Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

"Оккупацияланган жерде туубуз кайра желбирейт". Украинадагы Туу күнү


Украинанын желегин көтөргөн жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын желегин көтөргөн жоокер. Иллюстрациялык сүрөт.

Украина Орусия жаңы чабуулдарды жасайт деген кооптонуунун фонунда Мамлекеттик туу күнүн белгиледи. Кошмо Штаттардын чалгын кызматы Украинанын Туу күнүндө жана Эгемендик күнүндө орус аскерлери инфратүзүмдөргө ракеталык сокку урарын эскерткен.

Украин президенти "Орусия басып алган аймактарга кайрадан көк-сары желегибиз орнотулат" деп убада кылды.

“Көк-сары желекти кайра орнотобуз”

Украинананын бул жолку Туу күнү жарым жылга созулган согушка туш келди. 23-августта Киевдеги атайын мемориалдык комплексте өлкөдөгү эң чоң туу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

“Украинанын убактылуу оккупацияланган бардык шаарларында жана айылдарында биздин көк-сары туубуз кайрадан желбирейт. Алар убактылуу гана басып алган. Желегибиз түбөлүккө желбирейт. Мелитополдо Жеңиш аянтында орнойт. Анда жеңилгендердин желеги болбойт. Херсондо Эркиндик аянтына илинет. Анда эркиндик дегенди билбегендердин желеги турбашы керек. Крымда да кайрадан биздин көк-сары желегибиз желбирейт”, – деди аземде украин президенти Владимир Зеленский.

Президент Зеленский мурдагы билдирүүлөрүндө Орусия ушул убакка чейин Украинанын 20% аймагын басып алганын айткан. Оккупацияланган көпчүлүк жерлерде Орусиянын желеги илинген.

Мемориалдык комплекске илинген украин туусу. 23-август, 2022-жыл.
Мемориалдык комплекске илинген украин туусу. 23-август, 2022-жыл.

Украина мамлекеттик Туу күнүнөн сырткары 24-августта Эгемендик майрамын да белгилегени жатат. Буга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Бийлик калкка Орусия жаңы чабуулдарды жасашы мүмкүндүгүн эскерткен.

АКШнын Чалгын кызматы да орус күчтөрү Украинанын жарандык инфратүзүмдөрүнө жана мамлекеттик объектилерине жаңы сокку урууга даярданып жатканын кулакдар кылган. Кошмо Штаттардын Киевдеги элчилиги америкалык жарандарды өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөдү.

Буга тушташ Киевдеги кыргыз элчиси Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарды баш калаанын борборунан, эл көп чогулган жерлерден, ошондой эле Украинанын аскердик жана административдик мекемелеринен оолак болууга чакырды.

Идрис Кадыркулов
Идрис Кадыркулов

“Урматтуу мекендештер, көңүл буруңуздар! Украина бийлигинин сунуштарына байланыштуу, коопсуздук коркунучунан улам Киев шаарынын борборуна, эл көп чогулган жерлерге баруудан, ошондой эле Украинанын башка аскердик жана административдик мекемелеринин жанында болбооңуздарды суранабыз. Украинанын аймагына келүүнү пландап жаткан мекендештерге сапарын убактылуу токтотуп турууга, ал эми Украина айманындагы тургундарды кырдаал толук турукташканга чейин өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө чакырам!”, – деп жазды Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасында.

Фронттук линиянын дээрлик бардык багыттарында айыгышкан кармаш уланууда. Орусиялык басылмалар украин тарап Донецктеги жикчилдердин башчысы Денис Пушилиндин администрациясын аткылаганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги 23-августтагы билдирүүсүндө Украинанын Николаев облусунун административдик чек арасына чейин чыгышканын маалымдады. Министрликтин өкүлү Игорь Конашенков сөзүндө Херсон, Днепропетровск, Донецк облустарында да бир катар аянттарды ээлешкенин кошумчалады.

Игорь Конашенков
Игорь Конашенков

"Херсон-Николаев багытындагы жүрүштөрдүн жыйынтыгында бириккен күчтөр Украинанын 28-бригадасынын тобун жок кылды жана Николаев облусунун административдик чек арасына чейин чыгышты. Херсон облусунда 36 чарчы чакырым аянт көзөмөлгө алынды. Комсомольское конушу бошотулду. Николаев облусунда 12 чарчы чакырым жерге көзөмөл орнотулду".

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Орусиянын күчтөрү Донецк багытында активдүү аракет кылып, бир катар украин айылдарына сокку урганын маалымдады. Новопавловск, Запорожье, Харьков облустарынын аймактары да аткыланды.

Украинанын “Энергоатом” ишканасы орус күчтөрү Запорожье атомдук электр станциясынын айланасына жыйнала баштаганын кабарлады. АЭСти орус тарап мартта эле басып алган. Эл аралык коомчулуктун эскертүүсүнө карабай кооптуу станциянын айланасында эки тараптын атышуусу бир нече аптадан бери токтобой келатат.

“Азовчулардын” соту

Бул арада Украинанын бийлиги жикчил аймактарда “Азовсталь” заводунун коргоочуларынын үстүнөн өтүшү мүмкүн делген ыктымал сотко байланыштуу Европадагы адам укуктары боюнча сотуна кайрылды. Украинанын Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлиги биргелешкен билдирүүсүндө, аскердик туткундарды жасалма сот менен “трибуналга” алуу мыйзамсыз экенин билдирип, буга чара көрүүнү өтүнүштү.

Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Мариуполду коргоочулары куралдуу күчтөрдүн курамында экенин, алар согуштун мыйзамдын катышуучусу болуп саналарын белгиледи.

Ошондуктан алар туткунга түшкөн маалда “аскердик туткун” макамын алышы керектигин, натыйжада Женева конвенциясынын негизинде камкордукта болушу зарылдыгын билдирди.

Дмитрий Кулеба
Дмитрий Кулеба

“Аскердик туткундардын үстүнөн пропагандалык максатта кандайдыр бир жасалма соттук отурумдарды өткөрүүгө тыюу салынат жана бул аскердик кылмыштарга теңелет. Биз дүйнөгө кайрылып, биздин аскердик туткундарды коргоо үчүн бардык механизмдерди пайдаланууга жана Орусия, андагы жооптуу кишилерди кылмыштары үчүн жоопко тартууга чакырабыз”, – деди министр.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-августтагы видеокайрылуусунда, эгер Мариупол шаарында туткунда турган украин аскерлеринин үстүнөн сот өтсө, Киев менен Москванын сүйлөшүүсүн мындан ары толук токтой турганын эскерткен.

Денис Пушилин
Денис Пушилин

“Донецк Элдик Республикасы” – “ДЭР” (ДНР) жикчил түзүмүнүн башчысы Денис Пушилин мурдараак “аскердик трибуналга даярдык жүрүп жатканын, анын биринчиси Мариупол шаарында өтө турганын” билдирген.

Ал Зеленскийдин сөзүнөн кийин 22-августта да орусиялык басылмаларга комментарий берип, бул соттук иш улантыла турганын ырастады.

“Россия-24” телеканалына курган маегинде, Пушилин бул соттук отурумду өткөрүүгө Зеленскийдин сөзү тоскоол болбой турганын, “Азовдогу” 80 эпизод боюнча 23 адамдын иши карала турганын айтты.

Мурдараак Life басылмасы орусиялык күчтөр жана жикчилдер убактылуу басып алган Мариупол шаарынын филармониясында соттолуучулар үчүн жасалган металл торлор тууралуу видео жарыялаган. Мариуполдун украин мэри Вадим Бойченко орус аскерлери украин аскердик туткундарынын үстүнөн каралчу соттук ишти 24-август – Украинанын эгемендик күнүндө башташы мүмкүн экенин билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн курамындагы "Азов” полкунун жоокерлери 2022-жылдын жазында Мариупол шаарын коргоого активдүү катышып, жүздөгөнү өлүп, миңдегени орус тарапка колго түшкөн. Москва анын бир бөлүгүн өз аскерлерине алмаштырган, бирок көбүн дале туткунда кармап жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG