Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

"Ал-Каиданы" кыргыздар толуктап жатабы?


Азыр "ал-Каиданын" курамына кирген делип жаткан Өзбекстан ислам кыймылындагы командирлердин бири, кийинчерээк Ооганстандагы чабуулдарда өлтүрүлгөн кыргызстандык Аббос Мансур. (Качан, кай жерде тартылганы белгисиз.)
Азыр "ал-Каиданын" курамына кирген делип жаткан Өзбекстан ислам кыймылындагы командирлердин бири, кийинчерээк Ооганстандагы чабуулдарда өлтүрүлгөн кыргызстандык Аббос Мансур. (Качан, кай жерде тартылганы белгисиз.)

Ооганстандагы 2014-жылдан кийинки кырдаалды талкуулаган Бишкектеги жыйында террордук "ал-Каида" уюмунун катарындагы кыргызстандыктардын саны эки жүзгө жетип калганы айтылды.

“2014-жылдагы Ооганстан жана Борбор Азия: аймак коопсуздугунда ЖККУнун ролу” аттуу талкууга Коргоо кеңешинин мүчөлөрү, депутаттар жана эксперттер катышып, коалициялык күчтөрдүн аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки Борбор Азиядагы коопсуздук талкууга алынды.

"Ал-Каида" Кыргызстанга кирип келиши мүмкүнбү?

Жыйында Кыргызстан терроризмге өзү жалгыз туруштук бере албасын айткан вице-премьер-министр Токон Мамытов бул жаатта ЖККУ биргеликте көп иштерди жасашы керектигине токтолду. Анын айтымында, Ооганстандан антитеррордук блоктун аскерлери чыга турган болсо, “ал-Каида” Кыргызстанга Тажикстан аркылуу кирип келиши мүмкүн жана ал уюмда кыргызстандыктардын саны да жыл санап арбып барат.

- Өзбекстан ислам кыймылы (ИДУ) менен Чыгыш Түркстан кыймылы биригип алып, чечен, тажик, өзбек, кыргыз жамааты болуп бөлүнүшөт. Мунун баары “ал-Каида” деген террордук уюмга биригип алышты. Маалыматтар боюнча, ошол уюмда мурда 20-30 эле кыргызстандык болсо, азыр алардын саны 200гө жеткени айтылууда.

Сириядагы казакстандык жихадчылар
Сириядагы казакстандык жихадчылар
Мамытов Ооганстандагы маңзат соодасынын көлөмү өсүп жатканына басым жасады.

- Ооганстанга коалициялык күчтөрдүн киргенине 10 жылдан ашып калды. Ошентсе да наркобизнес өсүп жатат. Маңзат жүгүртүү бери дегенде эле 7-8 эсе өстү. Бул дагы биз үчүн олуттуу коркунуч жаратат.


Сирияга кеткендер да кооптондурууда


Борбор Азиянын коопсуздугу Ооганстанда боло турчу келерки жылдын апрелиндеги президенттик шайлоого да көз каранды. Мындай пикирин эл аралык маселелер боюнча талдоочу Эмил Жураев “Азаттыкка” билдирди.

- Эгер президенттик шайлоодо Талибан кыймылы сыяктуу уюмдар бийликке келип кала турган болсо кырдаал курчуп кетет. Анткени Ооганстанда саясий Талибан сыяктуу бийликке умтулган көптөгөн деструктивдүү күчтөр бар. Эгер алар шайлоодон жеңип чыгышса, Ооганстандагы жана анын тегерегиндеги өлкөлөрдүн бейпилдиги үчүн коркунуч туудурат.

Ооган Баш мыйзамына ылайык, азыркы президент Хамид Карзай апрелдеги шайлоого катыша албайт.

Дин таануучу Бакыт Мурзараимовдун пикиринде, 2014-жылдан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга радикалдуу диний күчтөр тарабынан коркунуч туулат.

"Эркин Сирия" армиясынын жоокерлери. 23-июль, 2013-жыл
"Эркин Сирия" армиясынын жоокерлери. 23-июль, 2013-жыл
Мурзараимов коркунуч Сирияга кеткен кыргызстандык согушкерлер тарабынан да болушу мүмкүн деген ойдо.

- Американын аскерлери Ооганстандан чыгып кеткиче Кыргызстандагы диний уюмдарды тескеп алышыбыз керек. Анткени Орто Азияда, Кыргызстанда жүргөн радикалдык уюмдар ал жактагы уюмдар менен биригип, коркунуч жаратат. Сирияга жөн эле жөнөп калышкан жок да. Террордук уюмдар бири-бири менен тыгыз байланышат.

Азыр Ооганстанда эл аралык күчтөрдүн 87 миң колу бар. Анын 52 миңи АКШга карайт. Кыргызстан быйыл ЖККУ төрагалыгын өткөрүп берди. Адистер бул уюмга кирген өлкөлөр терроризмге, диний экстремизмге жана маңзат жүгүртүүгө бирге каршы турбаса, ар бир өлкө өз-өзүнчө “ал-Каида” алдында алсыз экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG