Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:32

Ирак бир жыныстуу мамиле үчүн абакка кесүү мыйзамын кабыл алды


Ирак парламентт, Багдад, 5-январь, 2020
Ирак парламентт, Багдад, 5-январь, 2020

Ирак парламенти бир жыныстуу адамдардын мамилесин жазалай турган мыйзам кабыл алды. Ага ылайык, ЛГБТ (лесбиянка, гей, бисексуал, трансгендерлер) өкүлдөрү 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Документте өтө эле аялдарга окшош, назик эркектерге "гендердик шайкеш келбегендик" үчүн дагы жаза каралган. Трансгендерлер, ошондой эле жынысын алмаштырууга жардам берген дарыгерлер үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мыйзамдын максаты “ирак коомун адеп-ахлактык бузулуудан жана дүйнөнү каптаган гомосексуализмге чакырыктардан коргоо” деп жазды Reuters агенттиги. Мыйзам долбоорун биринчи кезекте өлкөнүн парламентинде көпчүлүктү түзгөн консервативдүү шиит партиялары колдоду. Мыйзам долбоорунун баштапкы вариантында бачабаздарды өлүм жазасына тартуу каралып, бирок талкууда жазаны жумшартуу чечими кабыл алынган.

Буга чейин Иракта гомосексуализм түздөн - түз кылмыш катары саналган эмес, бирок ЛГБТ өкүлдөрүнө карата коомдук адеп-ахлакка шек келтирген көптөгөн беренелер колдонулган. Гомосексуалдар да көбүнчө жеке адамдар же куралдуу топтор тарабынан уруп-сабоолордун, зордуктоолордун жана киши өлтүрүүлөрдүн курмандыгы болушат. Мындай кылмыштар көбүнчө жазасыз калат.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму бул мыйзамды негизги адам укуктарына олуттуу сокку деп атап, Ирак ЛГБТ адамдары дуушар болгон зордук-зомбулукту жана дискриминацияны мыйзамдаштырды деп билдирди. Мыйзамды АКШнын Мамлекеттик департаменти да айыптады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG