Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Казакстан: катуу селдин кайгыга салган кесепети


Караганда облусунун Садовое айылы.
Караганда облусунун Садовое айылы.

Казакстанда селдин айынан 15 миңдей адам эвакуцияланды. Бир канча айыл-кыштак, республикалык маанидеги трассалар суу астында калды. Учурда жабыркаган аймактарда куткаруу иштери уланууда.

Өткөн жуманын соңунда аба ырайынын кескин ысышынан улам Казакстандын Акмоло, Караганда, Павлодар жана Чыгыш Казакстан облустарында дарыялардагы суу нугунан ашып кеткен. Учурда куткаруучулар дамбаларды куруп, жолдорду тазалап, кооптуу аймактардан элди көчүрүүнү улантып жатышат. Расмий маалыматтарга ылайык, сел 50дөй айыл-кыштакты каптаган. Миңден ашык үй жабыркап, 15 миңдей адам эвакуацияланды.

Табыгий кырсыктан өзгөчө карагандалыктар көбүрөөк жабыркады. Облустагы жыйырмадай айыл-кыштактан соңку үч күн ичинде шашылыш түрдө жети миңден ашык адам эвакуацияланып, коңшу райондордогу санаторийлерге, мектеп, бала бакчаларга жайгаштырылды.

Жабыркагандардын бири Алексей Воробьевдун айтымында, ал үй-бүлөсү менен документтерин эле алганга жетишкен.

- Эч нерсеси жок калдык. Эмне колубузга тийсе, ошолорду алганга жетиштик. Албетте эч ким жабыркаган жок, баарыбыз аман-эсенбиз. Балдар да, мен да үстүбүздөгү кийим менен качууга туура келди. Суу өтө тез каптады. Эми эмне болорун билбейбиз.

Нуринск станциясынын тургуну Маржан Ахмеджанованын айтымында, айылды суу каптардан бир күн мурда Өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлдөрү келип, эвакуациялоону сунушташкан. Бирок жергиликтүүлөр кырсык мынчалык чоң масштабда болорун билишкен эмес дейт ал:

- Бир убакта эле суу каптап келди, короонун дубалдары урап түштү. Баарыбыз туш-тушка качтык. Мен үйгө кирип, документтерди алганга үлгүрдүм. Айрымдар малын бошотконго жетишти. Бирок мал-жандыктын көбү тирүү калган жок окшойт. Биз эптеп үйдүн чатырына чыгып кеттик. Мен эч качан мындайды көргөн эмесмин –дейт үнү каргылданган Маржан Ахмеджанова.

Эвакуциялангандар жакынкы райондордогу санаторийлерге, мектептерге жайгаштырылды.
Эвакуциялангандар жакынкы райондордогу санаторийлерге, мектептерге жайгаштырылды.

Жабыркаган айылдардын айрым тургундарынын пикиринде, мындай чоң табигый кырсыктын алдын алууга болот эле. Ал үчүн быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк жааган кар убагында тазаланып, Нура дарыясындагы муздар убагында жардырылса мындай абалга жетмек эмес.

Жабыркагандар эми кантип үй-жайын калыбына келтиребиз деп капа болушууда.

- Баары суу алдында калды. Эми кантип күн көрөбүз? Балдарым менен каякка барам? Мен да элдей эле бардык үйдөгү техникаларды кредитке алгам да. Алардын баары жарактан чыкты,- деп кейиди көзүнө жаш алган Шолпан аттуу аял.

Селден жабыр тарткандар атайын лагерге жайгаштырылды.
Селден запкы чеккендердин лагери
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Шаршембиде чөлкөмдөгү кырдаал боюнча өлкө президенти Нурсултан Назарбаев атайын билдирүү жасап, бардыгы көзөмөлдө экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Караганда облусунда куткаруу иштери уланууда. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти облуста куткаруу иштери ыкчам режимде жүрүп жатканын кабарлашты.

Ал арада Астана жана Алматы шаарларында суу ташкынынан жабыркаган элге жардам чогултуу боюнча акциялар өтүүдө. Эл азык-түлүк, жылуу кийим, гигиеналык каражаттарды чогултуп, жүк ташуучу автоунаага салып жөнөтүшүүдө.

Караганда облусу селден көбүрөөк жабыркады.
Караганда облусу селден көбүрөөк жабыркады.

XS
SM
MD
LG