Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Кытай лидери Европанын үч өлкөсүн кыдырат


Си Цзинпин.
Си Цзинпин.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 5-10-май күндөрү Франция, Сербия жана Венгрияны кыдырат. Бул тууралуу 29-апрелде Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кытайдын Франция менен мамилеси соңку жылдары жакшыра баштаганы байкалып, эки өлкө тең стратегиялык алаканы жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүп келе жатканын министрликтин расмий өкүлү Лин Цзян маалымдады.

Анын айтымында, кытай лидери Сербияда өлкө башчысы Александр Вучич менен жолугушуп, “эки тараптуу мамиле боюнча пикир алмашып, кытай-серб кызматташтыгын модернизациялоо маселесин талкуулайт”.

Бул кытай лидеринин Европа өлкөлөрүнө коронавирус пандемиясынан берки алгачкы сапары болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG