Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:24

ЕАЭБга лабораториялар даярбы?


Учурда Кыргызстанда дарбыз бышты. Дыйкандар анын баасы жылдагыдан арзан экенин айтышууда. Ош-Бишкек жолу.
Учурда Кыргызстанда дарбыз бышты. Дыйкандар анын баасы жылдагыдан арзан экенин айтышууда. Ош-Бишкек жолу.

Кыргызстандан Орусияга ташылып бараткан 30 тонна дарбыз Омск облусунан кайра артка жиберилди. Орусиялык тиешелүү кызматтар жүктүн кайтарылышын фитосанитардык сертификаттын жоктугу менен негиздешти.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу тууралуу макулдашуулар ратификацияланып жаткан кезде дарбыз жүктөлгөн автоунаанын Орусиядан артка кайтарылышы биздеги лабораториялар уюмдун талаптарына жооп береби деген суроону кайра жандантты.

Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун жетекчиси Бердимамат Аданбаев болсо "Орусия чек арасынан өткөрбөй койгон 30 тонна дарбыз аткезчилик жол менен ташылып баратышы мүмкүн" деген пикирде. Анын билдиришинче, кандай гана мөмө-жемиш, азык-түлүк бизден экспорттолбосун фитосанитардык лабораториянын тастыктамасын алышы керек. Бирок көпчүлүк ишкерлер ашыкча кагаз топтогондон эринип же өзүмбилемдик менен жүктү алып чыгып кетүүдө.

- Документтерди тууралап, анан баруу керек да. Талапка ылайык келеби же жокпу текшертип алса, ишкер дагы күйбөйт эле. Эч кандай документи жок эле жолдон бажычыларга акча берип өтө калышып, Орусиядан кармалып жатышпайбы.

Кыргыз дыйкандары быйыл ЕАЭБга кошулсак, өндүргөн продукцияны тышка сатабыз деген үмүттө. Бишкек четиндеги талаа
Кыргыз дыйкандары быйыл ЕАЭБга кошулсак, өндүргөн продукцияны тышка сатабыз деген үмүттө. Бишкек четиндеги талаа

Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 70 пайызы Орусия менен Казакстанга экспорттолот. Арасында аткезчилик менен ташылган продукциялар да жок эмес.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбековдун билдиришинче, жалпысынан өлкөдөн 300 миң тонна жер-жемиш экспортко кетет. Ишкерлер Кыргызстандан продукциясын чыгарып жатып бир катар документтерди топтоого тийиш.

- Бул жерден фитосанитардык сертификат алат, андан соң ишкерлер арасында келишим болушу керек. Соода палатасынын сертификаты да болушу зарыл. Булардан башка бажы декларациясы жана акыркысы салык кызматында каттоодо болушу абзел, - деди Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков.

Кыргызстан учурда өзүнүн лабораторияларын эл аралык талапка шайкеш келтирүүдө. Бирок бул процесс дароо эле бүтө калчудай эмес. Өлкөнүн фитосанитардык, ветеринардык лабораториялары 2016-жылдын февраль-март айларында гана толугу менен ЕАЭБ талаптарына ылайыкташары айтылууда.

Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун жетекчиси Бердимамат Аданбаев билдиргендей, лабораторияларды заманбап үлгүдө жасоо акчага көз каранды. Ушу тапта Орусия бул үчүн 11 млн. долларга жакын каражат которууда.

- 2016-жылдын февралына чейин бир гана фитосанитария эмес, ветеринардык, санитардык бардык лабораториялар заманбап аппараттар менен камсыз болот. Биз тез арада анализдерди чыгарып бербесек, учурдагы лабораториялар жыйынтыкты үч-төрт күн дегенде араң чыгарып жатабыз.

Евразия экономикалык биримдигине кирердин алдында биздин 90го жакын ар тармактагы лаборатория аккредитациядан өттү. Маалым болгондой өлкөнүн лабораториялары дээрлик 80 пайызга ЕАЭБ талаптарына шайкеш келген. Алардын ичинен Ош жана Бишкектеги фитосанитардык лаборатория айыл чарба азыктарын сыртка экспорттоого сертификаттарды бере баштады. Бирок кадрлар жетишсиз болуп жаткандыктан, Орусия 15 кызматкерди окутуп бермей болгон.

Өсүмдүктөрдү коргоо жана химизациялоо департаментинин жетекчисинин орун басары Амангелди Исаевдин билдиришинче, Орусия Бишкектеги лабораторияны ремонттоп берди, мындан тышкары Ошко жаңы имарат куруп бермекчи.

- 240 миң долларлык жаңы имаратты Орусия куруп берүүдө. Ошто жер тилкеси бар, ушул жылдын аягына чейин анда эки кабаттуу лаборатория курулуп бүтүшү керек. Ал эми февраль айына чейин эки лабораторияны 800 миң доллар баада заманбап аппараттар менен камсыз кылып берүүсү керек. Акыркы үлгүдөгү жабдыктар орнотулмакчы.

Мындан башка Казакстан менен келишимдин негизинде 100 млн. доллар да бөлүнөрү күтүлүүдө. Бул каражатка Нарын, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад облустарына фитосанитардык лабораториялар курулмакчы. Азыркы учурда бул маселе эксперттердин деңгээлинде кол коюлуп макулдашылды. Ага чейин айыл чарба продукциялары Ош жана Бишкектеги лабораториялардын уруксаты аркылуу гана сыртка чыгууда.

XS
SM
MD
LG