Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Орусиянын Курск облусунда да мигранттарга таксиде иштөөгө тыюу салынды


Орусиянын дагы бир аймагында эмгек мигранттарына таксист болуп иштөөгө тыюу салынды. Курск облусунун губернатору Роман Старовойт тийиштүү токтомго кол койгонун 2-майда билдирди.

Старовойт облус тургундары арасында сурамжылоо жүргүзгөнүн, ага 42 миң киши катышып, 82% «ооба» деген добушун бергенин Телеграмга жазды.

«Башка тармактар боюнча абалды анализдеп көрөбүз. Бирок Курск облусунда мигранттар анча көп эмес. Ар бир адамда мыйзамга ылайык Орусиянын жарандыгын алуу, каалаган тармагында иштөөнү улантуу мүмкүнчүлүгү бар», - деди губернатор.

Буга чейин Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист же ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө, Камчатка крайында патент менен иштеген мигранттарга таксист болууга тыюу салынган.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине текшерүү күчөгөн.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө белгиленген.

Жети миллионго жакын калкы бар Кыргызстандын да миллионго чукул жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөнү айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG