Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Багыт - Бажы биримдигине карай


Бажы биримдигине арналган азил сүрөт. Казак карикатуристи Сабит Курманбековдун тарткан сүрөтү. Алматы, 17-май, 2012.
Бажы биримдигине арналган азил сүрөт. Казак карикатуристи Сабит Курманбековдун тарткан сүрөтү. Алматы, 17-май, 2012.

Кыргызстан 2014-жылдан тарта Бажы биримдигине кирүүнү көздөп жатканы белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети келерки жылдын бюджет долбоорун карай баштады. Өкмөт башчы катышкан жыйында келерки жылы Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даярданып, 2014-жылдан баштап ага кирүүнү көздөп жатканы маалым болду.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин 3-декабрда парламенттин бюджет жана финансы комитетинде билдирүүсүнө караганда, келерки жылы ички дүң өнүм 7% өсүш бериши күтүлөт. Ал эми инфляция 8% болот. Бирок Улуттук банктын төрайымы Зина Асанкожоева 2013-жылы инфляция 10-11% болуп кетиш мүмкүндүгүн болжойт.

Өкмөт өсүштү Жамгыр, Иштамберди, Терек-Сай, Кумтөр жана башка алтын кендеринин иштеши, "Интергласс", Айдаркен сымап комбинаты жана башка ири ишканалардын толук кандуу иштей башташы менен камсыздоону көздөп жатат.
Бирок быйылкы жылдын кандай аякташы боюнча өкмөттө бир жактуу эсеп болбой турат. 11 айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүм - 2.6% төмөндөгөн. Темир Сариевдин айтымында, өкмөт акыркы айда төмөндөөнү токтотуп, жылды 1,8 пайызга чейин өсүш менен аяктоого аракеттенип жатат.

Келерки жылы өкмөт Орусия, Казакстан жана Беларус түзгөн Бажы биримдигине кирүүнүн үстүндө иштейт. Ал тууралуу Сариев буларды билдирди:

- Биз азыр Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча коллегия түзүп, жол картасын иштеп чыгып, аны макулдашып, 2013-жыл ичинде бардык маселелерди талкуулайбыз. 2014-жылдан тарта Бажы биримдигинин толук кандуу мүчөсү болобуз деген өкмөттүн планы бар.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн оң жана терс жагдайлары бар экенин белгилеп, биздин товарлар арзан жана сапаттуу болгондо Бажы биримдигинде жеңил болорун атады.

Алдыдагы реформаларга токтолгон Сатыбалдиев административдик реформа биринчи кезекте экенин атады:

- Азыр эң биринчи административдик реформаны жасашыбыз керек. Айыл өкмөтү эмнеге жооп бериш керек? Райондун бийлиги, облустун бийлиги, анан борбордук бийлик эмнеге жооп бериш керек? Ушуга биз так жооп бермейинче биздин жасап жаткан реформаларыбыздын жыйынтыгы эч качан чыкпайт.

Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, быйылкы жылы бюджетин аткарууда оорчулук бар. Ошондуктан аны кыскартуу сунушталууда. Мына ушундай абалга карабай айлык акылар толук төлөнөт:

- Бирок ошого карабастан биз бардык бюджеттик мекемелердин айлык акыларын, пенсия, пособияларды төлөп берүүгө милдеткербиз. Аны аткарабыз.

Өкмөт башчынын айтымында, буга каражат бар. Бирок өнүгүүгө каражат жок болуп жатат. Ал ошондой эле министрликтердин чыгашасын дыкат иликтеп, ыксыз, көзөмөлсүз чыгымдарды кыскартууну жактады.

Өкмөт келерки жылы бюджеттин кирешесин негизинен бажы жана салык төлөмдөрүнөн толтурууну көздөп жатат. Маселен, Бажы кызматы келерки жылы 36 млрд. 670 сом топтойт. Бул өткөн жылга салыштымарлуу 5 млрд. 600 млн. сомго көп.

Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиевдин сөзү боюнча, 2013-жылы 39 млрд. 946 млн. сом салык жыйналат. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 4 млрд. 113 млн. сомго көп.

Бажы жана салык төлөмдөрүнүн өлчөмү көбөйгөнгө карабай, келерки жылы бюджет тартыштыгы 17 млрд. сомдон ашуун болуп жатат.

Талкуунун жүрүшүндө бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков бюджеттин кирешесин 1 млрд. 500 млн. сомго көбөйтүүнү сунуштап, анын булактарын атап берди. Бирок өкмөт башчы ага макул болбой, 1 млрд. 100 млн. сомго көтөрүүгө гана макул болду. Өкмөт башчы кирешени негизсиз көбөйтө берүү бюджет тартыштыгын ого бетер көбөйтөөрүн эскертти.

Бул маселе эми эксперттердин катышуусу менен дагы бир ирет каралмак болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG