Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

"Тыңчыларды азайтуу керек". Германия орусиялык дипломаттарды чыгарды


Украинадагы согушка каршы Берлинде өткөн акцияда тартылган сүрөт. Акциянын катышуучусу украин желегин көтөрүп турат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду
Украинадагы согушка каршы Берлинде өткөн акцияда тартылган сүрөт. Акциянын катышуучусу украин желегин көтөрүп турат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду

Германия бийлиги үчүн орусиялык дипломаттарды жапырт мамлекеттен чыгарууда. Кремль да ушундай жол менен жооп кайтарды. Буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрү орус дипломаттарын чыгарып жиберген.

“Орусиялык тыңчылардын санын азайтуу”

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 20дан ашуун немис дипломатын өлкөдөн чыгарып жатканын 22-апрелде маалымдап, бул немис тарап мурдараак кабыл алган ушундай эле чечимге жооп экенин билдирди. Германия буга расмий комментарий бере элек. Reuters агенттиги ишемби күнү Орусиянын өкмөттүк учагынын Берлинге келиши ушул маселеге байланыштуу экенин жазды.

Deutsche Welle каналы Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин өлкөдөн чыгаруунун максаты - “орусиялык тыңчылардын санын азайтуу” экенин Германиянын Тышкы иштер министрлигине таянып кабарлады.

Март айында Focus басылмасы Германия 30дан ашык орус дипломатын өлкөдөн чыгарууну карап жатканын жазган. Анда немис коопсуздук органдары орусиялыктар дипломатиялык кол тийбестик укугунан пайдаланып, "саботаж даярдап, жалган маалымат таратуу үчүн кишилерди жалдоодо" деген тыянакка келишкен.

Бир жыл мурун да Германия орусиялык 40 дипломатты персона нон-грата деп жарыялаганда Орусия дагы 40 немис дипломатына карата ушундай чечим кабыл алган. Немис тышкы иштер министри Анналена Бербок анын себебин түшүндүрүп жатып, дипломаттар “ар күн сайын эркиндикке жана коомдун биримдигине каршы иштегенин” билдирген.

Быйыл апрелдин башында Норвегия Орусиянын Ослодогу элчилигинин 15 кызматкерин персона нон-грата деп жарыялаган. Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хюитфелд аларды өлкөдөн чыгарууну “орусиялык чалгындоо ишмердүүлүгүнүн деңгээлин төмөндөтүү жана ага каршы туруудагы маанилүү кадам” деп атаган. Австрия бийлиги да онго жакын орус дипломатын Москвага кайра жөнөткөн.

Орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу талабы менен Австралияда өткөн акция. 11-октябрь, 2022-жыл.
Орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу талабы менен Австралияда өткөн акция. 11-октябрь, 2022-жыл.

Былтыр орус күчтөрү Украинага басып киргенден кийин Москванын Европадагы айрым элчиликтеринде чалгын кызматынын өкүлдөрү иштеп жүргөнү аныкталган. Бир жарым жылдай убакыттан бери АКШ жана Европа мамлекеттери 200дөн ашуун орус дипломаттарын мекенине кайтарды. Алардын жүрүм-туруму “коопсуздук чараларына каршы келгени” белгиленген. Орусия да ушундай жооп кайтарган.

Санкциялар кеңейүүдө

Европа Биримдиги жаңы санкциялар пакетинде Орусия аркылуу жүк ташууга тыюу салууну узартты. Бул тууралуу Bloomberg жаңы санкциялык сунуштар менен тааныш болгон жашыруун булактарга таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Орусия аркылуу үчүнчү өлкөлөргө жүк ташууга толук тыюу салынбайт, бир катар технологияларга жана жабдуулардын түрлөрүнө чектөөлөр киргизилиши күтүлүүдө.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Польша, Эстония жана Литва Евробиримдиктен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинде, авиациялык жана космостук тармактарында колдонула турган жүктөрдү Орусия аркылуу ташууга толук тыюу салууну суранууда. Бул жүктөрдүн тизмеси ачык айтыла элек.

Буга чейин Орусияга чектеш Европа мамлекеттеринин Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү кыйла өскөндүгү журналисттик иликтөөлөрдө аныкталган. Эксперттердин айтымында, Орусия тыюу салынган товарларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу алып, Батыштын санкцияларын айланып өтүү камын көрүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 14 айга созулган баскынчылыкты эртерээк токтотуу үчүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу кайталады.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Зеленский "Орусиянын агрессиясына инвестиция салууда" деп эсептеген жүздөгөн компанияларга каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Ал орус армиясы үчүн курал-жарак жана тетиктерди чыгарган 322 компания санкция тизмесине киргенин айтты.

"Орусияга каршы санкциялык режим канчалык катаал болсо, террордук мамлекетке жана аны менен байланышы бар бардык адамдарга, бүткүл орусиялык согуш экономикасына каршы чектөөлөр көбөйтүлсө, агрессияны токтотуу тездейт. Муну түшүнгөндөргө ыраазычылык билдирем", - деди ал ишемби күнкү видеокайрылууда.

Зеленский "Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн жана Украинанын эркиндигин талкалоого катышкан" бир катар жеке жана юридикалык жактар да санкция тизмесине киргизилгенин кошумчалады.

Чыгышта салгылаш уланууда

Ал арада Донецк облусунун Бахмут жана Марьинка шаарларында айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын украин армиясы 23-апрелде маалымдады. Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттун үч кварталын басып алганын жарыялады. Согушка чейин 70 миң калк жашаган шаар талкаланып калды. Киев бул калаанын көп бөлүгүн орустар көзөмөлгө алганын бышыктаган жок.

Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов Орусия түндө С-300 ракеталары менен аткылаганын билдирди.

Ал Телеграмга "Харьковдо орус ракеталарынын бири жашылча фабрикасынын аймагында абада жарылганын, күнөскана, цехтин жумушчулары жабыркаганын" жазды. Синегубов Котляры айылында эки үй талкаланып, 10 турак жай зыян тартканын, өрт чыкканын кошумчалады.

Акыркы 24 саатта орус аскерлери Запорожье аймагына да 70ке жакын чабуул жасаганын облустук аскер администрациясынын башчысы Юрий Малашко билдирди. Анын айтымында, чабуулдар ракеталык системалар жана дрондор менен ишке ашырылган. Жарандык объектилер зыян тартып, Степногорск шаарында улгайган киши жарадар болду.

Херсонго соңку бир күн аралыгында 54 жолу чабуул коюлганын, бир адам өлүп, экөө жарадар болгонун жергиликтүү бийлик маалымдады.

Талкаланган Бахмут
Талкаланган Бахмут

21-апрелде Украинанын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитетинин башчысынын орун басары Юрий Аристов согушта турак жайлардын үчтөн биринен көбү жана инфраструктуралык объектилердин төрттөн бир бөлүгү талкаланганын билдирди. Зыян 144 миллиард долларга бааланууда.

Аскердик серепчилер Украинада Москва алдан тайып баратканын белгилешүүдө. Мындан улам орусиялык жалдоочулар мечиттерде, жатаканаларда жана миграциялык борборлордо эмгек мигранттарын согушка тартуу аракетин күчөткөнүн күбөлөр "Эркин Европа\Азаттык" радиосуна айтып беришти.

Куралдуу күчтөрдүн катарын 300 миң кишиге толуктаган өткөн күздөгү жарым-жартылай мобилизациядан кийин Москва жаңы өнөктүктү расмий жарыялай элек. Мобилизация жөнүндөгү буйрук согушту каалабаган он миңдеген кишилерди өлкөдөн качууга аргасыз кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG