Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Кыргызстанга кимдер келди?


Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү аземине катышуу үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү, Түркия жана Грузиянын президенттери келди.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматка киришүү аземи 1-декабрда саат 11:00дө Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда башталат.

Алмазбек Атамбаев филармонияга карай Ала-Арча мамлекеттик резиденциясынан жол алса, азыркы президент Роза Отунбаева өкмөт үйүнөн кадам таштайт. Ага чейин чакырылган коноктор филармонияда чогулуп отурушат. Инаугурацияны өткөрүү боюнча уюштуруу тобунун мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, аземди телеканалдар аркылуу түз көрсөтүү 10:30да башталат:

- Инагурациянын өзү саат 11:00дө башталат. Түз эфирде КТРК жана башка республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Алмазбек Атамбаев ант бергенден кийин президенттик кызматка расмий киришти деп таанылат. Андан кийин БШКнын төрагасы күбөлүктү тапшырат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов азем учурунда эмне иштерди аткарары тууралуу буларды билдирди:

- БШК тарабынан штандарт тапшырылат жана мойнуна чынжыр илинет. Анан "Президент" деген күбөлүк тапшырылат. Ошол үч нерсе биз тараптан берилет.

Көкүрөккө тартыла турган белги алтын жана күмүштөн жасалган. Ал ак шумкар жана Кыргызстандын герби, түндүк, жети кырдуу жылдыз менен жасалгаланган.

Азем учурунда азыркы президент Роза Отунбаева сөз сүйлөйт. Инаугурациянын соңунда Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев менен өкмөт үйүнө барып, президенттик кабинеттин ачкычын тапшырат.

Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына эки өлкөнүн президенти катышат. Алар: Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана Грузиянын президенти Михаил Саакашвили. Алардан сырткары Чеченстандын президент Рамзан Кадыров да болот.

Ал эми ири мамлекеттерден Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин администрация башчысы Сергей Нарышкин, АКШдан мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк, кошуна мамлекеттерден Казакстандын, Тажикстандын өкмөт башчылары, Өзбекстандын парламентинин төрагасы катышат. Алардан сырткары Монголия, Татарстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдөн делегациялар келет. Ошондой эле ЕККУнун баш катчысы Ламберто Занньер, ШКУнун баш катчысы Муратбек Иманалиев жана башка эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрү катышат.

Инаугурацияны уюштуруу комитетинен алынган маалыматка караганда, 30-ноябрда Кыргызстанга Түркия жана Грузиянын президенттери келди. Алар ошол эле күнү президент Роза Отунбаева менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрдү. 1-декабрда инаугурациядан кийин алар жаңы президент Алмазбек Атамбаев менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.

Чакырылган конокторго жаңы президенттин атынан 1-декабрда түштө Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында сый тамак берилет. Ошондон кийин алар мекендерине кайта баштайт.

Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясын уюштурууга мамлекет тарабынан 10 млн. сом бөлүнгөнү кабарланган. Аземди өткөрүү үчүн бардык даярдыктар көрүлүп бүткөнү 30-ноябрда белгиленди.

Шайланган президенттердин атайын азем менен кызматка киришүү каадасы Кыргызстанда эгемендүүлүк доорунда калыптана баштады. Буга чейин Аскар Акаев үч жолу, Курманбек Бакиев эки жолу, Роза Отунбаева бир жолу инаугурация өткөргөн.

Курманбек Бакиевдин 2005-жылдагы биринчи инаугурациясы Ала-Тоо аянтында өткөрүлсө, экинчиси 2009-жылы 2-августта өкмөт үйүндө өткөрүлгөн. Эки аземге тең Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев катышкан. Ал эми Роза Отунбаеванын президенттик кызматка киришүү аземи 3-июлда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда жупуну мүнөздө өткөн.

1-декабрда боло турган инаугурациянын негизги өзгөчөлүгү - бийликти тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилишинде болуп жатканы белгиленүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG