Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

"Ал-Каида" келатабы?


Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен чек ара тилкесинде “ал-Каида” террорчул уюмуна таандык саны 70ке чукул согушкердин тобу байкалган.

Бул тууралуу “Азаттык” үналгысынын Тажик кызматы Ооганстандын Бадахшан провинциясынын полиция башчылыгына шилтеме кылып маалымат таратты.

Маалыматта аталган куралдуу топтун Тажикстан аркылуу калган Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагына кирүү коркунучу бар экендиги эскертилген. Бул боюнча Тажикстандын расмий бийлиги үн ката элек.

Кыргызстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасында чындыгында эле куралдуу топтун пайда болгондугу тууралуу маалымат бар экендигин тастыктады.

Согушкерлердин суук максаты

Жергиликтүү полицияга таянган маалымат боюнча Ооганстандын Бадахшан провинциясында Тажикстандын, Өзбекстандын, Кыргызстандын, Пакистандын жана Орусиянын чечен тектүү жарандарынан түзүлгөн куралдуу топ пайда болду.

“Ал-Каида” террорчул уюмуна таандык деп шектелген ал согушкерлер алгач Тажикстанга, андан соң Борбор Азиянын калган мамлекеттеринин аймагына өтүшү мүмкүн экендиги белгиленген. Учурда бул боюнча Тажикстандын күч түзүмдөрү расмий билдирүү жасаша элек.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурлан Токталиев чынында эле ооган-тажик чек арасында белгисиз бир куралдуу топтордун чогулуп жаткандыгы боюнча ыкчам маалыматтар бар экендигин белгиледи:

- Мына ошол чек ара тилкесинде террорчул топтордун айрым бир отряддары топтолуп жатканы боюнча биздин Улуттук коопздук боюнча мамлекеттик комитеттнде жана КМШга кирген башка өнөктөш өлкөлөрдүн атайын кызматтарында ыкчам маалыматтар бар. Мына ошондуктан ошол аймактагы абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Кандай гана аракеттер болбосун анын алдын алууга күч түзүмдөрү даяр.

Аталган согушкерлер тобу Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясынын Хахан жана Дарваз аймагына жакын тоолордун арасында жашыруун топтолуп жатканы байкалган. Аталган райондор эки өлкөнү бөлүп турган Пяндж дарыясынын сол жээгинде жайгашкан.

Азырынча ал куралдуу топтун анык максаты жана койгон талаптары белгисиз. Бирок бейрасмий маалымат боюнча бул чогулуу өткөн айда Тажикстандын Хорог шаарында болгон кандуу окуяга байланыштуу болушу мүмкүн.

Борбор Азия сыналууда

Бирок ал куралдуу топ чек араны бузуп өтүп, суук түшөр маалда бүлүк салууга батына албайт дешет аймактагы абалдан кабары бар адистер. Анткен менен өзүнүн ысымы белгисиз калуусун каалаган ардагер-чалгынчы муну аймактагы абалды курчутууга кызыкдар күчтөрдүн кезектеги аракети катары мүнөздөдү:

- Кийинки кездеги Тажикстандагы абалдын курчушу, өткөндөгү Хорогдогу окуялардын түпкү төркүнү да ошого байланыштуу. Ошол учурда жабыркаган тарап өзүнүн Ооганстандагы башка өнөктөштөрүнөн жардам сурашы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Буга башка бир таасирдеги күчтөр да аралашып кеткендиги байкалат. Ошондуктан чиеленишкен шарттагы бул кырдаал кандай жагына өзгөрүшүн айтуу чынында кыйын.

Хорогдогу операциядан кийин согушкерлерден чогултулган курал-жарак
Хорогдогу операциядан кийин согушкерлерден чогултулган курал-жарак
Ошол эле кезде Борбор Азия аймагындагы коопсуздук боюнча айрым эксперттер согушкерлердин ооган-тажик чек арасында топтолгондугу тастыкталса, анда ал бир эле Тажикстандын Хорог маселесине байланыштуу болбойт деп эсептешет.

“Чыгыш-Батыш стратегиясы” аналитикалык борборунун жетекчиси Дмитрий Орлов мындай аракеттер Борбор Азия лидерлери баш бириктирбесе, анда тышкы күчтөрдүн басымында калаарын каңкуулайт деген ойдо:

- Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары биригип, мындай коркунучтарды алдын албаса аймактагы абал татаалдашып кетет. Анткени согушкерлер жөндөн-жөн эле топтоло бербейт. Демек аларга кайсы бир кызыкдар тараптар багыт берип жатат. Мисалы, бул алгач Борбор Азиядагы кайсы бир мамлекетке басым көрсөтүш үчүн жасалышы мүмкүн. Анан барып, калгандарын дагы ушундай жол менен чөгөлөтүүгө аракет кылышат. Чек арада чын эле согушкерлер топтолуп, ордунан жылбай турса, демек бул кимдир бирөөнү коркутуш үчүн керек. Бул атактуу атайын кызматтардын абалды сынап көргүсү келген “оюну” болушу ыктымал. Анткени дүйнөдө алардын көзөмөлүсүз калган террорчул топтор жокко эсе.

Тажикстандын Бадахшан автоном облусунда август айында болгон окуялардан улам, Кыргызстандын чек-ара аскерлиги аймак менен чектешкен тилкелерде чек ара көзөмөлүн мурда эле күчөткөн болчу.

XS
SM
MD
LG