Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

"Ата, мен түрмөдөн тирүү чыкпайм". Күйөөсүнүн өлүмүнө шек саналган келин соттолууда


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Казакстандын Түркстан облусунда күйөөсүн өлтүргөн деп шек саналган 34 жаштагы аялдын иши боюнча сот башталды. Аял сотто өзүн коргоо үчүн кылмышка барганын айтты. Сотто ал 14 жыл зомбулукка чыдап жашап жүргөнүн билдирди. Күбө катары жубайлардын жашы жете элек үч баласы көрсөтмө беришти.

«Балдарым үчүн 14 жыл чыдадым»

Аял сот залына келээр замат атасына темир тор артындагы жашоосун айтып берди:

- Кыйналдым. Билесизби, аял үчүн түрмөдө болуу кандай кыйын?! Канча жолу айттым? Жолдошумдун катаал мүнөзүн элдин баары билчү. Бирок мага ажырашканга уруксат берген эмессиңер. Ал мени 14 жыл бою сабап келди. Денемде тамтык жок. Мени коргой турган, мени жактай турган эч ким жок болду. Ата, мен түрмөдөн тирүү чыкпайм. Ал жерде мен үчүн канчалык оор экенин сиз билбейсиз!

Бул сөздөрдү айтканда аял көзүнө жаш алып, араң дем алып турду.

Атасы кызына: "Тынчтанууга аракет кыл!" - деп кыска гана жооп узатты.

34 жаштагы Жулдыз (соттолуучунун аты-жөнү балдардын кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлдү) адам өлтүрүүгө айыпталууда. Ага ошондой эле күйөөсү каза болгондон кийин анын унаасын сатканы үчүн "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылды. Соттолуучу сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, 14 жыл үй-бүлөлүк зомбулукка чыдап жашаганын, андай чыр-чатактардын биринде күйөөсүн кокустан өлтүрүп алганын айтты.

Кылмыштын изин жашыруу үчүн ал сөөктү бир нече бөлүккө бөлүп, сууга ыргыткан.

Жулдыз - үй-бүлөнүн жалгыз кызы. Ата-энесинин майыптыгы бар. Атасынын угуусу, апасынын көрүүсү начар.

Жулдыз күйөөсү менен 2009-жылы баш кошкон. Ортодо үч балалуу болушкан. Жубайлар 13 жана 12 жаштагы эки уул, 10 жаштагы кызын тарбиялап келишкен.

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы сот учурундагы абалды минтип сүрөттөйт:

«Жулдыз сот залына киргенде көз жашын тыя албай, деми кысылып жатты. Ата-энеси аны сооротууга аракет кылышты. Ал жүрөгүн кармап, көпкө чейин башын чайкап турду».

Сотто Жулдыз кайнисине кайрылып:

«Сен анын мүнөзүн билесиң, тосмо арыз жазып койсоң болмок», - деди.

Жабырлануучу катары таанылган маркумдун иниси жеңесинин мыйзам чегинде жооп беришин талап кылды.

Конвой сот залында тез эле тынчтыкты орнотуп, тараптардын кайым айтышын тыйды. Сот процесси дээрлик жымжырт, бир гана Жулдыздын апасынын маал маалы менен "Бул шылдың, шылдың" деген ыйы менен коштолуп өттү.

«​Мен аны өлтүрөйүн деп ойлогон эмесмин»

Окуя 2023-жылы 10-августка караган түнү Түркстан облусунун Сарыагаш районунда болгон. Мамлекеттик айыптоочу корутундусунда чырга Жулдыздын TikTok социалдык тармагына видео жарыялаганы себеп болгонун белгилеген. Маалыматка караганда, күйөөсү Жулдыздын социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салып келген. Сөз кайсыл видео тууралуу болгону белгисиз.

Прокурор сот залында жубайлардын ортосунда чыр чыгып, «Жулдыз күйөөсү дарбыз жеп жаткан учурда аны бычак менен сайып, башына таш менен чапкан» деп айтты. Ошондой эле айыпталуучу сөөктү үч күн үйүндө катып, кийин аны кескилеп бөлүп, дарыяга ыргытканын кошумчалады.

«Ал сөөктү балталап, тиштерин кагып, башын кесип... жыт чыкпасын деп денени желим баштыкка салып, эртеси эки челекке салган. Үч күндөн кийин ал өлүктү дарыяга ыргытуу үчүн унаа жалдаган. Айдоочу жыт тууралуу сураганда, "койдун эти сүрсүп кетти" деп жооп берген. Айдоочу Жулдыз «этти» дарыяга ыргытам дегенине каршы болгон. Анда аял кылмыш жасаганын мойнуна алган. Айдоочу Жулдызды үйүнө алып келип, милиция чакырган. Бирок милиция келгенге чейин аял сөөктү башка унаа менен Келес дарыясына алып кеткен. Ал кишини атайылап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн», - деди прокурор.

Жулдыздын айтымында, күйөөсү аны «баш ийбегени» - социалдык тармактарды колдонгондугу үчүн сабаган. Анын айтымында, ошол түнү күйөөсү уруп, мойнуна бычак такап, өзүн-өзү өлтүрүүгө буйрук берген.

«Биз дарбыз жеп отурганбыз. Бирөө жолдошума телефон чалып, «аялыңыз ТикТокто отурат» деди. Муну уккан жолдошум башыма бир нече жолу муштап ийди. «Мен үчкө чейин эсептегиче, бычакты алып, өзүңө сай» деп буйрук берди. Ал менин оң жагымда отурган. «Токто, бычак азыр бирөөбүзгө тийет» дедим. Бычактын сабы менен башына урсам, эсин жоготуп коёт деп ойлогом. Мен өзүмдү коргоого аракет кылдым. Ал санай баштады: "Бир, эки..." Ал: "Үч!" - деп кыйкырганда, мен ордумдан ыргып кеттим. Ошол маалда колумдагы бычактын учу мойнуна кирип кетти. Дарбызга кан чачырады. Мен коркуп кеттим. Ал артка секирип, эсин жоготту. Мен аны өлтүрөйүн деп ойлогон эмесмин. Мен аны сүйөрүмдү баары билишчү, бирок ал мени 14 жыл кордоду. Канча жолу токмок жедим. Балдарым үчүн баарына чыдадым».

Аялдын айтымында, ал эсин жоготкон күйөөсүн көрүп, кыйкырып жиберген. Бул учурда балдар ашканага чуркап кирип, атасынын кансырап жатканын көрүшкөн.

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

«Атасы мүрзөдө, апасы түрмөдө»

Ал каргашалуу түн Жулдыз менен Багландын үч баласынын жашоосун түп-тамыры менен өзгөрттү.

Үчөө тең ар бир сот отурумуна келип, имараттын короосунда отурушат. Алар сотко кишенчен келип жаткан апасын көрүшөт.

Прокурор балдарды сот залында кылмыштын күбөсү катары суракка алууну талап кылган.

Балдар залга киргенде, тосмонун артында аял ыйлап, кыйкырып, сот ага сөгүш берди. Балдардын улуусу соттун суроолоруна жооп берди.

«Иним экөөбүз сыртта болчубуз. Апамдын кыйкырганын угуп, үйгө чуркап кирдик. Апам кансырап жаткан атамды кучактап ыйлап жатыптыр. Биз да апабызды кучактап, ыйладык», - деди бала көзүнө жаш алып.

Сот аны сооротууга аракет кылып, ата-энесинин ортосундагы мамилени сурай баштады.

«Атам апамды ур-токмокко алган», - деди ал.

Балдардын психологиялык абалынан улам судья аларды суракка алууну токтотту.

Жулдыздын балдары азыр ата-энесинин колунда.

«Балдар кыйналды. Улуулары сүйлөй албай, тамак иче албай калышты. Эң улуусу дагы деле жакшы сүйлөй албай атат. Экинчиси жаман түштөрдү көрөт», - деди таятасы.

Таятасынын айтымында, бул үй-бүлөдөгү окуяны балдардын классташтары билип, окуу башталганда алар мектепте басымга кабылышкан. Ал балдар курдаштары менен баарлашкандан коркуп калышканын, мугалимдер жардам бергенин кошумчалады:

«Балдардын ортончусу апасын сагынып, куса болуп атат. Көп ыйлайт. Балдарды сооротуу үчүн баарын жасайбыз», - дейт алардын таенеси.

Жулдыздын ата-энесинин айтымында, балдардын бул иш боюнча күбө катары таанылып, сотко чакырылышына алар каршы болгон эмес.

Жашы жете электерди сотко чакырууда сот Жазык-процесстик кодексинин 209-беренесине («Сурактын орду, убактысы жана узактыгы») таянган.

Беренеде жашы жете элек балдарды суракка алуу күндүз жана тыныгуусуз эки сааттан ашык, суткасына төрт сааттан ашык созулушу мүмкүн эместиги көрсөтүлгөн. Баланын абалына жараша көрсөтмө берүү токтотулушу керек.

Сотко аларды психолог жана Жулдыздын жактоочусу коштоп келди.

«Темир буюмдар менен сабап, башын сындыра чапкан...»

Сотто Жулдызды мамлекет тарабынан берилген жактоочу коргоп жатат. Ал сотко чейинки тергөө иштери талаптагыдай жүргүзүлгөн эмес жана соттолуучунун узак убакыт бою үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы эске алынган эмес деп эсептейт.

«Бул кылмыштын себебин эч ким изилдеген эмес. Кылмыш кандай жагдайда жасалган? Киши өлтүрүү эмоционалдык стресс абалында, аффект абалда жасалганбы? Соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлгөн эмес. Соттолуучу бул окуяларга чейин үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Күйөөсү аны темир буюмдар менен сабап, бычак менен уруп, башын сындыра чапкан. Анын алган жаракаттарынын издери дагы эле денесинде бар. Эч кандай экспертиза дайындалган эмес. Биз эки экспертиза дайындалышын суранабыз», - деди жактоочу Махмут Турганбаев.

Жабырлануучу катары таанылган маркумдун жакындары жактоочунун бул өтүнүчүнө каршы чыгышты. Судья чечим кийинки соттук отурумда жарыяланарын билдирди.

Жулдыздын апасы кызынын кылмышка барышына күйөөсүнөн көргөн зомбулук себеп болгон деп эсептейт:

«Кызыма абдан кыйын болду. Күйөөсү аны эсин жоготкончо сабачу. Ал башына уруп, чачынан сүйрөп, белине бычак сайган. Денесинде тамтык жок. Милицияга арыз жаз, ажыраш деп далай жолу айттым. Ал өзү каалаган жок, атасы тирүүсүндө балдар жетим калбасын дечү. Мына, жетим калды", – деди апасы.

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Маркумдун бир тууган агасы "Азаттыкка" анын келини "акылга сыйгыс оор кылмышты" жасаганын - күйөөсүн өлтүрүп, денени балта менен бөлүп, бир жерге сактап койгонун айтты.

«Инимди жерге бергенде сөөктү толук таба алган жокпуз», - деди ал.

«Азаттыктын» үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук боюнча суроосуна жабырлануучунун бир тууганы:

«Чыр чатаксыз үй-бүлө болбойт. Биз үчүн да оңой эмес», - деди.

Кайын журтунун айыптоолоруна Жулдыз:

«Тез жардам чакырайын дегем. Мен шок абалда болчумун. Балдарым жетим калат. Анан сөөктү жашырсам, эч ким билбейт деп ойлодум. Андан кийин эмне болгону эсимде жок», - деди ал сотто.

Жулдыз Адамбекова 2023-жылы 14-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын иши 2023-жылы 1-декабрда сотко өткөн.

Бул Казакстанда узак мөөнөттүү үй-бүлөлүк зомбулук адам өлүмү менен аяктаган экинчи чуулгандуу окуя. Буга чейин 31 жаштагы кош бойлуу аял күйөөсүн өлтүргөн деп айыпталган. Ал дагы кылмышка өзүн-өзү коргоо үчүн барганын айткан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG