Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Лисичанск шаарындагы чабуул 30дай кишинин өмүрүн алды


Лисичанск, 3-февраль, 2024-жыл
Лисичанск, 3-февраль, 2024-жыл

Украинанын Орусия басып алган Лисичанск шаарындагы соккудан набыт болгондор, жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда отузга чукулдады.

Украинанын Орусия оккупациялап алган Луганск аймагындагы Лисичанск шаарында 3-февралдын кечинде жарылуу болуп, каза тапкандар, 4-февралдын таңына карата, 28ге жетти. Каза болгондордун 18и эркектер, 9у аялдар жана бирөө жаш бала экенин өзүн “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил аймактын саламаттык сактоо мекемесинин башчысы Наталья Пащенко билдирди.

Дагы он киши түрдүү жараат менен ооруканада жатат, алардын төртөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп баалап жатышат. Андан мурдараак Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тогуз кишини аман алып чыгышканын кабарлаган.

Луганск аймагынын кремлчил өкмөтүнүн төрага орун басары Юрий Говтвиндин айтымында, азыркы тапта уранды астында калгандарды издөө, окуя болгон жердеги наабайкананын жана кафенин ордун тазалоо иштери жүрүп жатат:

"Биз кафеге жанаша курулган наабайкананын жанында турабыз. Дем алыш күн, ишемби. Апта ичиндеги жумуш күндөрү аяктап, Лисичанскинин тургундары үй-бүлөсү менен эс алып, таттуу тамактардан жеп кетели деп киришкен. Ошол учурда дагы бир террордук акт биздин жарандарыбыздын өмүрүн алды. Азыркы тапта Луганск бийлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте урандыларды жыйноого бардык жардамын берип жатат. Азыр, эң негизгиси, ошол уранды астында калган адамдарды, алардын өмүрүн сактап калуу”.

Чабуул болгон ресторандын азыркы көрүнүшү. Лисичанск
Чабуул болгон ресторандын азыркы көрүнүшү. Лисичанск

Лисичанск фронт тилкесинен анча алыс эмес аймакта жайгашкан, калкы Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралына чейин 111 миңдин тегерегинде болгон шаар. Аны Орусия ошол жылдын жайында айыгышкан кармаштан кийин өзүнө каратып алган.

Ишемби күнкү окуяны Орусия да, жергиликтүү бийлик да кол салуу деп атап, Украинаны айыптоодо.

Украин бийлиги эч кандай расмий комментарий бере элек.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 3-февралдагы кезектеги видеокайрылуусунда бул согушту Украина эмес, Орусия ачканын белгилеп, Москванын утуп чыгышына мүмкүнчүлүк бербөөдөн башка жол жок экенин айтты жана бул иште жардамын көрсөтүп жаткан бардык өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирди.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

«Согушту Орусия баштады. Бирок ал бутага жалгыз гана биздин мамлекетти же биздин эгемендигибизди алган жок. Ошондуктан эркиндикте жашаган дүйнө болушунча ынтымакташып биригип, Украина Орусиянын өзүн алсыратышы үчүн колунан келген да, келбеген да аракетин колдошу зарыл. Андан башка ыкманы Москва түшүнбөйт», – деди Зеленский.

Украина соңку сутка ичинде Орусия Харьков, Луганск, Донецк облустарын аткылоосун улантканын, жалпысынан 66 жерде кагылышуу болгонун, орус аскерлери Донецк облусунда Авдеевканын түндүк жана түштүк аймагындагы, Марьинка багытындагы айыл-кыштактарда «активдүү чабуулдарын» улантканын, Покровск шаарында Өрт өчүрүү-куткаруу мекемеси жабыркаганы маалымдады.

«Соңку суткада өлкөнүн коргонуу күчтөрүнүн авиациясы орус аскерлеринин өздүк курамы жайгашкан 12 районго сокку урду», – деп билдирди Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы.

Кривой Рог шаарындагы 3-февралдагы окуяны Украина «өлкөнүн энергетика тармагына соңку бир жыл ичинде жасалган өтө чоң жапырт чабуул» деп атады. Бул күнү, «Укрэнерго» мекемесинин маалыматына караганда, 2-февралдагы соккудан кийинки калыбына келтирүү, оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда Орусия жогорку чыңалуудагы энергетикалык объектилерге дрондор менен чабуул жасаган. 2-февралга караган түндөгү чабуулдун кесепетинен Кривой Рог шаарында 62 миң абонент электр жарыксыз калган, ошол учурда жер астында иштеп жаткан 120 шахтердун да коопсуздугуна коркунуч жаралган.

Ал арада АКШ администрациясы Украинага жана Израилге чогуу жардам тууралуу сунушун өз-өзүнчө бөлүп кароого каршы экенин билдирди. 3-февралда Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон келерки аптада Израилге 17,6 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору добушка коюларын айткан.

Октябрда АКШ президенти Жо Байден Конгресске кайрылып, Украинага жана Израилге жардам маселесин чогуу карап, жалпысынан 106 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылган. Ак үйдүн бул сунушу азырынча жоопсуз турат.

Жонсон Израилге жардам чукул арада керек болуп жатканын белгилеп, эки өлкөнү чогуу караганга азыр убакыт жоктугун айтты.

Көпчүлүгүн республикачылар түзгөн Өкүлдөр палатасы Украинаны каржылоону АКШ менен Мексиканын чек арасындагы коопсуздукту бекемдөө менен чогуу кароону талап кылып келишет. Алар сунуштаган катаал чараларга көпчүлүк демократтар каршы болууда.

Спикер Жонсон Мексика менен чек арадагы кырдаалды дагы эле башкы артыкчылык деп эсептей турганын, Конгресстеги республикачылар Украинага жардам зарылдыгын түшүнүп турушканын, бирок “чек арадагы "статус-кво" абалы жол берилгис көрүнүш" экенин белгилеген.

Биринчи кезекте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу үчүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы тууралуу сөз болууда. Айрым республикачылар чек арадагы дубал курууну каржылоо жана мыйзамсыз мигранттарды депортациялоону күчөтүү керектигин белгилеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG