Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

"Дары келбей жатат". Ооруканаларда дары тартыштыгы барбы?


Ош шаары. "Эл аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылышы. Ноябрь, 2023-жыл
Ош шаары. "Эл аман" мамлекеттик дарыканасынын ачылышы. Ноябрь, 2023-жыл

Кыргызстанда мамлекеттик ооруканаларга дары-дармек жеткирүү маселеси чечилбей жатат. Айрым аймактардагы ооруканаларда да ушундай көйгөй жаралды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай маалыматты төгүндөп, өлкөдөгү ооруканалардын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын айтты.

Дары-дармек табылбай жатат

Мамлекеттик ооруканаларда өкмөт камсыз кылчу, эң зарыл дары-дармектер, медициналык каражаттар жеткирилбей, таңкыстык болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 19-мартта өзүнүн Телеграмдагы каналында айтып чыкты. Ал шайлоочулар менен жолугушканда айрым ооруканалардын жетекчилери керектүү дарылар кечигип же такыр эле берилбей жатканына даттанышкан.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Дары-дармек жетишпейт эмес, азыр такыр эле берилбей жатыптыр. "Кыргызфармация" ишканасы бардык дарыларды өздөрү алып, ооруканаларга таратып бериши керек эле. Ооруканалар зарыл дарылар боюнча арыз берүүгө тийиш. Кечиктирип же такыр эле бербей жатыптыр. Качан берилери дагы белгисиз дешет. Жарандар ооруканага барганда "дары алып кел" десе, дарыгерлер жаман көрүнөт, анткени мекеменин өзүндө мамлекет камсыз кыла турган дарылар жок. Мен азыр Бишкектен гана маалымат алдым. Балким, башка аймактарда дагы ушундай көйгөй бардыр. Өздөрү чалып айткандан коркушат. Мен кыдырганда гана ушул көйгөй жаралып жатканын билип калдым. Бул жөнөкөй көйгөй эмес, калганын чечсе болот деп жатышат".

Бекешев буга чейин дагы 50 дары-дармектер табылбай жатканы тууралуу маселени көтөргөн жана Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөткөн.

Мамлекеттик дарыканада керектүү дарылар эмнеге жок?

Жакында аймактагы айрым дарыгерлер да бейтапканаларда дары жана башка медициналык каражаттар тартыш болуп жатканы тууралуу "Азаттыкка" айтып беришкен. Бирок коопсуздуктан улам аты-жөнүн ачык айтууну каалашкан эмес.

Былтыр калкты жеткиликтүү дары-дармек менен жеткиликтүү камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо максатында “Кыргызфармация” ишканасы түзүлгөн. Ошондой эле өлкөдө мамлекеттик дарыканаларды ачуу чечими да кабыл алынган. Февралдын башында өлкө аймагында ачылган мамлекеттик “Эл Аман” дарыканаларынын саны 61ге жеткен.

Азыр керектүү дары-дармектер боюнча ар бир оорукана алдын ала өтүнмө берүүгө тийиш. Буга чейин ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.

Былтыр “Кыргызфармацияга” бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн. Мекеменин жетекчиси Сүйүнбай Алиев быйылкыга каражат берүү жараяны аяктай электигин айтууда.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай маалыматтарды төгүндөп, өлкөдөгү ооруканалардын баары дары-дармек менен 100% камсыздалганын белгилейт:

Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

"Толугу менен, 100% камсыздалып жатат. Мурдагыга караганда жакшы. Өзүбүздүкүлөрдү эле эмес, спортчуларды, айыл чарбаныкын дагы камсыздап жатабыз. Дарыгерлер буга чейин компаниядан бонус алышчу. Алардын бардыгын токтотуп койгонубуз үчүн "жок" деп чыгышууда. Рецепт жазып, лабораторияга жиберип, бонус алышчу. Ошондуктан бул алардын чөнтөгүнө таасирин тийгизип жатат да. Алар Кыргызстанда жок дарыларды жазып берип жатышат".

Маселе уюштуруунун начардыгындабы?

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барктабасова "Кыргызфармация" ишканасында уюштуруу иштери начар болуп жатат деп эсептейт. Ал Чолпон-Атадагы аймактык ооруканада дары-дармек жоктугунан бейтаптар дарыгерлерди тилдеп жатканын айтты.

Анткен менен социалдык тармактарда эң эле оңой табылчу дарылардан баштап эң зарылдарын деле табуу жеке дарыканаларда кыйынга турарын жазып жатышат. Социалдык тармактын колдонуучулары белгилегендей, преднизолон, спазмалгон, хлорофлипт, флемоксин, изокет сыяктуу дарылар табылышы кыйын болууда.

Саламаттык сактоо жаатындагы эксперт Айбар Султангазиев бейтаптар бери дегенде үч айдан бери мамлекет камсыздап берчү дарылардын тизмесине кирген геппатиттин дарыларын ала албай жатышканын айтты:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

"Биздин рынокто Орусиянын дарылары басымдуулук кылат. Санкцияга байланыштуу субстанция жоктуктан, алардын заводдору иштебей, өздөрүнө жетишпей, бизге да аз келип, көп дарылар жок болуп калды. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда башка мамлекеттерге караганда дары-дармектин баасы абдан жогору. Кургак учуктун дарылары бизде Орусия, Өзбекстанга салыштырмалуу 20-30% кымбат. Экинчиден, биздин ооруканаларга, бейтапканаларга мамлекеттин эсебинен алына турган каражаттар "Кыргызфармация" ишканасына өткөн. Бинт, ийнеден баштап баарын алып бериши керек алдын ала арыздын негизинде. Булар бардыгын камсыз кылганга жетишпей жатат окшойт. Азыр жетекчилер нааразы болгондор көп экенин айтып жатышат. Мурда ар бир бейтапкана, оорукана өздөрү тендер менен сатып алчу эле. Азыр сырттагы заводдор менен түз байланышабыз, баасын түшүрөбүз дешкени менен, эмне болуп жатканын билбейбиз. Кыргызстанда геппатитке тиешелүү дарылар 5 айдан бери жок. Энтекавир, тенофовир, велпатасвир/софосбувир сыяктуу дарылар табылбайт. Эл азыр дары жок деп министрликке дагы кат жазып жатат. Бул дарылар былтыртан бери акысыз бериле баштаган, геппатит В жана С түрүнөн дарылангандар муну үзбөй пайдаланышы керек".

Кыргызстан дарылардын 97% чет өлкөдөн импорттойт. Министрлик учурда дары-дармек Орусия, Кытай, Индия, Өзбекстандан алынып жатканын, буйрутма берилгендердин бир бөлүгү жолдо келатканын билдирүүдө. Маалыматка караганда, 180 аталыштагы дарылар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн алынган. Калган 1500дөй аталыштагы дары-дармектер чет өлкөдөн алып келинет.


Мындан сырткары Түркия, Германия, Польша, Словения, Франция, Украина, Азербайжан, Өзбекстан жана Беларустан да алынат. Орус-украин согушуна байланыштуу бул жааттагы соода бир аз солгундаган.

Үмүткан Чокморова.
Үмүткан Чокморова.

Республикалык "СПИД" борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова геппатиттин дарылары жетишсиз болуп жатышынын себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, 5 миңден ашуун бейтапка медициналык каражаттарды алуу үчүн өтүнмө берилген. Бирок бир жыл бою жүргүзүлгөн дартты аныктоо иштеринин натыйжасында оорулуулардын саны төрт эсе көп болуп чыккан. Бул дары-дармектин жетишсиздигине алып келген.

"Биз өтүнмөнү үч миң геппатит С, эки миң гепатит Вга деп бергенбиз. Андан бери аябай көбөйдү. Тендер өткөрүп, клиникалык протокол иштеп чыкканча дарылоону былтыр май айында баштаганбыз. Бир жылдын ичинде жаңы катталган 22 миң учурду аныкталды. Элдин арасында гепатит менен ооругандар көп экен, билбей жүрө беришиптир", - дейт Чокморова.

Мамлекеттик реестрге Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген алты миңден ашуун дары-дармек катталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашык. Теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG