Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

ФАО: Кыргызстан милдеттенмелерин сактасын


Кыргызстан ар бир өлкө өзүн-өзү толук камсыздоого тийиш болгон азык-түлүктүн тогуз түрүнүн учурда үчөөн гана камсыздай алат. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Кыргызстан ар бир өлкө өзүн-өзү толук камсыздоого тийиш болгон азык-түлүктүн тогуз түрүнүн учурда үчөөн гана камсыздай алат. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында Кыргызстан өзүнө алган милдеттер менен эрежелер сакталбаса, анда ал жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Айрыкча өлкө Бажы биримдигине кирүүнүн алдында айыл чарба тармагындагы өзүнө алган милдеттенмелерин терең талдоого алууга тийиш. Бул туурасында БУУнун алдындагы Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын атайын баяндамасында көрсөтүлгөн.

Экономика министрлиги болсо Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн шарттары Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун тартибине каршы келбей турганын жарыялаган болчу.

Эрежелерди эске алуунун учуру

Бириккен улуттар уюмунун алдындагы Азык-түлүк жана айыл чарба программасы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген мурдагы союздук республикалардын айыл чарба тармагы боюнча алган милдеттерине жана эрежелерге талдоо жасады.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында айыл чарба тармагындагы өзүнө алган милдеттенмелерин терең талдоого алууга тийиш.
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында айыл чарба тармагындагы өзүнө алган милдеттенмелерин терең талдоого алууга тийиш.

Анын баяндамасында Бүткүл дүйнөлүк соода уюму бекиткен милдеттер жана эрежелер эл аралык укуктук күчкө ээ экени белгиленип, алардын сакталбашы жагымсыз кесепеттерге алып келет деп көрсөтүлгөн. Мында айрыкча бажы тарифтери аркылуу азык-түлүк рыногун чектөөгө байланышкан маселеге басым жасалган.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Кыргызстандагы өкүлү Жорджи Кинлай буларды белгиледи:

- Кыргызстан айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурууга туура келет. Анткени бул тармакты жөнгө салуу жана өнүктүрүү шарттары Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун жана Бажы биримдигине кирүүнүн шарттары менен биргеликте каралууга тийиш. Бул маселеде өлкө эгерде өз учурунда ошол өзгөрүүлөргө баа бербесе, же өзүнө алган милдеттерин сактай албаса, жагымсыз кесепеттерге кептелиши мүмкүн экени эскертилген.

Азык-түлүк коопсуздугунун маселеси

Адистердин айтымында, БУУга караштуу аталган эл аралык уюмдун баяндамасында эскертилген жагымсыз кесепеттер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Кыргыз базары.
Кыргыз базары.

​Анткени Кыргызстан ар бир өлкө өзүн-өзү толук камсыздоого тийиш болгон азык-түлүктүн тогуз түрүнүн учурда үчөөн гана камсыздай алат. Алар картошка, сүт жана жашылча-жемиш азыктары.

Мурдагы айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийинки өзгөрүүлөр туурасында баяндамада келтирилген кооптонууларга негиз бар деп эсептейт:

- Бул эл аралык уюм өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун талдап чыгып, анан мына ошентип эскертип жатканы жөн жеринен эмес. Анткени Кыргызстан азык-түлүк каатчылыгын 90-жылдары башынан өткөргөн. Өлкө өзүн ошол кезде деле, азыр деле азык-түлүк менен толук камсыздай албайт. Анан калса ал кезде тышкы рынок жабык болчу.

Адистер Дүйнөлүк соода уюму менен Бажы биримдигинин ортосундагы тарифтик саясат менен техникалык жөнгө салуунун айырмачылыктарынан келип чыкчу жагдайды белгилеп келишет. Экономика министрлигинин өкүлү Канай Маматбаев мындан орчундуу карама-каршылыкты көрбөйт:

- Ал боюнча азыр иш жүрүп жатат. Бирок али бүтө элек. Мында ар бир багыт боюнча өзүнүн маселеси бар. Анын ар бирин өз-өзүнчө чечүүгө тийишпиз. Анан эми азыр Орусия менен Кыргызстан экөө тең Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү. Бажы биримдигинин бир катар шарттары ага шайкеш келтирилген. Анан эми бир аз айырмачылык бар. Бирок ал өтө эле чоң көйгөй эмес. Муну сүйлөшүүлөр аркылуу чечсе болот.

Экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн шарттаган келишимге быйыл 23-декабрда кол коюларын жарыялаган. Бирок анда Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдында алган милдеттенмелерин Бажы биримдигине шайкеш келтирүүнүн тартиби азырынча аныктала элек.

XS
SM
MD
LG