Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Кыргызстанга кол салган кыймыл жолбашчысын алмаштырды


ӨИКтин аба соккудан мерт болду деген жолбашчысы Усман Одил.
ӨИКтин аба соккудан мерт болду деген жолбашчысы Усман Одил.

1999, 2000-жылдары Баткенге кол салган Өзбекстан Ислам кыймылы жаңы башчы дайындаганын жарыялады. Мындай жарыя кыймылдын мурдагы башчысы Пакистан аймагында АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусунан мерт болгондон кийин жасалып олтурат. Айрым байкоочулардын пикиринде, бир кезде Борбор Азияда шарият мыйзамына негизделген мамлекет курууну мүдөө кылган бул исламчыл топ азыр мурдагы күч-кубатын жоготкон кез.

Өзбекстан Ислам кыймылынын башчылыгына жаңы лидер келгени азыр “ал-Каида” террордук түйүнү менен алакасы бар деп эсептелген бул топко тиешелүү Интернет сайтта (furqon.com) жарыяланды.

Андагы маалыматтарда айтылгандай, Өзбекстан Ислам кыймылынын башчылыгындагы Усман Одилди анын орун басары Усман Гази алмаштырды. Буга Усман Одилдин Пакистандын Түндүк Вазирстан аймагында, АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусунан өлгөнү себеп болду.

Бирок кыймылдын интернет баракчасындагы жарыяда ал качан жана кандай шартта ажал тапканы так айтылбайт.

Пакистан бийлигинин нааразылыгына карабай АКШ Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазирстан чөлкөмүндө, согушкерлердин туруму делген жайларга учкучсуз башкарылган учактар менен утур-утур сокку уруп келет.

Анткени Ооганстанда АКШ баштаган коалициялык күчтөргө ушул Түндүк Вазирстан аймагында жайгашкан согушкерлер кол салып жатышат.

Өзбекстан Ислам кыймылынын согушкерлери 1999-жылы жайда Баткендин аймагына кирип келип, адамдарды барымтага алгандан кийин можахеддердин ошол кездеги жолбашчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн депутат Турсунбай Бакир уулу “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, азыркы жетекчилер кыймылдагы экинчи муундун өкүлдөрү:

- Баткен окуяларына быйыл он үч жыл болуптур. Сиз айткан ысымдарды эстеп жатам. Анда булар 19-20-жаштагы балдар эле. Бул жигиттерди Тахир Юлдаш менен Жумабай Наманганинин айланасынан көрчүмүн. Бул өлгөнү (Усман Одил), азыр ордуна келгени (Усман Гази) илимдүү-билимдүү, үч-төрт тилде сүйлөгөн можахеддерден.

Өзбекстан Ислам кыймылынын лидерлигине келди деген Усман Гази эми анын төртүнчү башчысы болот. Кыймыл Кыргызстанга кол салган кезде ага лидерлик кылгандардын бири Жумабай Намангани АКШ 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Ооганстанда антитеррордук операция баштаган алгачкы айларда мерт болгон.

Аты бар, бирок алдан тайган кез

Кыймылдын дагы бир жолбашчысы Тахир Юлдаш 2009-жылдын августунда АКШнын аба соккусунан Пакистан аймагында мерт болгон. Бирок кыймыл бул маалыматты туура бир жыл жашыруун кармап, 2010-жылдын августунда гана ырастаган эле. Бул кадамын кыймыл шарияттын мыйзамдары менен негиздеген болчу. Эми Тахир Юлдаштын ордуна келгендиги 2010-жылы жарыяланган Усман Одил да АКШнын аба соккусунан ажал тапканы ырасталды.

Кыргыз парламентинин депутаты Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, Өзбекстан Ислам кыймылы азыр бир топ алсыраган кез. Анын акыбалын лидердин жаңыланышы өзгөртө албайт:

- Булардын азыр мурдагыдай күчү жок. Азыр аскеринин саны да азайып, өзбектердин катарына уйгурлар, тажиктер да кошулган. Мурдагыга караганда, албетте, кубатсыз. Булардын чет өлкөлүк демөөрчүлөрү, ошол эле араб өлкөлөрү да мурдагыдай акча бербей калган. Андыктан буларда азыр каржылык гана эмес, кадрдык, уюштуруу кризиси да бар.

Депутат Турсунбай Бакир уулу кошумчалагандай, кыймылдын базасы азыр Пакистанда жайгашканы менен Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда белгилүү бир деңгээлдеги байланыштары сакталууда:

- Булардын Кыргызстандагы байланыштары (өкүлдөрү) онго жетпесе керек. Анткени Кыргызстанда Өзбекстан Ислам кыймылы менен “Хизб-ут Тахрирдин” ортосунда пикир келишпестик бар. Эгер Өзбекстан менен Тажикстанда “Хизб-ут Тахрир” менен күрөшүп, жок кылышса, Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү жашыруун аракеттенишет. Кыргызстанда хизбутчулар көп болгондуктан, ӨИКтин базасы кичинерээк. Булар бүгүнкү күнү Тажикстан менен Ооганстанда көбүрөөк.

Тажикстан демекчи быйыл май айында эле Баткен менен чектеш Согди облусунда Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген 17 адамдын үстөнөн сот башталса, Хатлон облусунда кыймылдын аймактык колбашчысы деп шектелген Зилмурод Эшонконов эки шериги менен кармалганы расмий жарыяланган. Анын алдында апрель айында борбор Душанбенин соту Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген 34 кишини терроризм боюнча айыптап, сегизден жыйырма сегиз жылга чейин түрмөгө кескен эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG