Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Швейцариядагы талкуу: "Украина майтарылбайт"


Украинадагы согушту токтотуу боюнча "тынчтык формуласын" талкуулоого чогулгандар. 14-январь, 2024-жыл.
Украинадагы согушту токтотуу боюнча "тынчтык формуласын" талкуулоого чогулгандар. 14-январь, 2024-жыл.

Жекшембиде Швейцарияда 80ден ашуун мамлекеттин өкүлдөрү Украинадагы согушту токтотуу боюнча “тынчтык формуласын” талкуулашты.

Ал арада Украина Орусиянын А-50 жана Ил-22 учактарын жок кылганын билдирди.

"Украинада жашоо уланууда. Украинадагы жашоо мына ушундай. Өлүмдөн жана террордон коркпогон эл. Майтарылбас эл".

Бул сөздөр Давостогу “Украина үйүндө” уюштурулган көргөзмөдө жазылган. Анда Украинанын бардык аймактарынан тартылган TikTok видеолор чагылдырылат. Муну менен иш-чаранын уюштуруучулары согушка карабай өлкөдө жашоо уланып жатканын көрсөтүүнү көздөшкөн.

Эки жылдан бери украин эли өз эркин көрсөтүп атканын Украинанын президентинин администрация жетекчиси Андрей Ермак дагы Давостогу жыйында белгилеп өттү. 80ден ашуун мамлекеттин жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышкан иш-чарада “тынчтык формуласы” талкууланды. Мындай форматтагы жолугушуу ушуну менен төртүнчү ирет өтүп жатат. Ага бир гана Киевдин өнөктөштөрү эмес, согушка карата бейтарап позицияны карманган өлкөлөр да катышууда.

Украина: Давостогу “тынчтык формуласы”
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Ермак мындай иш-чарага Кытайдын да катышуусу маанилүү экенин белгиледи.

“Тилекке каршы, Мальтада жана бүгүн да бул жерде Кытайдын өкүлдөрү жок. Биз аларды чакырганбыз, дагы чакыра беребиз. Бул биз үчүн маанилүү жыйын, келечекте ага Кытай дагы катышат деген үмүттөбүз”, - деди Ермак.

Ал ошондой эле Украина эч качан “жаңжалды убактылуу токтотуп коюуга макул болбостугун жана мындай сунушту кабыл албастыгын” кошумчалады.

Давостогу экономикалык форумга Кытай делегациясын премьер-министр Ли Цян жетектеп барары маалымдалган. Reuters агенттиги жазгандай, Зеленскийдин Цян менен жолугушуусу тууралуу суроого Ермак “көрөбүз” деп кыска жооп берген.

Президенттин администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, Зеленский сапардын алкагында Швейцария парламентинин эки палатасынын төрагалары, партия лидерлери, президент менен жолугуп, Дүйнөлүк экономикалык форумга катышып, бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Орусия жыйынга чакырылган жок

Орусия жыйынга бул ирет дагы чакырылган жок. Иш-чарада Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис Москваны “тынчык формуласын” талкуулоого катыштыруунун жолун издөөгө чакырды.

“Орусияны бул жараянга катыштыруунун жолун табышыбыз зарыл. Орусия өз сөзүн айтмайынча тынчтык болбойт. Бирок бул Орусия бир нерсе кылмайынча күтүп отура беришибиз керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче болуш керек. Биз күтүп жаткан ар бир мүнөттө Украинада ондогон жай тургундар набыт болууда. Биз жөн эле күткөнгө укугубуз жок”, - деди ал.

“Тынчтык формуласы” - он баскычтан турган документ. Ал согушту аяктоого жол табууга, Европада мындан ары согуштарды болтурбоо боюнча коопсуздук режим шарттарын түзүүгө багытталган. Украин президенти Владимир Зеленский аны 2022-жылы ноябрь айында, Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече айдан кийин сунуштаган. Москва бул документ кабыл алынгыс экенин айткан.

Давостогу жыйында “тынчтык формуласынын” беш баскычы талкууланды. Алар - орусиялык аскерлердин чыгарылышы, адилеттүүлүктүн калыбына келтирилиши, экологиялык коопсуздук, эскалацияны кайра болтурбоо жана кайталануусуна жол бербөө, согуштун аякташынын ырасталышы.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Давостогу тынчтык формуласы боюнча жыйынга Орусия катышпагандыктан, андан эч майнап чыкпастыгын 15-январда айтты.

Днепрдеги окуянын бир жылдыгы, учактардын кулатылышы

15-январда Украинанын чыгышындагы Днепр шаарынын тургундары 46 кишинин өмүрүн алган окуяны эскеришти. Туура бир жыл мурда карапайым тургундар жашаган үйгө орус күчтөрү ракетадан сокку урган.

Жергиликтүү тургундар үйдүн урандылары жаткан жерге гүл, жумшак оюнчук жана башка буюм-тайымдарды коюшту. Набыт болгондордун алтоо балдар эле. Ондогон адам жараат алган. Москва бир катар фото-далилдерге карабастан жарандык жайларга сокку урганын танып келет.

Орусиянын армиясы Украинанын аймагын аткылоону улантууда. Херсон облусунун администрациясы соңку бир суткада 100дөн ашуун артиллериялык соккуга кабылганын билдирди. Ал арада Азов деңизинин үстүнөн Орусиянын чалгын учактары атып түшүрүлгөнүн украин маалымат каражаттары жазышты. Эки орусиялык учак кулап түшкөнүн Украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный дагы ырастады. Маалыматка караганда, мындай бир учактын баасы 330 мллион долларды түзөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG