Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:47

Путиндин бийлигин кескин сындаган Кара-Мурза 25 жылга соттолду


Оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурза Москва шаарынын сотунда, 17-апрель 2023-жыл.
Оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурза Москва шаарынын сотунда, 17-апрель 2023-жыл.

Эл аралык коомчулук Орусияда оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзанын 25 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилишин “саясий иш” деп сыпаттап, аны дароо бошотууну талап кылууда. Саясатчы мамлекеттик чыккынчылык, армия тууралуу жалган маалымат таратуу айыптарын четке кагууда.

17-апрелде Москва шаарынын соту чыгарган өкүмдү комментарийлеп саясатчы, журналист жана публицист Кара-Мурза өзүнө берилген 25 жыл анын "туура иш кылганын далилдегенин, ал ишке жаран, патриот жана саясатчы катары терең ишенерин" айтты. Ал ошондой эле "Орусия эркин болот" деген оппозициянын ураанын кайталады.

Кремлдин Украинага басып киришине каршы чыккандар буга чейин мындай катаал жазага тартыла элек болчу.

Орусия жана Британиянын жараны, 41 жаштагы Кара-Мурзанын сот процесси мартта башталып, кылмыш ишинин материалдары жашыруун деп табылгандыктан, жабык өттү.

Дүйшөмбү күнкү жараянга журналисттер, дипломаттар, саясатчынын колдоочулары катышты. Орусиянын маалымат каражаттарынын жазганына караганда, анын адвокаты Мария Эйсмонт сот өкүмүнө каршы апелляциялык арыз бере турганын билдирди.

Эл аралык коомчулуктун Кара-Мурзаны бошотуу чакырыктары

Британиянын өкмөтү өкүмдү айыптады жана иштин артында “саясат” турганын белгиледи. Билдирүүдө айтылгандай, Орусиянын Лондондогу элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылды, ага “Кара-Мурзаны айыптоо менен Москва адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатканы” эскертилмекчи.

"Владимир Кара-Мурза Орусиянын Украинага басып киришин кескин айыптаган. Себеби, кол салуу эл аралык укукту жана БУУнун Уставын одоно бузуу болуп саналат”, - деп билдирди британ өкмөтү.

БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Волкер Түрк саясатчыны тезинен бошотууга чакырды.

"Кара-Мурза жарандын өз оюн эркин билдирүү укугуна байланыштуу соттолду көрүнөт. Бир да адам укуктарынан, эркиндиктеринен ажыратылбоого тийиш”, - деп белгиледи Түрк.

Оппозиционерди 25 жылга кесүүгө Европа Биримдиги да наазарызылыгын билдирди. Шаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Борреллдин айтымында, соттун катаал чечими “Украинага каршы агрессияны айыптаган активисттердин, укук коргоочулардын, башка макул эместердин добушун басуу үчүн сот системасы саясий максатта кыянат колдонулуп жатканын дагы бир жолу далилдеди”.

Буга чейин Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Кара-Мурзаны “абийир туткуну” деп тааныган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвадагы кабарчылардын өкүмдү комментарийлөө өтүнүчүн четке какты.

Кара-Мурза былтыркы апрелден бери тергөө абагында отурат. Ага каршы үч кылмыш иш козголгон. Атап айтканда, мамлекеттик чыккынчылык, армия тууралуу “жалган маалымат таратуу” жана “ылайыксыз” уюм менен кызматташуу беренелери боюнча айып тагылган.

6-апрелде прокуратура саясатчыны 25 жылга эркинен ажыратууну сураган. “Свобода” радиосунун жазганына караганда, бул мамлекеттик чыккынчылык беренесинде каралган максималдуу мөөнөттөн узак. Себеби, саясатчыга дагы бир нече айып тагылган.

Саясатчыга тагылган айыптын өзөгү

Чыккынчылык тууралуу иштин өзөгүн анын АКШнын Аризона штатында өкүлдөр палатасында, Лиссабон, Осло жана Вашингтондо чыгып сүйлөгөн сөздөрү, Сахаров борборундагы тегерек үстөлдө айткандары түзөт.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 15-мартта Аризонада Кара-Мурза “саясий жек көрүү сезимине жетеленип, калп маалыматты чындык деп тараткан”. Мисал катары Украинанын жайкын тургундар жашаган райондорун, социалдык инфраструктураны бомбалоо тууралуу кеп кылганы келтирилет.

10-апрелде акыркы сөзүн сүйлөгөндө Кара-Мурза күнөөсү жоктугун айтып, Орусиядагы укуктук кырдаал 1930-жылдардагы окуяларга окшошуп калганын, өлкөдөгү абалды жаап-жашырбай сүрөттөгөнүнө сыймыктана турганын белгиледи. Анын соттогу сөздөрү Твиттердеги баракчасына чыкты. Оппозиционер Кремлдин режими канчалык кооптуу экенине мекендештерин ынандыра албаганы үчүн өкүнөрүн, ошон үчүн өзүн күнөөлүү деп сезерин кошумчалады.

Көз карандысыз журналисттер, укук коргоочулар, политологдор, жазуучулар, оппозициялык саясатчылар менен активисттер, бардыгы болуп 70тен ашуун киши, Кара-Мурзаны куугунтуктоону токтотууга, камактан бошотууга чакырды.

OVD-Info укук коргоо борборунун маалыматына ылайык Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери 20 миңдей киши согушка каршы чыкканы үчүн кармалган, жүздөгөн кылмыш иш ачылды, айрымдар 15 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG