Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Чүйдө жана Нарында "Манас" айтуу боюнча сынак токтотулду


"Манас" айтуу боюнча сынакка катышкан окуучулар (Сүрөт Aziz Biymyrza Uulu Фейсбук баракчасынан алынды)
"Манас" айтуу боюнча сынакка катышкан окуучулар (Сүрөт Aziz Biymyrza Uulu Фейсбук баракчасынан алынды)

2-майда Сузак районунда 30дан ашуун окуучу жабыр тарткан каргашалуу окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында пландалган окуучулар арасындагы "Манас" айтуу боюнча сынак токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков бейшембиде Фейсбук баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты. Ал бул долбоордун уюштуруучусу катары кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине өз колдоосун билдирди.

"Сузактагы окуяда өзүм билемдик менен балдардын коопсуздугун карабай, керектүү камсыздоону жүргүзбөгөн жетекчилер мыйзам алдында жооп берет", - деди Талантбеков.

"Биз мындан кийинки Нарын жана Чүй облустарында өтчү иш-чарабыздын баарын токтоттук", - деди долбоордун уюштуруучуларынын бири.

Маалыматка караганда 19-апрелде өлкөдөгү мектеп окуучулары арасында "Манас" айттуу боюнча сынак башталган. Баткенден башталган иш-чара Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында жыйынтыкталган.

2-майда болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунда окуучулар топтолуп турганда "Хундай-Портер" машинеси токтотуп койгон жеринен жылып кетип, 30дан ашуун бала жабыркады. Сегизи жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени маалым болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Сузак аймактык ооруканасына үч бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна 8 бала жаткырылды. Алардын абалы орто экени кабарланды. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

"Хундай-Портердин"айдоочусу, 48 жаштагы Сузак районунун тургуну Ж.Б. кармалды. Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG