Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Алмазбек Атамбаев ант берди


Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти.

Ант берүү аземинин башында кызматын өткөрүп берип жаткан мамлекет башчысы Роза Отунбаева сөз сүйлөп, Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын тагдыры үчүн бийик жоопкерчиликти өткөрүп берип жатканын айтты.

"Бул күн биз үчүн өтө кымбат! Анткени биз өлкөбүздүн келечеги үчүн чоң сабак, саясий үлгү көрсөттүк", - деди президенттик кызматын өткөрүп берип жаткан Роза Отунбаева. Ал ушул саясий салт мындан ары да улана берет деген терең ишенимин билдирди:


- Биз дүйнөлүк коомчулукка өз жолубузду өзүбүз тандап, өз тагдырыбызга өзүбүз жооп бер ала турган, өз эркиндигин жогору баалаган уюткулуу эл экендигибизди көрсөттүк. Эң башкысы өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактап калдык. Ушул тапта президенттик бийликти тынчтык жолу менен, ачык жана демократиялык мүнөздө өткөн жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгына ылайык өткөрүп берүүнүн жаңы наркын калыптандырып, жаңы саясий маданиятка жол салдык.

Роза Отунбаева ошондой эле Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы катары өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн бардык күчүн, билимин жана тажрыйбасын жумшай турганына, адилет, калыс жана таза жетекчи болооруна толук ишенээрин белгиледи.

Президенттик антын берген соң Алмазбек Атамбаевге БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов президенттин күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырды. Жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылды.

Ант берүү аземинен тасма

Алмазбек Атамбаев ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:42 0:00

Президенттик антынан соң Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, эл аралык чөйрөдө Кыргызстан татыктуу орун ээлеши керектигин айтты:

- Тышкы саясат Кыргызстан элинин гана кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлүшү керек. Кыргызстан бардык өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз кызматташуусун мындан ары дагы өнүктүрүүгө даяр.

Жаңы президенттин пикиринде, Бажы союзуна мүчө болуу өлкөнүн өнөр жайын жандандырат, өлкө коопсуздугун бекемдейт, коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы чек араларды ачат, элдин жашоо шартын жакшыртат.

"Россия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарых да, келечегибиз да бир!", - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

Инаугурация аземине Түркия президенти Абдулла Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Раси-заде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышууда.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ал 30-октябрдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. Ошентип Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери бийлик биринчи жолу мыйзамдуу түрдө алмашты.

Алмазбек Атамбаев 55 жашта, 1956-жылы 17-сентябрда Чүйдүн Арашан айылында туулган. Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы. 1980-жылы Москвадагы башкаруу институтун инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган. Ошол эле жылы Кыргызстандын байланыш министрлигинде инженер катары эмгек жолун баштаган. 1983-87-жылдарда Кыргыз ССРинин Жогорку Советининин президиумунда ар кайсы кызматтарды аркалаган. 1999-2004-жылдары "Форум" өндүрүштүк тобунун деректирлер кеңешинин төрагасы болгон.

Алмазбек Атамбаев 1993-жылы Кыргызстан социал-демократтар партиясын негиздеген. 2000-жылкы президенттик шайлоого катышып, үчүнчү орунду алган. 2005-жылдагы март ыңкылабына да жигердүү катышып, президент Курманбек Бакиевдин өкмөтүндө бир жылдай өнөр жай, соода жана туризм министри болуп, 2006-жылдын апрелинде оппозицияга кеткен. 2007-жылдын мартында президент Бакиевдин сунушу менен премьер-министрлик кызматка келип, ошол эле жылдын этегинде бул кызматтан да кеткен. 2009-жылкы президенттик шайлоодо оппозициянын бирдиктүү талапкери катары чыккан.

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин оппозиция түзгөн Убактылуу өкмөттө өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп турган. Ошол жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн башкаруучу коалиция декабрда премьер-министрликке бекиткен.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайык, президенттик кызматты бир гана мөөнөттө - алты жыл аркалоого тийиш.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү сөзү

Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:18 0:00
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG