Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

Чаплино: Орусия чабуулу жайкын тургундардын өмүрүн жалмады


Чаплиного жасалган орус армиясынын соккусу. 24-август, 2022-жыл.
Чаплиного жасалган орус армиясынын соккусу. 24-август, 2022-жыл.

Украинанын Чаплино шаарчасында орусиялык армиянын чабуулунан мерт болгон тургундардын саны 25ке жетти. Орусиянын Коргоо министрлиги Чаплинодогу темир жол станциясына сокку урганын мойнуна алып, курал-жарак ташыган украин поездин бутага алганын билдирди.

Чаплино тургуну Сергей орус армиясынын аткылоосунан он бир жаштагы уулунан айрылып, кан жутуп отурат.

"Ал үйдө болчу. Жардыруу болгондо сыртка ыргып кетиптир. Биз урандылардын алдынан, башка жактан издеп жатсак, бул жерде экен... Эч ким билген эмес. Биз чатырдан карадык, бирок ал бул жакта жатыптыр...",-деди нес абалда турган Сергей.

Он бир жаштагы уулун жоготкон Чаплино шаарынын тургуну Сергей
Он бир жаштагы уулун жоготкон Чаплино шаарынын тургуну Сергей

Украин президентинин жардамчысы Кирилл Тимошенко билдиргендей, орус армиясы Чаплинону эки ирет аткылады. Биринчи чабуулда ракеталардын бири Сергейдин үйүнө тийген. Экинчи сокку темир жол станциясына урулган.

Ракета поездге тийип, беш вагон толугу менен күйүп, анда 24 адам, анын ичинде алты жашар кыздын өмүрү кыйылды. Жабыркагандардын саны отуздан ашты.

Калаанын дагы бир тургуну Анатолийдин үйү толугу менен күйүп кеткен.

"Биз үйдө эмес элек. Алыстан эле атышуулардын, жардыруулардын үнүн уктук. Андан кийин кошунам чалып жардыруу болгонун, үйүбүз толук кыйрап калганын айтты. Кырдаал ушундай".

Буга чейин президент Владимир Зеленский Украинанын Эгемендик күнүндө Орусиянын күчтөрү чабуулдарын күчтөрүн эскертип, аскерлерди жана калкты ошого даяр болууга чакырган.

Ал 24-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылуу жасап, өз өлкөсүнүн орус агрессиясына каршы күрөштөгү глобалдык маанисин баса белгиледи. Зеленский Орусиянын аскердик аракеттерин токтотуу үчүн батыл чараларды көрүүгө чакырды.

"Эгер Орусияны азыр, Украинада, Киевдин жеңиши менен токтотпосо, бул кылмышкерлер Европа, Азия, Африка, Латын Американын мамлекеттерине жетишет. Баардык жакта орус аскерлеринин кылмыштарынын издери. Ошондуктан тезинен чечкиндүү кадамдарга барыш үчүн биз биригип, аракет кылышыбыз керек",-деди Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги Чаплинодогу темир жол станциясына сокку урганын мойнуна алып, курал-жарак ташыган украин поездин бутага алганын билдирди.

Орусиянын Украинага кол салганына жарым жыл

24-август - Украинанын эгемендик күнүндө Орусиянын армиясы Украинанын 58 калктуу конушун аткылаганын украин Ички иштер министрлиги билдирди. Ал эми 25-августтун таңында орус аскерлери өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Кривой Рог шаарын чачыратма бомбалар менен аткылаганын калаанын башчысы Александр Вилкул айтып чыккан. Мындай куралды колдонууга көп мамлекеттерде тыюу салынган.

25-августта Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишель Бачелет Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинага кол салууну токтотуп, Запорожье атомдук электрстанциясынын айланасынан аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырды.

Орусиянын Украинага кол салганына жети айга аяк басты. Бул убакыт ичинде украин армиясы тогуз миңдей аскеринен айрылганы расмий кабарланды. Орусия канча жоокерин жоготкону так белгисиз. Кремль марттан бери бул тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Батыш чалгын кызматтарынын эсебинде, Орусия кеминде жыйырма миң жоокеринен айрылды.

Украинага кол салганы үчүн Батыш Москвага санкцияларды салып, Орусия эл аралык деңгээлде обочолонуп калды. Ошол эле маалда Батыш мамлекеттери Украинага эбегейсиз колдоо көрсөтүп, коргонуу жаатында жардам берүүдө.

Кошмо Штаттар Украинага дагы үч миллиард долларга аскердик жардам көрсөтөрүн жарыялады. Ушуну менен Вашингтон февралдан бери көрсөткөн жардамдын жалпы суммасы 12 миллиард долларга жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG