Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

"Экс-министр аялын такай сабап, интимдик видео тартууга мажбурлаган"


Куандык Бишимбаев сотто көз айнек тагынып, кара күрмө кийип турат. 12-март, 2024-жыл.
Куандык Бишимбаев сотто көз айнек тагынып, кара күрмө кийип турат. 12-март, 2024-жыл.

Астанада аялын өлтүрүүгө айыпталып жаткан экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук угуу 11-мартта өттү. Чуулгандуу ишти эми сот арачылары карамай болду. Сот башталганда прокурор Салтанат Нукенованын өлүмүнүн адамды нес кыла турган чоо-жайын айтып берди. Бишимбаев күнөөсүн четке какты.

Бишимбаев менен Нукенованын турмушу

11-марттагы соттук жараянда Астана прокурорунун улук жардамчысы Айжан Аймаганова айыптоо корутундусун окуду. Соттогу документте Куандык Бишимбаев менен Салтанат Нукенованын таанышуу таржымалы да камтылган.

“2022-жылдын август айында Бишимбаев менен Нукенова Астана шаарында таанышкан. Ага Нукенова жагып калгандыктан, жолугушууга чакырып, артынан түшкөн. Нукенованын бир нече жолу баш тартканына карабай, Бишимбаев тез арада өзүн жакшы көрсөткөнгө аракет кылган. 2022-жылдын 16-декабрында Бишимбаев менен Нукенованын үйлөнүү тою болгон. Бирок алардын никеси расмий катталган эмес. Алар жарандык никеде жашаган”, - деди прокурор.

Аймаганова кошумчалагандай, Бишимбаев үйлөнгөндөн кийин эле аялына агрессиясын көрсөтө баштаган:

“Ал Нукеновага туугандары жана курбулары менен сүйлөшүүгө, жолугушууга тыюу салып, анын кимге телефон чалганын, кат алышканын, баскан-турганын көзөмөлдөп баштаган. Ошондой эле анын ошол маалда жакшы киреше тапкан иши менен алектенүүсүн чектеген”.

Прокурор белгилегендей, кезектеги ур-токмоктон кийин Нукенованы туугандары аны ажырашууга көндүргөнгө аракет кылышкан. Бирок андан майнап чыккан эмес. Ал эле эмес, Бишимбаев аялын уруп-сабап гана токтоп калбай интимдик опузага да өткөн.

“2023-жылдын апрель айында Бишимбаев Нукеновадан жылаңачтанып интимдик видео тартууну талап кылган, бул Салтанат андан кетпеши үчүн кепилдик болорун айткан. Нукенова коркконунан бул талабын аткарып, ага жылаңачтанып видео тартып берүүгө макул болгон”, - деди прокурор.

Прокурордун корутундусуна ылайык, Салтанат бир нече ирет күйөөсүнөн кетүүгө аракет кылганы менен кайра эле барчу.

“2023-жылдын август айында тынымсыз уруп-сабоо жана басмырлоодон улам Нукенова ата-энесине Павлодарга кетип калган. Бирок Бишимбаев кечирим сурап, аны кайтарган. Андан кийин дагы бир нече ирет Бишимбаевден кетүүгө аракет кылган. Бирок мурдагы министр кайра эле аны кайтып келгенге көндүрчү”, - деди прокурор.

2023-жылдын октябрь айында Бишимбаев Нукенованы дагы сабаганы маалым болду. Анын айынан келиндин башында кан уюп калган экен.

Салтанат Нукенованын кыз узатуу тоюнан алынган кадр. Социалдык тармактарга тараган сүрөт.
Салтанат Нукенованын кыз узатуу тоюнан алынган кадр. Социалдык тармактарга тараган сүрөт.

Каргашалуу түн

Прокурор билдиргендей, 8-ноябрдын кечинде түгөйлөр Астанада орус ырчысы Дима Биландын концертине барышкан. Ал жактан экөө уруша кеткен.

“Концерттин аякташын күтпөй эле экөө чыгып, урушкан бойдон BAU рестораны жайгашкан "Гастроборборго" жөө жөнөшкөн. Ал жактан экөө VIP номерлердин бирине кирип, вино ичишкен. Экөө чогуу төрт бөтөлкө вино ичип, мамилелерин териштирүүнү улантышат. Нукенова чарчаганын айтып, андан биротоло кетүүнү чечкенин айткан. Бул тууралуу Нукенова агасы Амангелдиге да жазып, аныкына түнөгөнү барарын айткан. Келин такси чакырып, үйүнө кетүүгө аракет кылган. Түн ортосуна жакын Бишимбаев менен Нукенова ресторандан чыгып, "Гастроборбордун" ичинде мамиле териштүүрүнү улантышкан" - деп белгиленет прокурордун корутундусунда.

Тергөө аныктагандай, түнкү саат 2лерде экөө кайра ресторанга келишет. Бул маалда түгөйлөрдүн урушу күчөйт.

Бишимбаев аялынын намысына тийип, басмырлап, ага канча кийим-кече, зер буюмдарды сатып бергенин доомат кыла баштаган. Нукенованын жини келип, ич кийиминен башкасынын баарын чечип салат. Бул Бишимбаевдин кыжырын ого бетер кайнатып, ал муштуму менен Нукенованы башка-көзгө койгулаган.

Таңкы жетилерде Бишимбаев менен Нукенова автоунаа токтоочу жайга барышкан. Бишимбаев мас болгондуктан машинесин айдай албай тротуарга чыгып кеткен. Муну көргөн автоунаа токтоочу жайдын күзөтчүсү машинени токтотконго аргасыз болгон.

Бишимбаев келинди кайра ресторанга сүйрөп кирип, уруп-сабаганын уланткан.

“Ресторандын холлунда Бишимбаев бир нече жолу муштаганда Нукенова жерге кулап калган. Бишимбаев бут кийимчен Нукенованы тепкилей баштаган. Андан кийин жерден көтөрүп, кайра башка койгулап, чачынан кармап VIP номерлердин бирине сүйрөп кирген", - деди прокурор.

Айыптоочу кошумчалагандай, Салтанат ажатканага жашырынууга аракет кылган. Бишимбаев темир штатив менен эшикти сындырып ачып, келинди сүйрөп чыгып, кайра тепкилеген.

“Көздөгөнүнө жетиш үчүн муунта баштаганда келин эс-учун жоготкон. Көп өтпөй Салтанат өзүнө келген. Муну көргөн Бишимбаев аны кайра койгулай баштаган. Нукенова эс-учун жоготуп, сулк жатып калгандан кийин гана токтогон”, - деди прокурор.

Нукенованын жакындары менен жабырлануучу тараптын адвокаттары сот залында. 11-март, 2024-жыл. Астана.
Нукенованын жакындары менен жабырлануучу тараптын адвокаттары сот залында. 11-март, 2024-жыл. Астана.

“Гастроборбордун” директоруна тагылган айып

Прокурор белгилегендей, айыптоо версиясында “Гастроборбордун” директору жана Бишимбаевдин тууганы Бахытжан Байжанов жарым жылаңач келиндин токмоктолуп, эс учунан танып жатканын көрсө дагы полицияга кабар берген эмес.

“Күндүзгү саат бирден жетиге чейин Байжанов ар кандай себептер менен Нукенова жаткан бөлмөгө бир нече ирет кирип чыккан. Анын кыймылсыз жатканын көрүп, Бишимбаевдин ур-токмогунан өлгөнүн билип, ал оор кылмышка барганын көрүп, укук коргоо органдарына кабарлаган эмес”, - деди Аймаганова.

Байжановго кылмышты жашырган деген айып тагылууда. Ал Бишимбаев менен кошо камалган. Кийинки сот 27-мартта өтмөй болду.

Бишимбаевдин жана адвокаттардын жүйөсү

Куандык Бишимбаевге сөз берилгенде ал 2023-жылдын 9-ноябрь айынан бери камакта экенин, үч өспүрүм баласы бардыгын, буга чейин соттолгонун билдирди. Үй-бүлөлүк абалы тууралуу суроого ал “бойдок” экенин айтты. Кайсы бир ишканада логистика боюнча кеңешчи экенин кошумчалады.

Бишимбаев ага тагылып жаткан айыптоолор түшүнүксүз экенин айтып, баарын четке какты.

Экс-министрдин адвокаттары ага тагылган "өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренесин "кокустуктан адам өлтүрүүгө" алмаштырууну өтүндү. Адвокаттардын айтымында, Бишимбаев Нукенованы башка тепкилегени тууралуу “эч кандай факты жок”.

12-марттагы отурумда судья адвокаттардын бул өтүнүчүн четке какты.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, келиндин өлүмүнө мээсиндеги жаракат, 3-4 жума мурдагы жана 12 саат мурун алган гематомалар себеп болгон.

“Кызганычтан улам ресторанда чындыгында уруш болгон. Бишимбаев башынан эле алаканы менен чапканын жашырбайт. Бишимбаевдин бардык аракеттери Салтанат Нукенованы тынчтандыруу үчүн жасалган”, - деди адвокат Балашов.

Дагы бир адвокат Назкен Кусаинова тергөө маалында көп мыйзам бузуулар болгонун, жактоочулардын талаптары канааттандырылбаганын айтты.

Нукенованын агасы жана адвокаттары комментарий берүүдөн баш тартышты. Салтанаттын агасы Кайрат Нукенов журналисттерге мындай маалымат берди.

“Ал оор берене менен буга чейин соттолгон. Бул экинчи оор берене. Демек, рецидив. Мындай адамды эркиндикке чыгарганга болбойт. Ал отуруп алып, уялбай “мен күнөөсүзмүн” дейт. Биз буга жол бербейбиз”, - деди Кайрат Нукенов.

Соттук отурумду утурлай Бишимбаевдин адвокаттары кеңири маек берип, айыптардын баарын четке кагып, окуяны “кырсык” деп сыпатташкан.

Социалдык тармактарда бир катар белгилүү блогерлер Нукенованын ишинде күмөндүү жагдайлар бар экенин жазып чыгышты. Айрымдар муну экс-министрди “актоо” боюнча кампания деп санашат.

31 жаштагы Салтанат Нукенованын өлүмү казак коомундагы кыз-келиндер кабылган зордук-зомбулук маселесин дагы бир ирет козгоду.

Бир кезде эң жаш министр катары таанылган капчыгы калың, сый-ургалдары жетиштүү 43 жаштагы Куандык Бишимбаевге көпчүлүк мекендештери суктангыдай эле.

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызыл-Ордо айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы кызматтан бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG