Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:13

Украина: “Львов арсеналына” которулган шектүү миллиондор


Украинанын Бахмут шаары үчүн салгылашып жаткан украин аскери. 22-июль, 2023-жыл.
Украинанын Бахмут шаары үчүн салгылашып жаткан украин аскери. 22-июль, 2023-жыл.

Украин армиясында ири коррупциялык схеманын бети ачылды. Өлкөнүн Коопсуздук кызматы билдиргендей, Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу өкүлдөрү "Львов арсеналы" компаниясынын жетекчилиги менен бирге курал-жабдык алууга бөлүнгөн 40 миллион доллардай акчаны кымырып алышкан.

Киев Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу жараянын тездетүү максатында өлкөдө коррупцияга каршы күрөштү катаалдатууда.

Украинада согуш уланып, өлкө чыгышында ар бир айыл үчүн айыгышкан кармаштар курчуп турган маалда Коопсуздук кызматы 40 миллион долларды кымырып алуу боюнча беш кишиге кылмыш иши козголгонун билдирди.

27-январдын кечинде таратылган маалыматка караганда, алардын бири Украинадан чыгып кетүүгө аракет кылган маалда кармалды. Шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, ар бири 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Тергөөнүн версиясына караганда, жемкорлукка Коргоо министрлигинин мурдагы жана азыркы жогорку даражалуу кызматкерлери, ошондой эле башка чакан компаниялардын жетекчилеринин тиешеси бар”, - деп жазылат таратылган билдирүүдө.

Тергөөчүлөр маалымдагандай, 2022-жылы август айында, согуш толук кандуу жүрүп жаткан кезде Коргоо министрлигинин жогорку даражалуу аткаминерлери “Львов арсеналы” компаниясы менен артиллериялык снаряддарды сатып алуу боюнча келишим түзүшкөн.

Каражатты алгандан кийин аталган компаниянын өкүлдөрү ал акчанын жарымын чет өлкөдө катталган ишкананын эсебине которушкан. Ал жактан Украинага курал-жабдык жеткирилмек. Анткен менен бир да снаряд келген эмес. Ал эми акча Балкандагы жана Украинадагы күмөндүү эсептерге кайтарылган.

Украинанын башкы прокурору билдиргендей, бул эсептердеги каражат камакка алынды жана жакын арада өлкө бюджетине которулат.

Коргоо министрлиги мурда-кийин белгисиз «Львов арсеналы» компаниясы менен келишим түзгөнүн “Украинская правда” басылмасы былтыр жайында эле жазып чыккан.

2022-жылы Коргоо министрлигинин жетектеп турган Александр Резников ал компанияга дароо эле акчанын баарын которууну буйрук кылганы да маалым болгон.

Быйыл жайында Коргоо министрлигинин башына келген Рустам Умеров коррупцияны түп тамырынан жоготууга көңүл бурарын "Фейсбукка" жазды:

“Коргоо министрлигинин командасынын эң башкы маселелеринин бири - системаны мекеменин ичиндеги жана тышындагы адамгерчиликсиз мүчөлөрдөн тазалоо. Биз мунун үстүндө укук коргоо органдары менен активдүү иштешип, коррупцияны жоюп жатабыз. Система каршы турууда, бирок биз жеңип баратабыз".

Буга чейин Батыштагы айрым эксперттер Украинада коррупция күчөп турган маалда аларга каржылай каралашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып чыгышкан. Еврокомиссиянын вице-президенти Вера Юрова мындай пикирге макул эмес.

"Украина коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн болгон аракетин жасап жатат. Мен кээде “карагылачы, Украинада коррупциялык иштердин бети ачылып жатат, демек бул жемкорлукка баткан мамлекет” деген сындарды угуп жатам. Бирок мен муну башкача чечмелээр элем. Анткени бул иштер иликтенип жатканы үчүн бети ачылууда. Украина бул багытта натыйжалуу система түзгөнүн көрүп жатабыз", - деген Юрова былтыр ноябрда "Рейтерс" агенттигине курган маегинде.

Коррупцияга каршы күрөш - Евробиримдикке карай жол

2022-жылы июнь айында Еврокеңеш Брюсселдеги саммитте Украинага Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын берип, мүчө болуу үчүн Киевге бир катар “маанилүү реформаларды” аткарыш керек деген шарт койгон.

Ал шарттар:

  • Конституциялык сотту реформалоо
  • Антиолиграхиялык мыйзамдарды киргизүү
  • Сот реформасын өткөрүү
  • Коррупцияга каршы жемкорлуктуу күчөтүү жана башкалар.

2023-жылы ноябрь айында Еврокомиссия Украина шаркетке мүчө болуш үчүн коюлган жети шарттын төртөөнү аткарганын билдирди. Мындан улам Еврокомиссия Еврокеңешке Украина менен мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушун берди.

Евробиримдик Украина коррупцияга каршы кошумча мыйзамдарды кабыл алып, Коррупцияга каршы адистешкен прокуратуранын жана Улуттук коррупцияга каршы бюронун жетекчилигин жаңылайт деп күтөрүн Киевге ишарат кылган.

АКШнын Украинаны колдоо боюнча жаңы планы

Ал арада АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинаны Орусиянын агрессиясына каршы колдоо боюнча жаңы пландын үстүндө иштеп жатканы белгилүү болду. The Washington Post басылмасы жазгандай, анда көңүл Украинанын жерлерин бошотуп алууга эмес, коргонууга жана экономикасын бекемдөөгө бурулган.

Басылма администрациядагы жогорку даражалуу булагына таянып жазгандай, Украинага бул жылы контрчабуул аракетин кайталоо кыйла кыйынга турушу мүмкүн. Ошону менен катар бул пландын ишке ашуусу Конгресстин Украинага кошумча каражат бөлүүсүнө көз каранды. Демократтар менен республикачылар ортосундагы пикир келишпестиктен улам Жо Байдендин Киевге 60 миллиард доллар бөлүү сунушу жактырыла элек.

Евробиримдик Украина менен Молдовага эшигин ачат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:19 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG