Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:36

УКМК билдирүүсү: Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз


Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев.

26-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен болушу мүмкүн деген маалымат таратты. Ал Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болчу.

"Депутат Жамгырчиевдин өзү да текшерүүнүн жүрүшү тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн бир нече жолу УКМКга чакырылды, бирок анын кай жерде экенин билүүгө жана атайын техниканын табылышы тууралуу фактыны ырастоого мүмкүн болгон жок. УКМКга түшкөн маалыматтар Жамгырчиев мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, азыр чет мамлекеттин аймагында жүргөн болушу ыктымал деп болжолдоого негиз берет", - деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Депутат бир айдан ашуун парламенттеги иш ордуна келе элек. 13-декабрда эмгек өргүү сурап Жогорку Кеңештин төрагасына кат менен кайрылганы, атасынын оорусуна байланыштуу жыйынга катыша албай жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Ага чейин депутат 27-ноябрда фракциялашы Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармалып, кайра бошотулган. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан, коңшу өлкөгө өткөрүлбөгөнү белгилүү болгон. Айдарбеков Кыргызстандан чыгып кетип, кийинчерээк кайтып келди.

Жамгырчиевдин өзү жана жакындары менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек. "Альянс" фракциясынын лидери Жанарбек Акаев партиялашынын иши боюнча буларды айтты:

“Кемпир-Абадга байланыштуу да болушу мүмкүн. Бирок буга чейин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчисинин орун басары болуп турганда козголгон кылмыш иши. Ушул эки маселе бар. Албетте, биз көбүрөөк саясий өңүтү бар болуш керек деп божомолдоп атабыз, себеби ал бийликти туруктуу сындагандардын бири болбосо дагы Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергендердин бири. Фракциянын лидери катары мен бийлик өкүлдөрү менен да бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Алар саясий максатты көздөбөгөнүн, Жамгырчиев жөн гана жооп берип кайра депутаттык ишмердүүлүгүн улантууга шарты бар экенин айтышты. Эгер күнөөсү далилденсе, жоопко тартыларын да айтышты”.

30-ноябрдагы сессияда Акаев Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы чыккан депутаттарга куугунтук болуп жатканын айтып, Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганын билдирген. УКМК тыңшоо тууралуу маалыматты четке каккан.

40 жаштагы Эмил Жамгырчиев парламентке келгенге чейин мурдагы Каржы полициясында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Ал коомчулукта “өрдөк эти” деген ат менен белгилүү чуулуу ишке шектелип, 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин камалган. 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду ал адегенде "ыплас ушак" деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп берген жана үй камагына чыккан.

Бул иш боюнча аны менен чогуу мамлекеттик кызматкер Бактыбек Калмуратов Жогорку сотто акталган. Жыйынтыгында Жамгырчиев 2021-жылкы шайлоодо "Альянс" партиясы менен депутат болуп шайланган.

Бирок 6-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылганы маалым болгон.

Мыйзам боюнча парламент депутатын Жогорку Кеңештин макулдугу менен гана жоопко тарта алышат. Саясат талдоочу Эмил Жороев бул өңдүү окуялар мыйзам менен маселеси болгон адамдардын парламентти ээлеп жатканын көрсөтөтүүдө деген пикирде.

“Ушундай кысымга, куугунтукка бекем туруусун күчтөндүрүү үчүн депутаттардын түзүмү таза болушу керек. Жамгырчиевдин моюнунда тургандай маселе болбошу зарыл. Ошондо булардын абийири таза, сот менен мамилеси таза болуп, парламентте көтөрүлүп аткан маселелерде оюн ачык, айкын айтып, чечилишине салымын кошо алат. Шайланып келген көп депутаттардын артында укук коргоо органдары менен, сот органдары менен маселеси бар. Ошондуктан аткаруу бийлиги муну “рычаг” катары пайдалана калат. Бирок бул эл үчүн терс ролду ойнойт. Элдин өкүлү катары алардын маселелерин көтөрүүдө чоң тоскоолдук жаратат”.

Жамгырчиев 2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого “Альянс” партиясынын тизмеси менен катышкан. 2022-жылы "Альянс" фракциясына президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына дайындалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алтынбек Сулаймановдун ордуна депутат болуп келген.

VII чакырылыштын айрым депутаттары Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишими боюнча документтерди колдобой койгон депутаттарга дагы деле кысым болуп жатканы тууралуу маселени көтөрүшкөн.

Депутат Элвира Сурабалдиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери каршы добуш берген эл өкүлдөрүн коркутуп жатканын билдирген. Парламентке келип, депутаттардын суроолоруна жооп берген атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев аны четке каккан.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Медер Алиев төрагалык кызматын ноябрь айынын этегинде өз арызы менен тапшырып, муну Кемпир-Абад маселеси менен байланыштырган.

17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Бир нече отурумдан кийин депутат иш бөлмөсүнөн мыйзамсыз чыгарылды деген бүтүм чыккан. Бакировдун өзү мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдиррген.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков ушул келишимдеги документтердин ачыкталышын талап кылгандан кийин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчилигинен кеткен.

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекте Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кемпир-Абад маселесине токтолуп, суу сактагычка байланыштуу эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды "өз кызыкчылыгын көздөгөндөр" деп сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG