Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:20

Өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилди


Президент Роза Отунбаева өкмөттүн түзүмү жана анын административдик мекемелери тууралуу жарлыкка кол койду. 27-июлда жалпы элдик референдумда кабыл алынган баш мыйзамга ылайык, өкмөт премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик комитеттин төрагасынан турат.

Өкмөт түзүмү тууралуу жардыкка ылайык, мурдагы президенттин тушундагы Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Тышкы иштер министрлиги болуп кайра түзүлөт.

I. Өкмөт түзүмүнө он жети министрлик жана бир мамлекеттик комитет кирди:


1. Тышкы иштер министрлиги
2. Каржы министрлиги
3. Адилет министрлиги
4. Коргоо министрлиги
5. Ички иштер министрлиги
6. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
7. Энергетика министрлиги
8. Экономикалык тескөө министрлиги
9. Айыл-чарба министрлиги
10. Жаратылыш ресурстары министрлиги
11. Транспорт жана байланыш министрлиги
12. Мамлекеттик мүлк министрлиги
13. Саламаттыкты сактоо министрлиги
14. Билим берүү жана илим министрлиги
15. Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги
16. Жаштар иштери боюнча министрлиги
17. Маданият жана маалымат министрлиги
18. Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети

II. Кыргыз Республикасынын өкмөтү төмөнкүлөрдөн турат:

1. Премьер-министр
2. Биринчи вице-премьер-министр
3. Вице-премьер-министрлер
4. Министрлер
5. Мамлекеттик комитеттин төрагасы

III. Өкмөттүн алдында жана анын жетектөөсүндө төмөнкү административдик мекемелер иштейт:

a) Мамлекеттик агенттиктер:
1. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик
2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
3. Социалдык камсыздоо боюнча мамлекеттик агенттиги
4. Мамлекеттик байланыш агенттиги
5. Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги
6. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги
7. Кинематография боюнча мамлекеттик агенттиги

b) Мамлекеттик кызматтар:
1. Жазаны аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы
2. Мамлекеттик чек ара кызматы
3. Мамлекеттик салык кызматы
4. Мамлекеттик бажы кызматы
5. Каржы тармагын тескөө жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы
6. Мамлекеттик каттоо кызматы

c) Фонддор:
1. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду
2. Медициналык камсыздандыруу фонду

Мындан сырктары өкмөттүн жетекчилигине “Кыргыз туусу”, “Слово Кыргызстана”, “Эркин-Тоо” басылмалары өткөрүлдү.

Улуттук коопсуздук кызматы болсо Башкы прокуратура, Эсеп палатасы сыяктуу эле Президенттин карамагында калды.

XS
SM
MD
LG