Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Кыргызстандагы лабораториялардын эл аралык аккредитациясы жок


Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Самир Осмоналиевдин маалыматы боюнча өлкөдөгү 20 лаборатория бар, алардын ичинен экөө азык-түлүк коопсуздугу жана вирусология боюнча корутунду бере алышат. Учурда лабораториялар Экономика министрлиги тарабынан аккредитациядан өтүшүүдө. “Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин мынча лабораториянын кереги жок, беш лабораториянын жабдыктарын жаңылайбыз, бул үчүн бир лабораторияга 110 миң, экинчисине 90 миң евро бөлүнгөн” деп билдирди Самир Осмоналиев маалымат жыйынында.

2011-жылы коңшулаш Казакстан Кыргызстандагы эпизоотикалык абалды себеп кылып, эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тартканы белгилүү. 2013-жылы Кыргызстандагы сүт иштетүүчү 11 ишкана өндүргөн азыктарын Казакстанга сатууну кайрадан жанданткан. Орусия Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдан улам бүгүнкү күнгө чейин эт-сүт азыктарын импорттоодон баш тартып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG