Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Бердымухамедовдун бийлиги уулуна өттү


Сердар Бердымухамедов.
Сердар Бердымухамедов.

Түркмөнстанда 12-марттагы кезексиз шайлоодо президенттикке азыркы мамлекет башчынын уулу, 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов шайланганы кабарланды.

Президенттин уулу добуштардын 72,97% алды

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири саналган Түркмөнстанда жекшембиде президенттик шайлоо өтүп, президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти. Ага шайлоочулардын дээрлик 73 пайызы добуш бергенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

2016-жылы кабыл алынган конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, Сердар Бердымухамедов жети жылга шайланды. Шайлоодо Бердымухамедовдон кийин эле Түркмөнстан мамлекеттик дене тарбия институтунун проректору Хыдыр Нуннаев 11,09 пайыз добуш алды.

Буга чейин мамлекеттик телеканал жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 19-мартта баш калаа Ашхабадда өтөрүн кабарлаган.

Түркмөнстандагы шайлоочулар.
Түркмөнстандагы шайлоочулар.

Дүйшөмбүдө баш калаа Ашхабадда КМШ, Түрк мамлекеттер уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунан барган байкоочулар маалымат жыйынын өткөрдү.

КМШ байкоочулар тобунун жетекчиси Леонид Анфимов "шайлоо ачык-айкын, демократиялык маанайда өттү” деди.

Шайлоо күнү ондогон участкаларды кыдырганын баса белгилеген Түрк мамлекеттер уюмунун катчысынын орун басары Гисмат Гозалов:

"Президенттик шайлоо эл аралык стандарттарга жана жергиликтүү мыйзамдарга ылайык өттү", - деп айткан.

Шайлоодогу мыйзам бузуулар

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы да "кезексиз президенттик шайлоо ачык-айкын" болгонун жана “демократиялык принциптер сакталып жатканын” кабарлаганы менен социалдык тармактарда колдонуучулар шайлоодо одоно мыйзам бузууларга күбө болгонун жазууда.

Алсак, шайлоо участогундагы мыйзам бузуу Түркиянын TRT телеканалынын камерасына илинип калган. Бул видеодо журналист сүйлөп жаткан учурда анын артында шайлоочу урнага эки бюллетень салып жатканын көрүнөт. Эл аралык мыйзамдарга ылайык, шайлоодо бир шайлоочу бир жолу гана добуш бере алат.

Шайлоо күнү, 12-мартта мамлекеттик "Алтын асыр" телеканалы президенттикке талапкер Сердар Бердымухамедов үй-бүлөсү менен Ашхабаддагы шайлоо участогунда добуш бергенин түз алып көрсөттү. Анда ал добуш берүүгө чоң атасы Маликгулы Бердымухамедовдон мураска калган "Лада" үлгүсүндөгү унаасы менен келгенин көрүүгө болот.

Добуш берүүдөн кийин Сердар Бердымухамедов журналисттердин суроолоруна англис, орус жана түркмөн тилдеринде жооп берди.

Ал эми президент "Ватан" кабар агенттиги президенттикке ат салышкан башка сегиз талапкер да үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу шайлоого барганын билдирди. Алардын алдын ала дене табы өлчөнгөнү жана журналисттерден беткап кийүү эрежесин сактоо талап кылынганы айтылды.

Сердар Бердымухамедов ким?

Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда 64 жаштагы азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралда парламенттин жогорку палатасына “жаш лидерлерге” өткөрүп берүү үчүн бийликтен кетүү ниети бар экенин айткандан кийин 12-мартка дайындалган.

15-февралда 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын башкаруучу Демократиялык партиясынын атынан талапкер болуп расмий катталган.

Талапкерлердин ортосунда теледебат болгон эмес. Жалгыз гана талапкер Сердар Бердымухамедов шайлоочулар менен жолугушуу үчүн өлкөнү түрө кыдырды. Бул жакшы сценарий менен жазылган жолугушууларда Сердар Түркмөнстандын бейтараптык саясатын улантууга жана "өлкөнү гүлдөгөн мамлекетке айландыруу боюнча өзүнөн мурункулардын саясатын мындан ары да өнүктүрүүгө" убада берген.

Көз карандысыз Тurkmen.news басылмасынын редактору Руслан Мятиев "Настоящее время" телеканалына курган маегинде, бийлик атадан балага калганы менен масштабдуу өзгөрүүлөр болуп кетерине ишенбей турганын айтты.

"Экономикалык ири өзгөрүүлөр болуп кетерине көзүм жетпейт. Анткени, Сердар Бердымухамедов экономика тармагында билим алган эмес. Чет өлкөдөн билимдүү мекендештерин чакырып келүү анын оюна келбесе керек. Ал эми шайлоо алдында сүйлөгөн сөздөрүндө конкреттүү пландары жок. Бардык талапкерлер Аркадагдын жолун жолдойбуз дешти. Анда Түркмөнстан учурдагы кейиштүү абалында кала берет".

Сердар Бердымухамедов тышкы иштер министринин орун басары, Ахал провинциясынын губернатору жана өнөр жай министри сыяктуу бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап, былтыр вице-премьер-министрликке чейин ыкчам көтөрүлдү.

Гурбангулы Бердымухамедов жана үй-бүлөсү. 2017-жыл.
Гурбангулы Бердымухамедов жана үй-бүлөсү. 2017-жыл.

Түркмөнстандын расмий басылмалары аны “эл уулу” деп аташат. Анын атасы менен бат-бат жолугуп турганын "муун алмашуунун символу" катары сыпатташат. Сердар Түркмөнстандын атынан көптөгөн эл аралык жолугушууларга катышты.

Түркмөнстан акыркы бир нече жылдан бери оор социалдык-экономикалык көйгөйлөргө туш болуп келет. Сердар Бердымухамедов ант берип, президенттик кызматка киришсе, социалдык жана экономикалык жактан начар абалга кептелген өлкө анын атасынан мураска калат. Эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн өкмөтүн өз жарандарынын саясий жана жарандык эркиндиктерин катуу чектеп, оппозицияны басып жатат деп сындап келишет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG