Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:18

Ташиев Райымбек Матраимовду "мафия" деп атады


Райымбек Матраимов. Коллаж.
Райымбек Матраимов. Коллаж.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жүк ташууда ири коррупция түзгөнү үчүн соттолгон бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө "мафия түзгөн" деп айыптады.

"Көлбаев-Матраимов мафиясы болбойт"

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Чүйдүн Кемин районундагы УКМКнын бөлүмүнүн имаратын ачып жатып, мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бир ай мурун жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышын дагы бир жолу ырастады.

Ташиев "Көлбаев, Матраимов мафиясы" тууралуу айтып, аларды мындан ары "өлкө саясатына таасир эте албайт" деп белгиледи.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Мындан ары мамлекетте Көлбаев деген, Матраимов деген мафия болбойт. Райым Матраимов мындан ары мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана “Матиз” машинаны минип алып жүрүшү керек. Мындан ары Райым Матраимовдун кланы, байлыгы, анын кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып же ички биздин саясий иштерибизге тоскоолдук кыла албашы керек”, - деди Ташиев.

Ал учурда мамлекеттик органдарды тазалоо жүрүп жатканын, Матраимовго, Көлбаевге байланышы бар деген 202 кызматкер иштен алынганын кошумчалады.

“Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Көлбаевге байланыштуу болгон 60 кызматкерди аныктадык. Андан тышкары бажы органдарынан 50 кызматкерди аныктадык. Ошентип, 202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, криминалдык элементтерге жана коррупцияга байланыштуу кызматынан алынып жатат” - деди Ташиев.

Ташиев эбегейсиз байлыкка ээ болгон Матраимов өлкө саясатына аралашып жүргөнүн айтып өттү. Атайын кызматтын башчысы учурда Матраимов кайда экенин жана ал өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылабы же жокпу айткан жок.

4-октябрдагы атайын операцияда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталган Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөн кийин Матраимов УКМКда сурак бергени маалым болгон.

Матраимовдун "доору" бүттүбү?

УКМК төрагасынын жогорудагы билдирүүсү саясий чөйрөдө айтылып келе жаткан ар кандай маалыматты ачыкка чыгаргандай болду.

Кыргыз бийлиги атайын операцияда Көлбаевди жок кылып, криминалга каршы күрөш баштаган соң бул иштин алкагында Райымбек Матраимовду жоопко тартуу аракети кандай болот деген кеп-сөз жүрүп жаткан. Эми Көлбаевге жана Матраимовго байланыш бар 200дөн ашык мамлекеттик кызматкер иштен алынары айтылган соң алар кимдер жана бул кандай ишке ашат деген суроо турат.

Журналист Али Токтакунов Матраимовдун кланы боюнча буга чейинки журналисттик иликтөөлөрдөгү фактылар аныкталганын жана байлыкка маарыган мурдагы бажычынын таасири ырасталганын белгиледи.

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

"Матраимов-Көлбаев мафиясынын кишилери мамлекеттеги дээрлик таасирдүү, чечим кабыл алуучу кызматтарга коюлган болчу. Буга чейин аны журналисттик иликтөөлөрдө айтып келгенбиз. Ташиев Матраимовду "Матизге" отургузабыз деди. Муну ал уурдаган өлкө байлыгы элге кайтарылат деп түшүндүм. Булар мамлекеттик чоң саясатка аралашып, кылмыштуу схемалар менен табылган акчасын жумшап, коопсуздукка чоң коркунуч келтирген", - деди Токтакунов.

Матраимов кайда жана анын өнөктөштөрү кимдер?

Айрым булактар Матраимов өлкөдөн чыгып кеткенин айтып жатышат. Анын Жогорку Кеңештеги агасы Искендер Матраимов менен телефондон байланышканыбызда "эч кандай Матраимов кланы жок" деп кыскача жооп берди.

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

"Клан деген жок. Менин бир туугандарым бар. Калган ошол убакта иштеген балдар анын кланы болбойт да, андай болгон эмес", - деди ал.

Саясий чөйрөдө мурдагы бажычы Матраимовдун таасири жөнүндө көп айтылып келген. Маселен, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо Матраимовго таандык партия шайлоодо алдыңкы орунду алган. Ал партиянын курамында саясаттагы белгилүү фигуралар, таасирдүү адамдар болгон.

Буга чейин "Азаттыктын" “Эксперттер талдайт” берүүсүндө экс-депутат Мирлан Жээнчороев Матраимов-Көлбаев топтору саясий бийликке кантип аралаша баштаганына токтолгон.

"Алар (ред: Матраимов-Көлбаев) кылмыштуу жол менен табылган каражаттарды коргоо, көбөйтүү максатында бардык тармакка өз кишилерин коюп, саясий партияларды түзүп, парламентке өзүнүн өкүлдөрүн алып келип, кийин өкмөт башчылыкка, президенттикке өздөрүнүн кишисин алып келмек. Ошондуктан алар менен ушундай чечкиндүү күрөш жүргүзүү керек", - деди Жээнчороев.

Жакында эле Көлбаев жана Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулган.

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Сот чечимдеринде Матраимов күнөөлүү экени так жазылып турат. Ошондой эле чечимде Матраимов баштаган бажычылар чек арадан товар жүктөп кирген ар бир машинеден 1800 долларга чейин алып жүргөнү белгиленет. Алардын арасында Жогорку Кеңеште азыр депутат болуп отурган, мурдагы бажычы Нурлан Ражабалиев дагы бар.

2019-жылы “Азаттык” радиосу өнөктөштөрү OCCRP жана “Клооп" менен бирге жасаган “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөдө журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыккан.

Иликтөөдө Матраимов Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырды кантип калкалап турганынын бети ачылган.

2020-жылы декабрда АКШ Матраимовго санкция салган.

Президенттерди жандаган көмүскө инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:07 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG