Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Жураев: Атамбаев жаңжалга жол бербесин эскертти


Серепчи Эмил Жураев жаңы президент Алмазбек Атамбаевдин инаугурацияда сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу "Азаттык" үналгысы менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев ант берүү жөрөлгөсүндө программалык сөз сүйлөп, алдыда турган милдеттерин учкай айтып өттү. Кыргызстанды бөлүп жарууга, улут аралык, аймактар аралык бөлүнүүгө жол бербей турганын, коррупцияга каршы күрөшөрүн билдирди. Атамбаев буга чейин эки жолу өкмөттү башкарган. Бийликтин бийик сересинде жаңы адам эмес деп айтса болот. Мурунку иштерине карап, сөзүнүн өтөөсүнө чыгат деп айтууга болобу?

Эмил Жураев: Биринчиден, Кыргызстанга, анын жаңы президенти Атамбаевге ийгилик каалап кетишибиз керек. Жакшы тилек - жарым ырыс. Менимче, Атамбаевдин алдында турган азыркы эң негизги маселе – бийлик бутактары ортосундагы талаш-тартыштарды жөнгө салуу. Коррупция болобу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү болобу бийликтин ирээттүү иштешинен көз каранды.

Атамбаевдин буга чейинки иш тажрыйбасы жок эле дегенде ушуну кантип аткарыш керек, бийликти кантип башкарыш керек деген жагына таасири тийиши керек. Буга чейин Атамбаев президент болгон эмес, Конституциянын астында иштеп келген киши да. Ал иштерине көпчүлүгүбүз канааттанган эмеспиз. Бирок ошентсе да эми өлкө башчылыгына келгенден кийин ишеним артып туралы.

“Азаттык”: Кыргызстанда буга чейин паракорчулук үчүн жооптуу кызматта иштегендердин жазага тартылган учурлары болгон эмес. Убагында коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чейин чыкты деп айтылган. Эми өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

Эмил Жураев: Коррупция Кыргызстан үчүн эң негизги жана тамыры тереңге кеткен маселе. Атамбаев чындап эле коррупцияны ооздуктайм, азайтам десе, анткени муну такыр эле жоюп салуу мүмкүн эмес, өзү айткандай, бийликтин башында тургандардан бери тегиз мамиле кылып, “досум эле, таанышым” дегендей мамилелерден алыс болуп, иш алып барса натыйжа чыгарса болот.
Буга чейин Атамбаев президент болгон эмес, Конституциянын астында иштеп келген киши да. Ал иштерине көпчүлүгүбүз канааттанган эмеспиз.

“Азаттык”: Алмазбек Атамбаев парламенттеги олку-солкулук улана берсе, конституциялык укугунан пайдаланып элге кайрыла турганын айтты. Мунун артында эмне турушу мүмкүн?

Эмил Жураев: Мунун артында бир топ нерселер турушу мүмкүн. Көрүп жатпайбызбы, акыркы кезде парламенттин төрагасы менен президенттин кеңселеринин артында “ким биринчи басат, ким биринчи келет” дегендей талаш-тартыштар болуп жатты. Мына ушуга окшогон нерселер болбошу үчүн Атамбаев эскерте кетти. "Эгер чечише албасак, келише албасак, анда референдумга барам" дегендей мааниде сөз айтты. Менимче референдумдун деле зарылчылдыгы болбойт.

Жаңы коалиция түзүлгөндө төраганы да өзгөртөбүз. Ошондо төраганын орду кайда жана премьер-министрдин орду кайда экенин аныктап, мындан ары чекишүү болбош үчүн айтып кетти.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG