура айтып кетти. Бүгүнкү күндө парламентке элдин баасы начар. Бирок ошол эле мезгилде президент да, парламент да бүткүл эл тарабынан шайланган. Парламент менен президент кандай байланышта иштейт - бул маселеге токтолбой кетти.

Бирок ошол эле мезгилде улуттар аралык ынтымакты, биримдикти, достукту, ыймандуулукту, бир туугандыкты өркүндөтөбүз дегени, мамлекеттик тил боюнча айтканы абдан туура деп ойлойм. Бүгүн улгайып калган адамдарды үйрөтө албайбыз, бирок ошол эле мезгилде бала бакчадан, баштапкы класстардан мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча айтып кеткенине мен абдан чоң ыраазы болдум.

XS
SM
MD
LG