Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Казакстан: полиция кыйноо үчүн айыпталууда


Казакстан -- Александр Герасимов, Костанай облусунун полициядан ыдык көргөн тургуну.
Казакстан -- Александр Герасимов, Костанай облусунун полициядан ыдык көргөн тургуну.

Казакстандын Костанай облусунун ички иштер департаменти полициядан ыдык көргөн адамга компенсация төлөө боюнча соттун чечимин талашаарын билдирди.

2007-жылы Костанайдагы курулуштардын биринде жумушчу болуп иштеген Александр Герасимов бакма баласын издеп полиция бөлүмүнө барат. Жигит башка бир топ балдар менен улгайган бир аялды өлтүргөн деген шек менен кармалган.

Тартип коргоочулар Герасимовду суракка алып, баласы аны кылмыш үчүн айыптаганын айтышат. Жабырлануучу кылмышты мойнуна алдыруу үчүн башына желим баштык кийгизип, тумчуктурганга чейин барышканын, уруп-сабашканын ырастоодо.

Кийин баласы экөө тең айып тагылбастан коё берилген. Бөйрөк, башынан жараат алган 44 жаштагы жумушчу ооруканага жатып чыккан:

- Дээрлик бир жарым жыл дарыланууга кетти. Кээ бир жарааттар азыркыга чейин айыга элек. Токмок жегенден кийин көзүм начар көрүп калды. Башымды китеп менен койгулашкан.

Казакстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө тартип коргоочулар кыйноолорду колдонгон учурлар көп катталат. Герасимовдун адвокаты Анастасия Миллердин айтымында, уруп-сабоо адамдардын жасабаган кылмыш үчүн жоопкерчиликти мойнуна алдыруунун “жеңил” жолу.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюмунун ушул аптада чыккан докладына ылайык, Казакстан бийлиги кыйноолорду алдын алуу боюнча жаңы мыйзам кабыл алууга кадам таштаган кезде, былтыркы жылдын биринчи жарымында 200дөй даттануу түшкөн. Кыйноолор үчүн шектүү адамдар болсо жоопко тартыла элек.

Бул контексттен алганда, Герасимовдун иши өзгөчөлөнүп турат. Прокуратура анын арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып келди. Анда Миллер менен Адам укуктары жана мыйзам үстөмдүгү боюнча эл аралык бюронун Казакстандагы адвокаттары БУУнун Кыйноолорго каршы комитетине кайрылышкан. Казакстан тиешелүү конвенцияны 1998-жылы ратификациялаган.

2012-жылы Комитет өлкө конвенцияны бузган деген бүтүмгө келип, бийликтегилерди Герасимовдун токмоктолушун жакшылап иликтөөгө жана болочокто андайга жол бербөөгө чакырган.

Полициянын жетекчилери кайдыгер мамиле жасаганы менен өткөн жылдын ноябрында Костанай шаарынын соту жергиликтүү тартип коргоочуларды жабырлануучуга 2 миллион теңге же 13 миң доллар компенсация төлөөгө милдеттендирди:

- Келтирилген зыян үчүн акча өндүрүү аркылуу мамлекетти жоопко тартуу жакшы жол экенин түшүндүк. Эки миллион теңге казына үчүн көп акча. Мындай иштер мамилени өзгөртөт деп ойлойм, - дейт Миллер.

Ички иштер департаменти шаар соту эл аралык мыйзамдарга таянып, өз ыйгарымдарынын чегинен ашып кетти деп эсептейт. Апелляциялык арыз 23-январда каралганы жатат.

Адвокаттар жергиликтүү соттун чечими күчүндө калса, бул – Казакстандагы гана эмес Борбор Азиядагы кыйноолордун курмандыктары үчүн ири жеңиш болмокчу дешет.

- Бул абдан маанилүү иш. Активист эмес, Герасимовдой карапайым кишинин ийгиликке жетиши, ага карата адилеттүүлүктүн орнотулушу полициядан ыдык көргөн башка адамдар үчүн маанилүү болмокчу, - дейт Герасимовго БУУнун комитетине кайрылууга жардам берген адвокат Маша Лисицына.

7 жылдан бери ар тараптан кысымга туш болуп келаткан Герасимов болсо аягына чейин күрөшөөрүн айтууда.

XS
SM
MD
LG