Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Ташиевдин билдирүүсү: Түмөнбаевдин мандаты, Жапаровдун кызматы (видео)


Акылбек Түмөнбаев, Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров. Коллаж.
Акылбек Түмөнбаев, Камчыбек Ташиев жана Акылбек Жапаров. Коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты.

Ал уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу соңку билдирүүсүндө Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов менен ымаласы бар мамлекеттик кызматкерлердин канчасы кызматтан алынганы тууралуу да так сандарды жарыялады. Башкы чекист акыркы эки айга чукул убакыт ичинде уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш боюнча бир нече жолу билдирүү кылды.

Камчыбек Ташиев Жапаров жана Түмөнбаев тууралуу...

Камчыбек Ташиев соңку күндөрү коомчулук алдында дээрлик ар бир билдирүүсүндө Кыргызстанда талкууланып жаткан темалар боюнча пикирин билдирип жатат.

Бул жолу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу сөз кылды. Ал маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мафиясына байланышы бар 225тен ашык мамлекеттик кызматкер аныкталганын билдирди.

Камчыбек Ташиевдин сөзүнө караганда, алардын ичинен 133 адам Камчы Көлбаев менен, 92 киши Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта болгон. Атайын кызматтын төрагасы алардын 70тен көбү кызматтан алынганын, Бажы кызматында эле 85 адамдын байланышы аныкталып, 50 чактысы жумуштан бошотулганын айтты.

Жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган эски видео социалдык медиада тараган.

Камчыбек Ташиев бул тасма жана кримтөбөлдүн тажиясына барган Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев боюнча да комментарий берди:

“Акылбек Жапаров тойго беш жыл мурда барган экен. Камчы Көлбаев менен мен деле тааныш болгом. Акылбек Жапаров тааныш болгон, бирок үч жылдан бери биз менен иштеп атат. Эч кандай байланышы жок. Эгерде Акылбек Үсөнбековичтин уюшкан кылмыштуу топ, Көлбаев менен байланышы болсо, чогуу жүрсө, ал кишини жоопко тартууга даярмын. “Акылбек Түмөнбаев тажыясына (Камчы Көлбаевдин - ред.) барды. Эмнеге жоопко тартпайсыңар?” деп айтып атышат. Акылбек Түмөнбаев - эл шайлаган депутат. Эл кандай депутатты шайласа, ошол депутаттар менен иштеп атабыз. Бирок аларды да тазалаганга аракет кылып атабыз. Эгерде Акылбек Түмөнбаевдин ордунда бир мамлекеттик чиновник болгондо бир саатта жумуштан алдырмакмын. Аны өзүнүн уятына коёлу. Эгерде өзү кетем деп кетип калса жакшы болот. Калып иштейм десе аны да өзү билсин. Бирок Акылбек Түмөнбаевдин Көлбаев менен байланышы чыга элек. Чыккан эле күнү мен кылмыш ишин козгойм”.

Президент Садыр Жапаровдун кудасы, депутат Акылбек Түмөнбаев атайын кызматтын башчысынын айтканына комментарий бере элек. “Азаттык” аны менен байланышууга аракет кылып бирок жыйынтык чыккан жок. Ал 9-октябрда УКМКда сурак берип чыккан. Бирок кайсы иш боюнча суралганы айтылган эмес.

Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңеште 12 депутат мүчө болгон “Элдик” депутаттык тобунун лидери. Ал Камчы Көлбаевдин тажыясына барган-барбаганы тууралуу да үн ката элек. “Элдик” топтун мүчөсү, депутат Акбөкөн Таштанбеков мындай деди:

Акбөкөн Таштанбеков.
Акбөкөн Таштанбеков.

“Акылбек Түмөнбаев Камчы Көлбаев тирүү кезинде барса, анда Камчыбек Ташиевдин айткандары 100% туура болмок. Мен бир киши менен аябай начар мамиледе элем. Экөөбүз бири-бирибизди ушундай жаман көрчүбүз. Анын көзү өтүп кетип мен баарын унутуп ага топурак салганы баргам. Өлгөндөн кийин адамдар баарыбыз биригип калабыз. Мүмкүн жердеш катары баргандыр. Тирүү кезинде жолукса анда башка маселе. Жоопко тартыш керек. Көзү өтүп кеткенден кийин барса талаш маселе го”.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Сөөгү 5-октябрда Чолпон-Ата шаарында жерге берилген.

“Азим Ройго мен да жолуккам”

Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар делген ондогон адамдар кармалып, кээ бирлерине издөө жарыяланды. Алардын арасында Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Рой да бар. Атайын кызмат ага “Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Камчыбек Ташиев Азим Ройго ал да жолукканын ачыктады.

“Сайдазимов (Азим Рой) Кыргызстанга келгенде, президент да, мен да кабыл алгам. Ал “мен криминалдык жүрүм-турумумду токтоттум. Менин акчам бар. Кыргызстанга инвестиция салып, завод-фабрика куруп, элди жумуш менен камсыз кылайын” деп айткан. Президент “макул, иштегиле, мыйзамды бузбагыла” деген. Андан бери эки жыл өттү. Азим Рой Кыргызстанга завод-фабрика эмес, бир күркө салган жок. Кайра эле элди талап-тоноо, коркутуп-үркүтүү, акчанын күчү менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, мамлекеттик органдарды сатып алуу иштерин баштады. Бизге мындай криминалдык инвесторлордун кереги жок”.

2022-жылы түбү кыргызстандык бизнесмен Азим Рой менен президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү тарап коомчулукта талкуу жараткан. Түмөнбаев ошол кезде Садыр Жапаров менен Азим Рой эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу кабары жок экенин айткан.

Ташиевдин сөздөрү эмнени билдирет?

Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын да тиешелүү мамлекеттик органдары менен кызматташып жатканын айтты. Андан тышкары диний кырдаал, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесине да кайрылды.

Атайын кызматтын башчысынын акыркы билдирүүсү айрыкча Акылбек Жапаров менен Акылбек Түмөнбаевге байланыштуу сөзү ар кандай талкууланып жатат.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

“УКМКнын жетекчиси ушул кызматка келгенден бери ар кандай билдирүүлөрдү жасап атат. Курулуш, жол тармагы, аялдарга жасалган зомбулук боюнча да пикирин билдирди. Ушул жерден бир нерсени эске алыш керек. УКМКны биринчи жолу саясатчы башкарып атат. Ал киши эки жолу депутат болгон, фракцияны жетектеген, президенттик шайлоого катышкан. Көп адамдын алдында сүйлөп көнүп калган адам ошол образдан чыккан жок. Экинчиден, Камчыбек Ташиевдин азыркы бийлик системасында өзгөчө орду бар. Президенттин жакын досу, мамлекетте экинчи адам деп айтылып келатат. Негизи мамлекетте экинчи киши – бул Министрлер кабинетинин төрагасы. Бирок азыр бул орунда УКМКнын төрагасы турат. Балким президент болом, кийинки шайлоого катышам деген да амбициясы бар”, - деди саясат талдоочу Нурсултан Акылбек.

Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевдин жесирине бир ресторан, машина, үч кызына бирден батир, эки уулуна да бирден батир, эки жер тилкеси кайтарылганын айтты. Көлбаевдин калган мүлкү мамлекетке өткөнүн, ондогон батир мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу карапайым элге бериле турганын билдирди.

Ал эми Райымбек Матраимов акыркы бир жылда кайрадан Бажы кызматынын ишине кийлигишип, “Эркечтам” өткөрмө бекетин көзөмөлгө алып акча чогулта баштаганда чара көрүлгөнүн айтты.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Камчы Көлбаев көзөмөлдөгөн баңгизат ташуу жолу Кыргызстанда жок кылынса, Кытай менен чек арада жүктөрдүн аткезчилиги токтосо анда уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөштүн жыйынтыгы болот. Эгерде андай болбос Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун ордуна башка адамдар эле келип калган жокпу деген суроо туулат. Ошол эле укук коргоо органдарынын жетексилери көзөмөлдөп атабы деген күмөн ойлор чыгат”, - деди саясат талдоочу Адил Турдукулов.

Ташиевдин билдирүүсү: Түмөнбаевдин мандаты, Жапаровдун кызматы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:43 0:00

2021-жылы УКМК Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айтып, аларды мындан ары “өлкө саясатына таасир эте албайт” деген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG