Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Жүз күндө жүзү ачылбаган окуя


Жайдагы коогалаң Ош шаарында мындан туптуура жүз күн мурда, 10-июнда түш оой башталган. Ал эми түн ичинде беймаал айтылган азандан, ага удаа атылган салюттан кийин этникалык кагылышуу түштүк жергесинде бир нече күн бою улантылган.

Июндагы кандуу калаба мезгилинде милиция өкүлдөрү жана аскерлер тополоңчуларга тарттырып жиберген курал-жарактар азыр деле элдин колунда калгандыгына кабатырлангандар көп.

- Курал-жарактын көпчүлүгү азыр элдин колунда жүрөт. Алар эртедир-кечтир сөзсүз атылат. Ошондуктан, убактылуу бийлик мындайларга карата катуу чараларды көрүп, керек болсо ар бир үйдү тинтип, жарактарды мамлекет карамагына мажбурлап тапшыртуусу абзел, - деген коомдук ишмер Керим Макеев бул маселе чукул арада чечилбесе, араздашкан тараптар дагы чырдашаарын белгилейт.

Ош шаары, 21-июнь 2010-жыл
Ош шаарынын тургуну Эркин Абдыразаков
Ош окуясынын чыныгы уюштуруучулары жазаланмайынча, элдин көкшүнү суубайт деп эсептейт:

- Себеби, өлкөдө саясий стабилдүүлүк жок. Мамлекеттүүлүгүбүз дагы толук түптөлө элек. Популистикке азгырылып, “Жарашабыз!” деп басып жүрөбүз. Ай, эмне үчүн “Элдешебиз!” деп барышыбыз керек. Ар кимиси кылган кылмышына жараша мыйзам чегинде жооп беришсин! Мына, эл аралык уюмдардын баарына кучак жайып, жумуриятыбызга кийирдик эле, алар кайра кыргыздарга катылып, чала-бучук тыянактарын шашылыш жарыялап, түпкү улуттун мнааразычылыгын жаратышты.

Мындай чочулоолорду четке каккан жергиликтүү укук коргоочу Набижан Каримбердиев айрым массалык маалымат каражаттары турукташып бараткан кырдаалды ого бетер курчутуп жатышкандыгын ачыктады:

- Маселен, “Өзбектер куралдарын атайылап тапшырбай коюшту. Балдар-кыздарын тоолордо машыктырып жатышыптыр. Булар кыргыздарды атканга даярданганы эмеспи?” деген маалыматтарды ачык эле жайылтышууда. Мен кыргыздарда же өзбектерде курал бар дегенге түк кошулбаймын. Жанагыл чагымчыл күчтөр эки элдин ортосуна кайрадан от жагып жатышат.

Набижан Каримбердиевдин пикиринче, мындайда жөн жатпаган тышкы күчтөр да элдин башын айландырып, кайрадан кагылышууга шыкактап турган чагы. Укук коргоочу ошондой эле арадан жүз күн өтсө дагы түштүктөгү жаңжалдын жүзү ачылып, аны уюштургандар жазалана электигине эл нааразы экендигин жашырган жок.

Президент Роза Отунбаева тополоңдо каза болгондордун жакындарына жолугуп, көңүл айтууда
Президент Роза Отунбаева
да аз күн мурда Ошко жасаган сапарында Кыргызстанда тынчтыкты каалабаган сырткы күчтөрдүн артында кулатылган президент Бакиевдин тарапкерлери тургандыгын жарыя кылган:

- Ал күчтөр дагыле арабызда иштеп жатышат. Биз октябрга чейин жетип, парламенттик шайлоону аман эсен өткөрсөк экен? Ушул нерсе учурда абдан чоң маселеге айланып олтурат.

Өлкө башчысынын баамында, Кыргыз бийлиги 1990-жылкы Ош окуясын убагында териштирип, саясий баа бербегендиктен, традегия жыйырма жылдан кийин кайталанып олтурат. Ошондуктан, июндагы кандуу калабаны адилет иликтеп, калыс корутунду чыгаруу максатында улуттук комиссия уюшулуп, ишин улантууда.

- Тилекке каршы, убагында көп нерсе аягына жетпей калган. А түгүл акыйкат кеп дагы айтылган эмес. Ошон үчүн мындай чалалыктын бардыгын эми толуктайлы деп белсендик, - деди Роза Отунбаева.

Ошол эле учурда Европа Биримдигинин парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Кюльюнен жетектеген эл аралык комиссия дагы июнь окуяларын иликтөөгө ниеттенип, мындай кадам түштүктүгө чыңалган акыбалды басаңдатып, эки элдин эртерээк элдешүүсүнө ыңгай жаратып, алардын жашоосун мурдагыдай нукка түшүргөнгө жардамдашат деп ишендирүүдө. Буга улай Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин ЕККУнун полиция кеңешчи тобун Кыргызстанга кийирүү маселеси дагы жүзөгө ашчудай.

Дайын-дарексиз кеткендердин сүрөтү
Бирок мындай аракет Жаматтык Коопсуздук Келишими Уюмунун каршылыгына кабылды. ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа орусиялык массалык маалымат каражаттарына билдиргендей, бул маселе өтө узак талкууланды жана Кыргызстанга эл аралык күчтөрдү жөнөтүү максатка ылайыксыз деп табылды. Анткени, мындай жардам кырдаалды оорлоштурушу гана ыктымал.

Бул арада Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ар түрдүү булактар аркылуу таратылып жаткан маалыматтарды төгүндөдү:

- Ушундай ушак-айыңдар аркылуу маалыматтык диверсия күчөдү. Муну биздин душмандар же биздин тандаган жолубузду каалабагандар жасап жатышат. Айтып коеюн, Кыргызстанда, анын ичинде түштүк жергесинде бүгүн жана жакынкы күндөрү эч нерсе болбойт. Ош окуясынын кайталанбашы үчүн Өкмөт тарабынан жана укук коргоо органдары тарабынан бардык чараларды көрүп жатабыз.

Ушу күндөрү президент Роза Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун 65-сессиясына катышып, сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. Өлкө башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, анда Кыргызстандагы коопсуздук маселеси дагы көтөрүлмөкчү.

Түштүктөгү тополоң убагында 393 адам каза тапкан. 2327 киши медициналык жардам сурап кайрылып, анын 1242си ооруканага жатып сакайган. Мындан тышкары жыйырмадан ашык жарандын ушул күнгө чейин дайын-дареги белгисиз.

XS
SM
MD
LG