Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Зеленский Орусия чабуулдарын күчөтөрүн эскертти


 Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Орусиянын Украинага согуш ачканына дээрлик жарым жылга аяк басты. Орус армиясы Днепропетровск облусунун, Донецк районунун айыл-кыштактарына артиллериялык сокку урууну улантууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул апта украин эли үчүн маанилүү экенин белгилеп, 24-август – Украинанын эгемендик майрамынын алдында Орусиянын күчтөрү чабуулдарын күчөтөрүн айтты. Ошондой эле Мариуполдо туткунга түшкөн украин аскерлеринин үстүнөн сот башталышы күтүлүп жатканын, эгерде ал ишке ашса, мындан ары Киев Москва менен сүйлөшүүсүнө чекит коёрун эскертти.

Орусиянын армиясы басып алган Луганск облусунан Донецк районунун Бахмут шаарына акырындык менен жылып баратат. Ушул күндөрү шаардын аймагына утур-утур артиллериялык сокку урулууда. Бахмуттун тургуну Валентинанын үйүнө 21-августка караган түнү снаряд тийген.

Валентина.
Валентина.

“Түнкү саат экиде беш снаряддын жарылганын уктук. Бешинчи снаряд биздин чатырга тийди. Анын чачырандысынан уктоочу жана дагы бир бөлмө жабыркады. Батирден баш-аягы снаряддын 15 сыныгын таптык. Алардын узундугу беш сантиметрге жетет, кичине-чоң сыныктар чачыраптыр”.

Бахмут шаарында согушка чейин 70 миңдей адам жашачу. Алардын көбү чыгып кеткени менен, үй-жайын таштабагандар да бар. Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 22-августка карата билдирүүсүндө Орусиянын артиллериялык чабуулунан конуштар талкаланып, бир нече киши мерт болгону айтылат.

“Абал салыштырмалуу туруктуу, бирок ошол эле учурда оор деп айтсак болот. Биздин аскерлер жакшы туруштук берип атышат. Бирок Орусиянын армиясынын артиллериялык системалары басымдуулук кылып атканын көрүүдөбүз. Ошондуктан биз тарапта жоготуулар да болууда”, - деди жергиликтүү дарыгер Вадим.

Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Валентин Резниченко билдиргендей, 22-августка караган түнү орус армиясы Никополь, Кривой Рог жана Синельниковский облустарына сокку урду. Маалыматка караганда “Град” ракеталык системасынан атылган снаряддардын 42си Никополдогу турак жайларга тийген. Андан төрт киши жараат алып, экөө ооруканага жаткырылды. 2000дей киши жарыксыз калды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-август – Украинанын эгемендик майрамынын алдында Орусиянын күчтөрү чабуулдарын күчөтөрүн эскертип, аскерлерди жана калкты ошого даяр болууга чакырды.

“Биз ушул аптада Орусия өзгөчө бир каранасатай, өтө жаман бирдемелерди жасай турганын аңдашыбыз керек. Душманыбыз ушундай экен. Бирок жарым жылдан бери ар аптада Орусия ушундай эле таш боордук менен карасанатай нерселерди жасап келатат. Душмандын эң башкы милдети – биздин, украиналыктардын, баатырларыбыздын мүмкүнчүлүктөрүн азайтып, коркутуу, чыр-чатак чыгаруу. Ошондуктан бир да мүнөт алсыздыгыбызды көрсөтпөйлү, душмандын басымына алдырбайлы”.

Ал тапта Мариуполдо туткунга түшкөн украин аскерлеринин үстүнөн сот башталары белгилүү болду. Президент Зеленский эгерде Мариуполдо сот процесси өтсө, Киев менен Москванын сүйлөшүүсүнө чекит коюларын эскертти. Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атаган жикчил түзүмдөрдүн лидери Денис Пушилин Зеленскийдин билдирүүлөрү “сот ишине” таасирин тийгизбей турганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG