Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Кремль Борбор Азиядагы аскер базаларын күчтөндүрөт


Орусиянын президенти Путин, тажик президенти Эмомали Рахмон, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 9-май, 2021-жыл.
Орусиянын президенти Путин, тажик президенти Эмомали Рахмон, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу. 9-май, 2021-жыл.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Ооганстандагы абалга байланыштуу Тажикстандагы жана Кыргызстандагы аскер базаларын күчөтөрүн билдирди.

Анын бул билдирүүсү АКШ жакында Тажикстанда Борбор Азия, Монголия жана Пакистан менен бирге "Аймактык кызматташтык-2022" аскердик машыгууларын өткөргөн учурга туура келди. Айрым эксперттер Орусия Украинадагы кырдаалга карабастан Борбор Азиядагы базаларына кошумча күчтөрүн таштап, аскер кубаттуулугун күчөтүшү мүмкүн экенин болжолдошууда.

Шойгунун чукул билдирүүсү, Тажикстандагы машыгуу

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин Ташкентте өткөн жолугушуусунда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук маселесине басым жасады. Анда ал Москва Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Орусиянын аскер базаларын чыңдап, күжүрмөн даярдыкты жогорулатарын жарыялады.

“ДАИШ” жана “Аль-Каида” сыяктуу эл аралык террордук уюмдар жанданып жаткан Ооганстандагы абал Борбор Азиядагы коопсуздукка олуттуу чакырык бойдон калууда. Учурда уланып жаткан куралдуу тирештин шартында бул өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал кескин начарлап, диний радикализм идеясы катуу кулач жайып, маңзат аткезчилиги жана чек аралар аралык кылмыштуулук гүлдөп жатат. Биз өзүбүз тараптан Кыргызстандагы жана Тажикстандагы оруссиялык аскер базаларынын, ошондой эле башка күчтөрдүн мүмкүн болуучу чукул кризистик кырдаалдарга жооп кайтаруу боюнча күжүрмөн даярдыгын жогорулатып жатабыз”.

10-20-августта Тажикстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы уюштурган “Аймактык кызматташтык-2022” аскердик машыгуусу өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Монголия жана Пакистандын чакан аскер бөлүктөрү да катышканы кабарланган.

Андан башка Тажикстандын "Фахрабад" борборунда тажик-америкалык эки тараптуу машыгуулары улантылган. Буга Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев тынчсызданып, ЖККУ боюнча өнөктөш өлкөдө АКШ менен аскердик машыгуу өткөнүн айыптады.


АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги бул машыгуу аймактагы коопсуздукту камсыздоого гана багытталганы боюнча билдирүү жасады.

Быйылкы жылдын июнь айында АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы генерал Майкл Курилла Дүйшөмбүгө келип, тажик президенти Эмомали Рахмон жана коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, коопсуздукту чыңдоо боюнча кызматташууну сүйлөшүшкөн.

"Дүйшөмбүнүн Москвадан көңүлү сууп калды"

Геосаясий изилдөөлөр боюнча эксперт Марс Сариев Борбор Азия, анын ичинде өзгөчө Тажикстан Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү болуудан калып баратканын белгиледи.

Саясий эксперт.
Саясий эксперт.

"Борбор Азияда чоң геосаясий оюн башталды. Орусия бул чөлкөмдө таасирин жоготуп жиберерине аз калганын түшүнүп жатат. АКШ менен аскердик машыгуулар дал ошол Тажикстанда өткөнү Орусияны абдан чочутуп койду. Себеби, Владимир Путин башында абдан чоң ката кетирген. Мурда жыйында тажик лидери Эмомали Рахмон Путинден "Орусиянын 201-аскер базасында аскерлер эмнеге көбөйтүлбөй жатканын, кайра тескерисинче, Украинага алып кеткен себебин сураган. Анткени андагы базадан аскерлерди чыгарып, аз эле калган. Ошондо Путин Рахмонго "талибдер эч кандай коркунучтуу эмес" деп жооп берген. Бирок ал аскер контингенти көбөйтүлөрүн да айткан эмес".

Эксперт ушундан соң Рахмон Орусиядан коопсуздугун коргоого кепилдик ала албай, тышкы саясатын АКШ тарапка бура баштады деп эсептейт. Машыгууларды ошонун жыйынтыгы катары карап жатат.

"Орусия ката кетиргенин түшүнүп, эми Борбор Азиядагы базаларын күчөтөрүн жарыялап отурат. Бирок анын кампаларында ресурстары түгөнүп баратат. Эски курал-жарагын Украинага жумшап жатат. Бирок орустар бул чөлкөмдө аскердик таасирин күчөтөт. Мурда Орусия 5 млрд. долларга чукул жардам берүү боюнча жашыруун макулдашканы айтылууда. Ошондон дагы тажик бийлиги Орусиядан көңүлү сууп калды. Ошондуктан Рахмон АКШнын жогорку аскер кол башчысын кабыл алды. Ал эми Орусия жанагы машыгуудан кийин элчисин алып салды. Анткени анын аракети ийгиликсиз болду. Орусиянын чоң аскер базасы турган ишенимдүү өнөктөшү болгон Тажикстан андай болуудан калды. Ал эми чөлкөмдөгү башка өлкөлөр суроо туудуруп турат".

"Чырдын очогун башка аймакка которуу тактикасы"

Тажик бийлиги буга чейин "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) башкарган Ооганстанда этникалык тажиктердин укугу бузулуп жатканын айтып, Кабулда бардык этникалык топтордун кызыкчылыгын коргой турган инклюзивдүү өкмөт түзүү маселесин көтөрүп, ЖККУ жыйындарында Орусия баш болгон өнөктөштөрүнө бир нече ирет кайрылган. Бирок Орусия расмий тааныла элек "Талибан" менен мамиле түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Бул арада Ооганстан менен Тажикстандын мамилеси начарлап, кайым айтышууга чейин жетти.

"Прогресс" коомдук фондунун жетекчиси, активист Адил Турдукулов Москва Борбор Азиядагы таасирин жоготпоо үчүн чыңалуу чекиттерин кармап турарын, "Талибан" менен Дүйшөмбүнүн мамилеси буга мисал болорун айтты.

"Шойгу Борбор Азияда бир топ чакырыктар бар экенин, анын бири Ооганстандагы кырдаал тууралуу бир жагынан туура айтат. Өзгөчө аны менен чектешип турган Тажикстан үчүн абдан эле кооптуу. Анткени Дүйшөмбү менен Кабулдун ортосунда тиреше турган маселелер көп. Бирок Шойгунун айткан сөзүндө башка бир себептер катылып жатат. Себеби, Орусиянын бул чөлкөмдө геосаясий абалы алсырап баратат. Борбор Азия өлкөлөрү Кремлден алыстап, өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө далалат кылышканын байкап турабыз. Москва чөлкөмдө саясий жана аскердик коопсуздук жагынан монополист болчу. Азыр ал ошол көзүрүн жоготуп алуудан чочуп, бул нерсе аны катуу түйшөлтө баштады. Учурда Орусиянын багыты Украина болуп жатат. Анын Батыш менен тирешкен тилкеси дагы ошол. Балким, азыр башка бир чыңалуу очогу пайда болсо Батыш Орусия менен сүйлөшкөнгө мажбур болушу мүмкүн. Ошондуктан Москвада азыр башка аймактарда чыр-чатактардын очогун түзгөнгө себеп бар. Ошондуктан ал башка аймактарда туруксуздукту жаратуу саясатын жүргүзүүгө кызыкдар болушу ыктымал".

ШКУ саммити, Орусиянын күткөнү

Саясий талдоочулар Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун "ооган коркунучу" деген себеп менен Борбор Азиядагы базаларын күчөтүү демилгесин Москванын 16-сентябрда Самарканд шаарында өтчү ШКУнун күн тартибин бекитүүгө таасир этүү аракети катары карагандар да бар.

Марс Сариев Орусия анда Борбор Азиядагы өз кызыкчылыгын Кытайдын, Түркиянын геосаясий кызыкчылыктары менен айкалыштырып, мунаса табууга аракеттенип жатканын белгиледи:

"ШКУнун кезектеги саммитине Кытай төрагасы Си Цзинпин келет. Ал эми Путин ага катышууга түрк лидери Режеп Тайип Эрдоганды чакырды. Путин аларды Орусияга жакындатып, Борбор Азияга АКШны жолотпош үчүн өз ара сүйлөшүү жүргүзүп, ШКУну күчөтүү аракетин көрөт. Азыр күн тартиби аныкталып жаткан учур. Орусия өз сунушун күн тартибине киргизгенге ынтызар. Бул саммитте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча макулдашууга да кол коюлат. Бул долбоор албетте, Орусияга жакпайт. Бирок Орусиянын азыр башка айласы жок. Анткени Орусия Украинада уттуруп жатат".


Орусиянын Борбор Азия чөлкөмүндө эки өлкөдө аскер-аба базалары бар. Анын Тажикстандагы 201- аскер базасында кургактагы аскер күчтөрү турса, Кыргызстанда Кант аба базасында авиациялык аскер бөлүгү жайгашкан. Андагы аскер техникасынын жана аскерлеринин саны улам өзгөрүп турары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG