Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:52

ККМге каршылык: Салыктан качуубу же кошумча түйшүкпү?


ККМге каршылык: Салыктан качуубу же кошумча түйшүкпү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:15 0:00

ККМге каршылык: Салыктан качуубу же кошумча түйшүкпү?

Кыргызстандагы ири базарлардагы соодагерлердин көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясы 4-декабрда да уланды. Бул күнү Бишкекте жана Токмокто ишкерлер патент системасын калтырууну талап кылып чыгышты. Ал арада өкмөт Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизип жатканы белгилүү болду.

Бишкектеги жана аймактардагы базарлардын сатуучуларынын ККМге каршы нааразылык митингдери өткөн жумада башталып, айрым соодагерлер иш да таштаган.

"Дордой Моторс" да акцияга чыкты

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” базардын кесиптик бирикмесинин башчысы билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ишкерлер өкмөттөн патент системасын калтырып, ККМди жокко чыгаруу талабын коюп иш ташташты. "Алар патент, патент" деп кыйкырып турушту.

"ККМ системасы бизге ыңгайсыз, аны менен иштей албайбыз. Бизге патент системасын калтырып беришсин же башкача бирдиктүү салык киргизип беришсин. Биз салык төлөөдөн качкан жокпуз, өмүр бою эле салык төлөп келе жатабыз. 100 сомго бир тамеки сатып, бирок аны ККМден өткөрбөй койсок, аны Салык кызматы көрүп калса, 13 миң сом айып пул салат экен. Экинчи жолкусунда 26 миң, үчүнчүсүндө дагы өсөт экен", - деди нааразылыкка чыккан соодагерлердин бири.

Алар менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолугушту. Ал чогулган ишкерлердин алдында сүйлөп жатып, койгон талаптар эске алына турганын айтты:

"Азыр бул жакка чыгып кыйкырып-бакыргандан эч кандай маселе чечилбейт. Маселени чече турган жер бар. Араңардан 5-10 киши, 15 киши болсо, 15 кишини кошуп берсеңиздер. Ушул жерде суукта турбастан, айтылган талаптарды ошол жерде кеңири сүйлөшөбүз. Биз кечээ да чогулганбыз базарлардын башчылары менен. Биз сиздердин үндү жетекчиликке туура жеткиргенге даярбыз. Эки – үч күндөн бери болгон кемчиликтерди да эске алып жатабыз".

Көбүнчө жашылча-жемиш, азык-түлүк жана автоунаанын тетиктерин саткан “Дордой Моторс” базарында 2000дей киши иштейт.

Токмоктогу соодагерлердин талабы

4-декабрда Токмок шаарындагы “Булак” базарынын соодагерлери да ККМге каршы чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Шаардын мэри Максат Нусувалиев “Азаттыкка” Токмокто төрт базар бар экенин, анда иштеген ишкерлерге ККМ, жаңы салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын жана эч ким иш таштабаганын маалымдады:

“ККМди колдогондор, каршы чыккандар да бар экен. Эл ККМ системасын туура эмес түшүнүп жатат. Ошондуктан биз соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Митинг болгон жок. Биз маалымат жеткирип жатабыз”, - деди Нусувалиев.

"Азаттыктын" студиясындагы талкуу. 4-декабрь, 2023-жыл

Кыргызстанда өткөн жумада да базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түзгөн.

Өкмөт текшерүүгө мораторий киргизет

Ал арада өкмөт Кыргызстанда соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизери белгилүү болду.

Бул тууралуу 4-декабрда “Азаттыкка” Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим Бишкектеги жана башка аймактардагы чоң базарлардын соодегерлеринин Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы нааразылык акцияларын иликтөө үчүн президент Садыр Жапаров түзгөн жумушчу комиссиянын жыйынында кабыл алынды:

“Жарым жыл түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөт. Эл жаңы системага көнүп, үйрөнгүчө эч кандай айып пул салынбайт. Текшерүү да болбойт. Жогорку жетекчилер бул убакытта жетишпесе, мораторий дагы узартыларын айтып жатат. Бул базарларда жана жалпы эле соода тармагында иштегендерге тиешелүү”, - деди Исламбек Кыдыргычов.

Ал андан тышкары 30 миң Көзөмөл-кассалык машинелерди сатып алып, ишкерлерге бекер таратып берүү тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

2-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соода түзүмдөрүнүн, ири базарлардын, соодагерлердин кесиптик кошуундарынын өкүлдөрү жана мамлекеттик жооптуу органдардын кызматкерлеринин катышуусунда чукул жыйын өткөргөн.

Акылбек Жапаров салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүктөр бар экенин, буга соодагерлерде маалыматтын жетишсиздиги негиз берип жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы мына ушундан пайдаланган белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүп жатканын кошумчалаган:

"Базар экономикасынын жана капиталды алгачкы топтоо доору өтүп жатат. Мамлекет азыр эл үчүн иштейт, колунда барлардын жана коомду паракорлоштуруп, жазасыз калган “тар топтун” кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Өкмөттүн бардык кирешелери кимдир бирөөнүн жеке чөнтөгүнө эмес, жаңы инфраструктураны курууга жана жарандардын жашоосун жакшыртууга жумшаларын көрүп турган элдин бийликке ишеними күчтүү. Биз жакырчылык менен күрөшөбүз жана бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз. Байлар дагы да байып, кедейлер кедей болуп кете берүүсү мүмкүн эмес. Биз үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеген бардык чынчыл адамдарды коргойбуз жана жардам беребиз. Биз алар тараптабыз", - деген Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.
Бийлик өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга соңку бир-эки жылдан бери милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу быйыл жыл башында Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.
ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ болуп саналат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG