Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:36

“Баламды коңшунун уулу кордоду”. Бүтпөгөн сот, адилеттик издеген эне


  • Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган "Адилеттик издейм" подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга микрофон сунабыз.

Жети жаштагы баласы зордукталып, зомбулук көргөнүн айткан эне төрт жылдан бери акыйкаттык издеп жүргөнүнө даттанып, "Адилеттик издейм" берүүсүнө кайрылды.

Аты-жөнүн жана жашаган аймагын жашыруун калтырууну өтүндү (биз аны шартуу түрдө Эркайым деп атайбыз). Анткени баласы кийин кодуланбасын деп кооптонот. Азыркы тапта сот иши уланууда.

Азиза Абдирасулова: Бизге бир нече ай мурда 36 жаштагы эне кайрылган эле. Анын айтымында, мындан төрт жыл мурда жети жаштагы баласын кошунасы зордуктаган. Энеси бул кайгылуу окуяны уккандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдарга, милиция кызматкерлерине кайрылып, кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул иш соттун биринчи инстанциясында каралып жатат. Айта кетчү нерсе, ошол окуядан бери төрт жыл өтсө дагы, эмнегедир айыпталуучу жоопко тартылбай, сот иши улам-улам артка жылдырылып, создугуп келүүдө. Айтсаңыз, бул окуяны кантип билип калдыңыз? Кимдерге кайрылдыңыз?

Эркайым: 2020-жылы 21-апрелде саат экилер чамасында баламды дүкөнгө жибергем. Бир маалда балам өзүн жаман сезген акыбалда келди. Бутун сүйрөп басып, көздөрү кызарып... “Жакшы эле чыгып кеттиң эле, сага эмне болду?” десем, балам айтуудан баш тартты. Тактап сурасам, “Апа, биздин подъездде 3-кабатта жашаган кошунабыздын баласы, мени уруп качып кетти” деди. “Эмне үчүн сени урду?” десем, “Сен кечээ эмне үчүн жертөлөгө түшүп турган жоксуң” дептир. Анчалык деле жаман оюм жок эле, 102 чалып, милиция кызматкерлерин чакырдым. Алар келгенде тиги бала башында “Урган жокмун” деп, моюнга алган жок. Дал ошол урган жерде дүкөндүн видеокамерасы бар болчу. “Анда камердан текшерип көрөбүз” десем, баягы бала “Кечирип коюңуздар, башка кайталанбайт” деп баштады. Атасы дагы чыгып, “Эми бир подъездде жашагандан кийин, жарашалы” дегенде, “Макул, экинчи кайталанбасын” деп кечирип, арыз дагы жазбай койгом.

Азиза Абдирасулова: Кечиримди оозеки түрдө эле сурадыбы же жазып дагы бердиби?

Эркайым: Жазуу түрүндө дагы берген.

Азиза Абдирасулова: Жазуу түрүндөгүсү бир жерде сакталуубу?

Эркайым: Азыркы иштин ичинде бар. Балам үч-төрт күн өткөндөн кийин “Апа, ушул байке мени жөн эле урбайт эле, жер төлөдө, үйдүн маңдайындагы контейнерде, мага уят иштерди жасайт эле” деп, ыплас аракеттерин айтып берген. Шок болуп, ал баланын үстүнөн арыз жазгам. Карантин убагы эле. Арыз жазгандан кийин, тергөөчүлөр: “Экспертиздан өтүңүздөр, биз чара колдонобуз. Сиздер сыртка чыкпай туруңуздар”,- деп коюшкан. Кийин “Иш эмне болду?” деп, кабар алганы барсам, тергөөчү “Майда тартип бузуучулук деп жаап койдук. Үйдө отура бербейсизби” деп кубалап чыкты.

Азиза Абдирасулова: Сиз жашаган жердеги жергиликтүү тергөөчүлөр да ээ?

Эркайым: Ооба. Тергөөчүнүн башчысы “Ишти жаптык. Экспертиза таза чыкты. Үйүңүздө отура бериңиз” деп, иш (дело) менен дагы тааныштырбай, мени урушуп, чыгарып салды.

Азиза Абдирасулова: Балаңыз канча жашта эле?

Эркайым: Жети.

Азиза Абдирасулова: Ошондо балаңызды чечиндирип, денесин карап көрдүңүзбү?

Эркайым: Ооба. Сүрөткө дагы тартып алгам. Чынында, баламдын май куйругунда жараат бар экен. Баламдын жандуу жерлерине тамекинин чоктору басылыптыр. Ишти жаап салышкандан киийн, мен кайрадан прокуратурага барып, “Экспертизага ишенбей жатсаңыздар, өз көзүңүздөр менен көрүңүздөр. Жандуу жерлеринде тамекинин издери турат. Кандай жүрөгүңөр чыдабайт!” дедим. Прокуролор өз көзү менен көрүп, кайрадан комиссиялык комплекстик экспертиза дайындап, Бишкекке жөнөтүшкөн. Комиссиялык комплекстик экспертиза далилденип келгенден кийин, тергөө башталып, балам суракка чакырылат. Тиги баланын ата-энеси “Үйүбүздү сатып, баланын ден соолугун калыбына келтирип берели” деп эле, кечке кечирип сурайт. Менде видеолору, кечирим сурап жазган sms каттары бар. Дагы башка бирөөнүн баласы жабыркап калбасын деп, кечирбей койгом. Себеби мындай мыкаачыларды мыйзам кечирбеши керек.

Азиза Абдирасулова: Арыз жазганыңардан бери төрт жыл өтүптүр ээ?

Эркайым: Ооба. Башында, кечирбей койгондон кийин, баланы “кылмыш жазасына тартылууга жарабайт”(невменяемый) деп, психатриялык ооруканага да жаткызып коюшкан. Ошентип эле созулуп келет. Экспертизаны Казакстанга жөнөтүшүп, “башка эркектики экен”, “аялдын уруктугу экен” деп чыгартып, төрт жылдан бери соттор жыйынтык чыгара албай жатышат. Али бир дагы соттун чечими жок.

Азиза Абдирасулова: Бүгүнкү күндө ишиңер кандай абалда?

Эркайым: Бүгүнкү күндө ишти соттун биринчи инстанциясы карап жатат.

Азиза Абдирасулова: Биринчи инстанциянын карап жатканына канча болду?

Эркайым: Үч жыл болуп калды.

Азиза Абдирасулова: Үч жылдан бери бүтпөй, каралып жатат, демек?

Эркайым: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Азыр балаңыз 11 жашка чыгып калыптыр. Акыбалы кандай?

Эркайым: Баламдын психологиялык абалы өтө оор. Психолог менен дагы иштешип жатам. Баламды башка чөйрөгө алып кеткенге аракет кылдым. Ошол баланы унута албай койду. Унутсун деп, спортко дагы бердик. Бир күнү машыгып жүргөн жеринен, чуркап бара жатып, тиги соттолуп жаткан баланы автобустун ичинен эле көрүп калып, агайына дагы бул окуяны айтып бериптир. Үйгө келип, “Силер эмнеге мени алдайсыңар? Тиги бала жөн эле эркиндикте жүрөт экен го!” деп бизге аябай капа болгон. “Аны ойлобочу, балам. Кудай жазасын берет” деп койдум. Балам президентке кат жазып, почтага барыптыр. Почтадагы эже айтты аны. Ал катты окуп алып, жүрөгүм чыдабады. Катты жөнөтүүнү каалабадым. Баламдын жүрөгүндө ошол нерсе ушул мезгилге чейин жашап келет.

Азиза Абдирасулова: Эмне деп жазыптыр президентке?

Эркайым: “Ал бала камалып кеткен” деп, эмнеге мага ата-энем жалган сүйлөйт? Мени ата-энем алдабасынчы. Айтып коюңузчу. Соттор эмнеге менин сөзүмө ишенбейт. Экспертиза кылсак дагы, ал балага тийиштүү эмес экен деп айтышты” деп жазыптыр. Президентке кат жазуу кичинекей баламдын акылына жетиптир...Бул нерсеге эми жүрөк чыдабайт.

Азиза Абдирасулова: Окуусу, жашоого болгон көз карашы кандай?

Эркайым: Балам “Апа, мен эртерээк эле кудайдын алдына баргым келет” дейт. “Кудайга ошол окуяны айтып бергим келет. Кудай эртерээк жазаласынчы. Качан кудай жазалайт” дейт. Психологдор менен деле иштешип жатабыз. Бирок баламдын жашоого болгон көз карашы таптакыр башкача. Башка эле адамдай. “Көргөн башка балдардан дагы сураңыздар. Эмнеге мага ишенбей жатышат” дейт балам...

Азиза Абдирасулова: Башка балдар дагы көрүптүрбү?

Эркайым: Ооба, баламдын өзү менен тең эле балдар. Алар дагы баарын мага айтып беришкен. Аны видеого тартып алсам, “Сенин видеого тартканга укугуң жок. Сен коркуткансың” деп, тескерисинче мага жалаа жабышты. Балам менен чогуу ойногон, көргөндөрдөн сурадым. Далилдер бар. Көргөн адамдар дагы бар. Анан эле, баламдын кийиминдеги урук башка адамга таандык деп чыкканы таң калычтуу.

Азиза Абдирасулова: Жети жаштагы баланы уруп-соккону аз келгенсип, зордук көрсөтүү өтө оор кылмыштын түрүнө кирет. Сот иштеринин бүтпөй жатканына, тиги баланын эркиндикте жүргөнүнө эмне себеп деп ойлосуз? Эмнеге байланыштуу болушу мүмкүн?

Эркайым: Кылмышкердин ата-энеси үйүн, дагы башка бир нече мүлктөрүн сатып, башка жакка көчүп кеткен. Моюнга алып, кечирим сурашкан. Анан Бишкектен шилекейи, кан группасы, баары дал келген экспертиза, кийин эле аял кишинин уруктугу менен аралашып кетиптир деп чыкканы мага таң калычтуу эле болду. Өзүм көрбөгөндөн кийин айтыш дагы кыйын экен.

Азиза Абдирасулова: Иш материалдарынын кээ бир расмий документтер менен таанышканымда, 2023-жылы январь айында, силердин ишиңерди карап жаткан судья “Биринчи алынган биологиялык материлдар жок кылынсын” деген чечим чыгарып берген экен. Ошого эмне себеп болду? Ошол материалдарын жок кылынуусуна силер макулдук бердиңерби?

Эркайым: Жок, макулдук берген эмеспиз. Айыпкердин адвокаты ал материалдарды жок кылып берүүсүн суранган. Анан судья чечим кабыл алган...

Азиза Абдирасулова: Иштин ичинде мындай жагдай бар экен. Ошол судьянын чечими менен кайра жаңылап, тиги баладан экспертизага кан алынган экен. Ошол биринчи материалдар жок кылынсын дегенден кийин, жаңы материалдар алынып, экспертизанын жыйынтыгы таптакыр башка болуп чыгыптыр. Ошол биринчи алынган материалдар атайын жок кылынган деген ойдо эмессиңерби?

Эркайым: Мен ошондой ойдомун. Атайын жок кылынган же болбосо жууп, башка бирөөнүкүн коюп койгон деген эле ой келип жатат. Себеби “Дагы башка бала сени ошентти беле?” деп сурасам, ошол эле баланы айтты. Жогоруда айткандай, күбөлөр бар, баламдын өзүнүн көрсөтмөсү бар. Анан эле баламдын кийиминдеги урук башка бирөөгө таандык дегени- өтө таң калычтуу.

Азиза Абдирасулова: Кийинки Казакстандан келген жеке экспертизанын жыйынтыгы ушундай болуп жатат да ээ?

Эркайым: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Бул экспертиза, “Биринчи алынган материалдар жок кылынсын” деген чечимден кийин жасалып жатат да ээ?

Эркайым: Ооба.

Азиза Абдирасулова: Эми коомчулуктан, укук коргоочулардан, бийлик өкүлдөрүнөн, президенттен кандай жардам күтөсүз?

Эркайым: Президенттен же болбосо Камчыбек Кыдыршаевичтен сот системасын катуу көзөмөлгө алуусун суранат элем. Себеби биз ишибиз сотко өткөндөн кийин, сот өзү кайра Казакстанга экспертизага жиберип, ал жактан башка жыйынтык чыгып жатат.

Азиза Абдирасулова: Азыр ошол эле судья карап жатабы?

Эркайым: Жок, азыр башка. Азыркы судья дагы кандай чечим чыгарарын билбей, таң калып жатат окшойт. Балам психологдун алдында конкреттүү айтып берип жатат. Күбөлөр бар. Болгону баланын кийиминдеги уруктук башка бирөөнүкү деп, айыпкерди актап...

Азиза Абдирасулова: Иштин ичинде балага чакырылган психолог, психотерапевттердин жыйынтык экспертизаларын окудум. “Бул бала фантазия кылбайт. Жалган айтпайт. Суроолорго так жооп берет. Акыл-эси жайында. Бирок коркуу сезими бар. Бир нерседен чочуп турат. Бул нерсе башынан өткөн окуяга байланыштуу болушу мүмкүн” деген жыйынтыкты чыгарып беришиптир...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG