Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

Түркмөнстан: тестиер кыздардын "тазалыгын" текшерүүгө мажбурлоо


Окуучу кыздар (иллюстрациялык сүрөт)
Окуучу кыздар (иллюстрациялык сүрөт)

"Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөнүн айрым аймактарында кыздар гинекологдун кароосунан мажбурлап өткөрүлүп жатканын жазды. Муну жергиликтүү бийлик “адеп-ахлак тазалыгы” үчүн текшерүү деп атаган.

"Моралдык тазалык"

Мектеп окуучуларын текшерүү бул жолу Түркмөнстандын Балкан облусунда уланды.

«Балканабад жана Түркмөнбашы шаарларында 9-11-класстын окуучулары гинекологиялык текшерүүдөн өтүшөт. Жыныстык катнашка барган кыздар аныкталып, тизмелери аймактык милицияга жана Улуттук коопсуздук министрлигине өткөрүп берилет», - деди атын атагысы келбеген мугалим.

Кыздарды гинекологиялык текшерүү үчүн расмий уруксат алынбайт. Жогорку класстын окуучулары менен ата-энелеринин айтымында, алар текшерүүдөн милдеттүү түрдө өткөрүлөт.

«Укук коргоо кызматкерлери текшерүү жашы жете элек өспүрүмдөр менен интимдик мамиледе болгон адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу максатында жасалып жатканын түшүндүрүүдө. Учурда велаятта (облуста) масштабдуу текшерүүлөр жүрүп жатат», - деди билим берүү кызматкери.

Түркмөн бийлиги гинекологиялык текшерүүлөр тууралуу расмий түшүндүрмө бербей келет. Бир нече билим берүү кызматкеринин айтымында, буга Балканабад шаарында алты окуучунун кош бойлуу экени аныкталганы себеп болгон.

«Алар №2, 4, 8 жана №11 мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары болгон. Бул маалымат Ашхабадга, башкача айтканда, Билим берүү министрлигине жетип, велаяттын билим берүү бөлүмүнүн башчысы катуу сөгүш алды. Андан соң чоң шаарларда “моралдык тазалыкты” текшерүү башталды», - дейт билим берүү кызматкери.

“Азаттык” Балкан велаятынын Билим берүү башкармалыгынан бул маселе боюнча расмий маалымат ала алган эмес.

Жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен болгон маекте акыркы жылдары 15-16 жаштагы кыздар арасында кош бойлуулук фактылары көп катталып, бул олуттуу көйгөйгө айланып жатканын айткан.

«Бул кыздардын көбүнүн ата-энелери чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Экономикалык көйгөйлөрдөн, жумушсуздуктан улам үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеп кеткен. Ошондуктан балдарынын тарбиясын көзөмөлдөй алышпайт. Бул кыздар бойго жеткен, тактап айтканда, 22-25 жаштагы жигиттерге алданышат».

Түркмөнстандын бийлиги акыркы жылдары мектеп окуучуларын гинекологиялык жактан мажбурлап текшерүүдөн өткөрүп турат. Кээде жылына бир жолу, кээде эки жолу текшерүү жүргүзүлөт.

Буга эрте кош бойлуулуктун көбөйүшү эле эмес, акыркы жылдары тиричилиги начар үй-бүлөлөрдөн чыккан өспүрүм кыздардын сойкулук менен алектенип жатканы да себеп болгону айтылат.

Түркмөнстандын бийлиги жана расмий маалымат каражаттары бул тууралуу үн ката элек. Ал арада укук коргоо органдары мектептерде күтүүсүз рейддерди жүргүзүп, окуучулардын уюлдук телефондорун текшерүүнү улантууда.

«Алар класстарга эскертүүсүз кирип барып, окуучулардын чөнтөгүн жана баштыгын тинте башташат. Интернет аркылуу кумар оюндарына берилип кеткендерди аныктоого аракет кылышат. Окуучулар акчаны кайдан алганы жана каттоого койгону боюнча сурак берип жатышат», - деди атын атагысы келбеген жергиликтүү мектептердин биринин мугалими.

Аялдарды тескеген түркмөн бийлиги

Түркмөнстандын Конституциясында "аялдар менен эркектер бирдей укукка ээ экени" жазылган. Иш жүзүндө өлкөдө бир нече жылдан бери аялдардын укуктарына басым жасалып келет.

Түркмөнстанда 2022-жылы бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөгөн.

Түркмөнстандын мыйзамдарында түркмөн аялдарына "ылайык келген" жана "ылайык келбеген" кийимдердин түрлөрү жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Баш мыйзамда коомдук жайларда аялдардын жүрүм-турумун тескеген эрежер да жок. Буга карабай өлкөнүн укук коргоо органдары "түркмөндөрдүн салт-санаасына" шылтоолоп, аялдарга ар кандай чектөөлөрдү киргизип келишет. Былтыр майда Түркмөнстандын Мары шаарында "түркмөн айымдарына туура келбеген кийим кийди" деген негизде эки аял кармалган.

Аймактардын биринде полиция кызматкерлери сулуулук салондоруна кирип, мындан ары ботокс жасоого, жүздөгү бырыштарды жазууга, кирпик өстүрүүгө, эриндерди чоңойтууга жана чаптама тырмактарды колдонууга тыюу салынганын эскертишкен. Талапты аткарбаган салондорго ири өлчөмдө айып пул салынып, жетекчиси 15 суткага чейин камалары айтылган.

Буга чейин “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, мугалимдер, билим берүү кызматкерлери жана медик аялдар жеңи узун көйнөк кийип, жоолук салынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Көпчүлүк түркмөнстандыктар бул чаралар өлкөнүн жаңы президенти Сердар Бердымухамедовдун консервативдүү көз карашына байланыштуу экенин айтышат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG