Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Түркмөнстан: Бардык тойдо Аркадагдын ыры жаңырат


Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулган күнүндө ырдап жатат. Ашхабад. 29-июнь, 2011-жыл.
Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов туулган күнүндө ырдап жатат. Ашхабад. 29-июнь, 2011-жыл.

Түркмөндөр эми тойлордо милдеттүү түрдө мурунку президентинин ырларына бийлеши керек. Той бергенде экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ыры жок эле дегенде эки жолу коюлушу шарт.

Элдин турмушу дайыма көзөмөлгө алынып келген Түркмөнстанда дагы бир чектөө пайда болду. Өлкөнүн батыш аймактарынын тургундары эми тойлордо милдеттүү түрдө мурунку президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ырларына бийлеши керек.

Үйлөнүү үлпөтүндө же башка той-топурларда жок эле дегенде эки жолу экс-президенттин ыры коюлушу шарт.

Бул боюнча расмий токтом чыкпаса да, жергиликтүү нике каттоо бөлүмдөрү болочок жубайларга той алдында эскертип жатканын "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды.

"Никени каттоодо болочок жубайларга үйлөнүү үлпөтү түркмөн музыкасы менен коштолуп, той түркмөн стилинде өтүшү керектиги эскертилет", - деди "Азаттыкка" атын атагысы келбеген бир адам.

Мындан сырткары көп улуттуу Балкан велаятында чет элдик ырларды коюуга да тыюу салынды. Той өткөн ресторан же банкеттик залдарда элдин бул эрежелерди канчалык аткарып жатканы көзөмөлдөнүп турат.

"Диджейлер Бердымухамедовдун ар бири жети мүнөткө созулган
эки ырын ойнотууга милдеттүү", - деп айтып берди ресторандардын биринин кызматкери.

Банкет залда илинген Гурбангулы Бердымухамедовдун портрети.
Банкет залда илинген Гурбангулы Бердымухамедовдун портрети.

Көп улуттуу Балкан аймагынын тургундары жаңы эрежелерди нааразычылык менен кабыл алышкан. Өрөөндө этностук азчылыктар - теги орус, армян жана азербайжандар басымдуулук кылат.

"Тойдо бир гана түркмөн ырларын коюп, "куш депти" (улуттук бий) бийлетишти", - дейт Түркмөнбашы шаарынын тургундарынын бири.

Калаанын дагы бир тургуну той өткөн залда Бердымухамедовдордун портреттери илинип турганын жана тамада мурдагы президентти мактап сүйлөгөнүн айтты:

"Бул үйлөнүү үлпөт тою эмес эле, өкмөттүк иш-чара болду. Мамлекеттин биздин жеке жашообузга мынчалык кийлигишкенине баары абдан нааразы болушту", - деди ал.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн облустук бийлик менен байланышууга аракет кылып, бирок жооп ала алган эмес.

Буга чейин өлкөнүн Дашогуз жана Лебап велаяттарындагы этностук өзбектерге үйлөнүү үлпөтүндө түркмөн ырларын аткаруу жана түркмөндөрдүн улуттук кийимдерин кийүү буйруктары берилгени айтылган.

Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Тойлордо ыры жаңырып жаткан Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 15 жылдан ашык убакыт башкарып, бийликти 2022-жылы уулу Сердарга өткөрүп берген.

Ал президент кезинде эле ырчылык өнөрүн көрсөтүп, мекен, түркмөндөрдүн Ахалтеке аргымагы, жеңиш күнү жана башка темаларда ырдап, ал тургай рэп да аткарган жайы бар.

Эл менен жолугушууларда да ырдап, концерттерди өткөрүп, ага чиновниктердин токтобой кол чаап турган видеолору талкуу жаратып, түрдүү шакабаларга да жем таштаган. Клиптери мамлекеттик телеканалдарда байма-бай көрсөтүлүп келген мурдагы президенттин ырларынын тексти башкалардан көчүрүлгөнүн жана анын клиптерде музыкалык аспаптарда жасалма ойноп жатканы байма-бай айтылып келет.

Түркмөнстан - дүйнөдөгү эң жабык жана адам укуктары одоно бузулган мамлекеттердин бири. Бул авторитардык өлкөдө бийликтин талабын аткарбагандар же аны сынга алгандар катаал жазага туш болуп келет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG