Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Запорожье: орусиячыл бийлик "референдум" өткөрүүгө бел байлады


Запорожье, Украина. 29-март, 2022-жыл
Запорожье, Украина. 29-март, 2022-жыл

Запорожье облусунун Москва дайындаган башчысы Орусиянын курамына кирүү жөнүндөгү «референдум» өткөрүү буйругуна кол койду. Украин президенти Владимир Зеленский убактылуу оккупацияланган аймактарда андай өнөктүк өтө турган болсо, Киев Москва менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөйт деп эскерткен.

Орусиянын көзөмөлүндөгү облустун башчысы Евгений Балицкий сөз болгон буйрукка Мелитополдо “Орусия менен биргебиз” деген кыймылдын иш-чарасында, 8-августта кол койду.

Бир күн мурда украин президенти Владимир Зеленский убактылуу оккупацияланган аймактарда Орусияга кошулуу тууралуу “референдум” делген өнөктүк өтө турган болсо, Киев Москва менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөйт деп эскерткен:

"Мамлекетибиздин позициясы өзгөргөн жок: бизге таандык болгон эч нерседен баш тартпайбыз. Баскынчылар псевдо референдумдарды уюштурса, Украина жана эркин дүйнө менен сүйлөшүү жүргүзүүнүн эч кандай мүмкүнчүлүгү калбайт. Орус тарап эртедир-кечтир сүйлөшүүлөргө муктаж болот".

Орусиянын баскынчылыгына каршы демонстрация. Запорожье облусу, Мелитополь. 7-март, 2022-жыл
Орусиянын баскынчылыгына каршы демонстрация. Запорожье облусу, Мелитополь. 7-март, 2022-жыл

Украинага жок жерден согуш ачкандан бери Орусия кошуна өлкөнүн Луганск облусун дээрлик толугу менен басып алды жана Донецк, Херсон, Запорожье облустарынын ири бөлүгүн көзөмөлдөп калды. Ал жерлердеги оккупациялык бийликтер “референдумдарга” камданып жатышканын бир нече жолу билдиришкен. Москванын планы боюнча “добуш берүү” сентябрда уюштурулмакчы.

Буга чейин АКШ администрациясынын расмий өкүлү Вашингтон Орусиянын украин аймагынын бир бөлүгүн аннексиялап алуу планына байкоо салып жатканын айтып, андай аракеттер Москва үчүн кесепетсиз калбайт деп эскерткен.

Украин лидеринин билдирүүсүн комментарийлеген Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Зеленский орус жарандарына же жетекчилигине кайрылбашы керек эле, референдум өткөрүү Орусиянын астындагы жерлердин жашоочуларынын каалоосу" деп айтты. Песков ошондой эле эки президенттин жолугушуусу үчүн пайдубалдын жоктугуна басым жасады:

"Президенттер Путин менен Зеленскийдин жогорку деңгээлдеги кездешүүсү делегациялардын даярдык иштеринен кийин гана мүмкүн. Бул элементти да көргөн жокпуз. Эрдоган мырза айткан жолугушуу үчүн эч кандай өбөлгө жок".

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өткөн аптанын соңунда Сочидеги сапары маалында эки мамлекет башчынын сүйлөшүүсүнө арачы түшүүнү сунуш кылган.

Орусия Украинага кол салгандан бери тараптардын өкүлдөрү согуштук аракеттерди токтотуунун шарттарын талкуулоо үчүн бир нече жолу кездешкени менен, майнап чыккан эмес. Акыркысы мартта Стамбулда болгон.

Киев орус аскерлери 24-февралга чейинки позицияларына кайтууга тийиш деген шарт коюп келатат. Орусия болсо басып алган аймактардан эч качан кетпесин кайталоодо.

Ал арада украин аскерлери дүйшөмбүгө караган түнү Мелитополдо HIMARS системаларынан орус аскерлери жайгашкан өнөр жай объектилерине сокку урганын мэр Иван Федеров билдирди. Украин бийлиги “көп сандагы” аскердик техника жок кылынганын, 100дөн ашуун орус аскери мерт кеткенин айтууда. Орусия жоготуулар тууралуу маалыматты комментарийлеген жок.

Жекшембиде орус Коргоо министрлиги Николаев облусунда НАТО Украинага жиберген 45 миң тонна ок-дары сакталган арсенал жок кылынганын билдирди. Министрликтин өкүлү ошондой эле Донецкиде украин армиясынын аскердик командачылыгынын постуна, курал-жарак кампаларына соку урулганын кошумчалады. Украин тарап бул маалыматтарды тастыктай элек.

Антонов көпүрөсү украин аскрелеринин соккусунан кийин. Херсон облусу, Украина. 20-июль, 2022-жыл
Антонов көпүрөсү украин аскрелеринин соккусунан кийин. Херсон облусу, Украина. 20-июль, 2022-жыл

Херсон облусунун оккупациялык администрациясынын жетекчи орун басары Кирилл Стремоусов 8-августка караган түнү Антонов көпүрөсүнө сокку урулганын, ал жерди буга чейинки аткылоолордон оңдоп жаткан жумушчулардын техникасы күйүп кеткенин жарыялады.

Июлдун этегинде украин жоокерлери Днепр дарыясындагы көпүрөнү аткылаганда, жол жүк ташыган машинелер үчүн убактылуу жабылган.

25 метрлик көпүрөнү орус аскерлери көзөмөлдөп, аны менен дарыянын оң жээгиндеги аскерлерин камсыздап турат. Көпүрө талкаланса, орус аскерлери байланышсыз калат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG