Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Базар: Жеке менчикти ким коргойт?


"Дордой" базарынан Орусияга, Казакстанга товар салган ишкерлер, 2022-жыл.
"Дордой" базарынан Орусияга, Казакстанга товар салган ишкерлер, 2022-жыл.

Кыргыз өкмөтү эки-үч айдан бери ири базарлардагы ижара акысын төмөндөтүүгө мажбур кылган иш-аракеттерди көрүп жатат. Укук коргоо органдары каш каккан айрым ишкерлерге кылмыш ишин ачып, соода жайларын мамлекетке өткөрүп алды.

Ишкер чөйрө менен айрым эксперттер базар экономикасынын принциптерине каршы келген мындай жагдайга тынчсыздануусун билдирип жатат.

Соңку эки-үч айдан бери Кыргызстандагы ондон ашуун базар жетекчилери ижара акыларын төмөндөтүү боюнча бири-бирине окшош видеокайрылууларды жасап, социалдык медиага жарыялоодо. Алардын мындай өнөктүгү атайын кызматтын басымы астында жасалып жатканын айткандар бар. Анткени Улуттук коопсуздук кызматы бул ишке тыкыр кийлигишип, каяша кылгандарына кылмыш ишин козгогон учурлар болгон.

Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мындай чараларды катардагы ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү аракети катары сыпаттап келет. Ташиев базар ээлери ижара акыларын төмөндөтүп, жакшы шарттарды түзбөсө, базарларды мамлекетке кайтарып аларын билдирген:

“Эгерде сатуучу базар ээлерине бир контейнер үчүн 200-300 миң сомдон төлөп аткан болсо, ошону жок эле дегенде эки эсе, же болбосо үч эсе арзандатышыбыз керек. Үч жүз миң сом ижара төлөп аткан сатуучу 100 миң сомдон төлөсө, ошол дагы ижарага берип аткан байга жетиштүү болот. Мына ушул жагын карашыбыз керек. Ар бир контейнерди биз номерлеп чыгышыбыз керек. Ар бир контейнер кимдики экенин билишибиз керек. Өздөрүнүн ижара акыларын азайтпаса, эл менен эсептешпей турган болсо, анда базарларды мамлекетке кайтарып алууга толук бойдон саясий эркибиз жетет”.

Декабрь-январь айларында Ош менен Бишкекте бир катар базарлардын жетекчилери менен жооптуу кызматкерлери камакка алынды. Алардын айрымдарына "мыйзамсыз жыйымдарды чогултуп турган" деген айып тагылууда.

Мындан тышкары, УКМК тарабынан “Туратали”, “Баткен” базарлары сыяктуу ири соода аянттары мамлекетке өткөнү тууралуу маалыматтар жарыяланган. Бирок аларды мамлекетке алуунун мыйзамдуу негиздери жана сот чечимдери ачык эмес.

Бирок базарлардагы жагдай көп деле өзгөргөн жок. Базар ээлери жердин ижарасын 20 пайыздан 50 пайызга чейин арзандатса да, соодагерлердин шартын жакшырта албады. Базардагы товарлар да арзандаган жок. “Азаттык” суроо салган бир катар ишкерлер мамлекеттин базардагы иштерге тыкыр кийлигишүүсү ишкер чөйрөнү кооптонууга кириптер кылганын билдирди.

“Дордой” базарында соода кылган Асылбек жана тигүү цехинин жетекчиси Нурзат соодагерлер кооптонуу менен иштеп жатканын ырастады:

“Ишкерлерди кысып атпайбы. Дүң соода кылгандардын айрымдары товарларын бул жакка койгондон коркуп, үйүнө алып барып басып жатат”, - деди Асылбек.

Ал эми Нурзат: “Бизге, жеңил өнөр жай тармагына алардын эч кандай пайдасы тийген жок. Биз аны байкайлы десек дагы, ижараны арзандатып бергени жумуш токтоп аткан кезге туура келди”, - деген ою менен бөлүштү.

Ал эми Дамира алдыдагы туңгуюктан улам ишкердиктен кеткен тааныштары бардыгын айтты.

“Сатып кеткендер да көп. Менин тааныштарымдан эле үчөө цехин сатып жатат. Себеби келечекти көрбөй атабыз дегендер да көп, туурасын айтыш керек”.

“Кыргыз соода биримдиги” уюмунун жетекчиси Анарбай Эргешов мамлекет жеке менчикти "басып алып жатат" деген пикирин билдирди:

“Менин менчик укугумду мамлекет зордоп эле алып коёбу? Билбейм, бул рейдерлик эмес, басмачылык болуп атат. Рейдерлик да жолдо калып жатат. Жөн эле барып, басмачылык кылып, кызмат абалынан пайдаланып эле тартып алып жатышат да”.

Базар экономикасынын шартында мамлекетте түз жана кыйыр түрдө кийлигишүү деген эки түрдүү роль болот. Кыйыр механизмдерге акча-кредит жана салык-бюджет саясатын жүргүзүү киргендиктен, кризистик учурларда, экономикада кандайдыр бир кыйынчылыктар пайда болгондо мамлекеттин ролу жогорулап турат. Базар механизмдери иштебей калган же натыйжасын көрсөтө албаган жагдайда мамлекеттик кийлигишүү болуп келген.

Декабрдын башында соода жайларынын ижара акысы жана салык боюнча “Дордой” базарынын соодагерлери митингге чыкканда, президент Садыр Жапаров бийликтин аракети карапайым ишкерлерге жакшы шарт түзүп берүүгө багытталганын билдирген. Президент салыктан качкан ири бизнесмендердин ишин иретке келтирип, казына менен эсептешүүгө мажбурлоо зарыл болуп турганын айткан:

“Мен силерди түшүнүп атам. Чыкканыңар үчүн силерди күнөөлөгөн жокмун. Өзүңөрдүн укугуңарды коргоп чыгышыңар керек. Биз контейнерде отуруп аткан силерге эмес, ошол 3000-5000 долларга чейин ижарага берип аткандарга “салык төлөгүлө” деп атабыз. Алар алат дагы чөнтөгүнө салып кетет, бүттү, бир тыйын салык жок. Силер азыр 4000-5000 сомдон, жылына 50-60 миң сомго патент алып атасыңар да. Биз ошону да жойгула деп атабыз. Ылдый жак, кедейлер байып алсын деп атабыз. Байлардан салык алалы деп атабыз”.

“Жеке менчик корголушу керек”

Кыргызстанда казынаны айланып өткөн көмүскө экономиканын үлүшү өтө чоң. Бейформал маалыматтарда анын көлөмү ички дүң өндүрүмгө карата 70 % чейин деп бааланат. Мындай маалыматты аткаминерлер өздөрү да көп оозанат. Бирок расмий статистикага келсек, көмүскө экономиканын деңгээли ИДӨгө карата 20% тегереги деп эсептелет. Улуттук статистика комитетинин маалыматын карасак, Кыргызстанда көмүскө жол менен жүргүзүлгөн экономиканын суммасы жылдан-жылга өсүп келет. Ал көбүнчө соода-сатыкта, транспорт жана курулуш жаатында кеңири жайылган.

Арийне, серепчилер арасында соңку учурларда мамлекет базар экономикасынын тартибин бузуп жатат деген пикирлер бар.

Экономикалык серепчи Эрлан Камалов ишкерлер арасында мыйзамды буйтап ашкере киреше табуу аракеттери болуп келгенин, ошого карабай өкмөттүн азыркы иш-аракеттери алардын экономикалык ишмердигин жөнгө салуучу убактылуу чаралар деп үмүттөнүп турганын билдирди:

“Биз мыйзамды сыйлаган мамлекет болгондон кийин, бул процесстердин бардыгы сөзсүз соттук чечимдер менен коштолушу керек. Ишкерлер дагы өзүнүн кызыкчылыктарын коргоп, тиешелүү сот органдарына кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ошол эле учурда кандайдыр бир деңгээлде контейнерлерге болгон баанын негизсиз көтөрүлгөн учурлары дагы болушу мүмкүн. Бул жагын монополияга каршы, атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча орган бар, ал ошонун баарын изилдеп чыгышы керек. Ижара акылары кээде негизсиз эле коюлуп калышы мүмкүн. Же болбосо контейнерлерди сатып алып, эч качан кирешесин мамлекет менен бөлүшпөй, ортодон ижара акысын алып эле, же жеке ишкер катары каттоодон өтпөй, салык төлөбөй жүргөн адамдардын катмары да чыгып атат да азыр. Ошондуктан алардын экономикалык ишмердигин жөнгө салуу, тартипке келтирүү үчүн жасалып аткан иш-чаралар го деп ойлойм азырынча. Бирок кандай болбосун, жеке менчик кол тийгис болуп эсептелет. Ал мыйзам менен корголуш керек”.

Мамлекеттин ашкере кийлигишүүсү ишкердин активдүүлүгүн төмөндөтөт

2023-жылы октябрда Улуттук коопсуздук кызматы бир катар курулуш компанияларынын жетекчилерин камакка алган. Алардын айрымдары атайын кызмат чегерген сумманы төлөп, эркиндикке чыкса, дагы бир тобу алигүнчө темир тор артында отурат.

KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов 10 батир жана бир коммерциялык имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп бергенден кийин тергөө абагынан чыккан. Кийин ал чет өлкөгө чыгып кетип, ал жактан атайын кызматтын өкүлдөрүнөн ага "басым болгонун" жарыялады. Мамлекеттен жооп катары анын компаниясын жоюп салышты.

Ошол кезде Кыргызстандагы ишкер чөйрөнүн олуттуу катмарынын башын бириктирген ЖИА ассоциациясы бийликке ачык кайрылуу жолдогон. Анда курулуш компанияларынын жетекчилери биринин артынан бири камалып жатышы өлкөдөгү ишкердик менен инвестициялык климатка таасири оор болору эскертилген.

ЖИА ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу базар экономикасында базар өзүн-өзү жөнгө саларын, мамлекет ага шарт түзүп берүүгө милдеттүү экендигин айтат. Ал кандай гана болбосун эрежелер так болушу зарыл деп эсептейт:

“Соңку мезгилде (өзгөчө акыркы бир жылда) мамлекеттин активдүүлүгү чындап байкалып атат. Жалпысынан, экиге бөлүп карасак болот. Эки учурда бизнесте кандайдыр бир кооптонуу болду, бизге да кайрылган учурлар катталды. Биринчиден, Салык кодексиндеги реформа болду. Муну чынында кооптонуу дебейм, муну ишкерлер түшүнбөй калды. Анткени 2021-жылы Салык кодекси биринчи жолу бизнес менен макулдашылбай туруп эле кабыл алынган. Өтө чоң каршылыктар болуп, натыйжада ал кодекс бир жыл иштебей турду. Анан кайрадан жумушчу топ түзүлүп, иштеп чыккандан кийин, 2022-жылы күчүнө кирди. Экинчи учур – ишкерлердин камалышы чындыгында кооптонууну жаратты. Анткени ошол учурда түшүнүксүз болуп жаткан. Курулуш компаниялары өзүнүн тармагында кайсы бир деңгээлде ийгиликтүү жана салыштырмалуу ачык-айкын иштеген компаниялар болчу. Биз бул боюнча дагы кайрылуу жасаганбыз. Бирок ага эч кандай жооп ала алган жокпуз”.

“Мамлекеттин колу узун болгондуктан, кайсы катмарга көбүрөөк кийлигишсе, ошол катмарда монополиялаштырууга алып барат” деген Аззамбек Жээнбай уулу базарлардын айланасындагы окуялар ишкер чөйрөнүн беделин түшүрүп, инвестициялык абалды туруксуздаштырат деп эсептейт:

“Кийлигишүү чындыгында байкалып атат. Кийлигишүү болбошу керек. Ошол эле базар ээлеринин жеңилдиктерди берип, аны коомчулукка ачык видеокайрылуу аркылуу таратканы, андан кийин ломбарддардын иши... Мисалы, видеокайрылуулар, “кара дүйнө” деле ошондой кайрылууларды жасабады беле, ошону менен бирдей деңгээлде каралып калгандай болду. Эрежелерди так сактап, жасалып аткан иштерди коомчулукка жарыя кылбай деле жүргүзө берсе болчу. Бул, албетте, ички жана сырттан келе турган ишкерлер үчүн тынчсызданууну жаратат экен. Өз ыктыяры менен бизнестерин, базардагы жайларын өткөрүп берип атат. Булар ыктыярдуу болуш ыктымалдыгы өтө төмөн. Рынокто ачык атаандаштык болуш керек, атаандаштык өзү бааны төмөн түшүрөт. Буга мамлекеттин кийлигишип атканы чынында базар экономикасынын принциптерине каршы келет”.

“Мамлекеттик монополиянын кесепети оор болот”

2023-жылы апрель айында Кыргызстандагы ири бизнес холдингдердин бири болгон “Аю” компаниясынын арак чыгарган эки заводунун мамлекетке өтүшү да кызуу талкууга түшкөн. Бир топ мезгилден бери укук коргоо органдары жана текшерүү мекемелери иликтеп келген Шаршенбек Абдыкеримовдун компаниясы акыры заводун мамлекетке “өз ыктыяры” менен өткөрүп бергенин жарыялаган. Бирок коомдо бизнес империясын ондогон жылдар бою өнүктүрүп келген ишкердин мындай жоомарттыгына ишенбөөчүлүк сакталып кала берди.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соңку кездери Кыргызстан либералдуу экономикадан кетип, мамлекет өзү базардын бир катышуучусу болуп калганын айтат. Ал базар субъектисинин функцияларын өзүнө ыйгарып алып, теңдешсиз кудурети менен бизнестин ишмердигине бүлүк салуунун кесепети жаман болорун белгилейт:

“Бир топ эле тармакта мамлекеттик монополдоштуруу болуп жатат. Мисалы, ошол эле дарыларды сатуу, китеп сатуу, спирт сатуу монополдошуп калбадыбы. Бул рыноктогу атаандаштыкка терс таасир этет. Себеби бизде салыкты ким төлөйт? Ишкерлер төлөйт да. Ошон үчүн ишкерлер аз болсо, экономикага өтө терс таасирин тийгизет. Мамлекет, албетте, азыр монополдоштуруп атат. Бирок биз анын терс таасирин келечекте көрөбүз. Мисалы, китеп басуу боюнча, мүмкүн, туура эледир, бирок азырынча туура. Кийинкиде биз жеке менчик типографияларга да уруксатты беришибиз керек. Ошол монополдоштуруу аркылуу бир топ эле көйгөйлөр чыгып калды. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган мектептерге китептерди мамлекеттик типография чыгара албайт экен. Алкоголду алсак, биздин арактын сапаты өтө начар, кымбат болуп, аткезчилик көбөйүп кетти. Бул ушундай терс таасирлер, буларды мисал катары айтып атам. Азыр мына “мамлекеттик базарлар болот” деп айтып атышат. Мүмкүн, башталышында сонун болор, бааларга жакшы таасир тийгизер. Бирок келечекте бул өтө жаман нерсе”.

2022-жылы дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнгөн. Ал суммага Айыл чарба министрлиги Өзбекстандан жер семирткичтерди түз сатып келип, дыйкандарга сатмак. Өкмөттүн ишениминде мамлекет дүңүнөн импорттоп келген товар жеке компаниялардыкынан арзанга түшүп, дыйкандар үчүн жагымдуу шарттар түзүлмөк. Арийне, күткөндөй болбой, өкмөт алып келген жер семирткичтер базардагыдан бир кыйла кымбат болуп, натыйжада сатылбай калган. Тармактагы компаниялар менен дыйкандар өкмөттүн мындай ишине нааразы болуп, базардын агымына кийлигишүү чыныгы атаандаштыктын принциптерин бузат деп айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG