Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

Ишкерлердин камалышы: ЖИА бийликке кайрылды


Тимур Файзиев, Эрнис Миңкеев жана Чолпонбек Акматов - УКМК кармаган курулушчу ишкерлер.
Тимур Файзиев, Эрнис Миңкеев жана Чолпонбек Акматов - УКМК кармаган курулушчу ишкерлер.

ЖИА бизнес ассоциациясы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, ишкерлердин камалышына байланыштуу камтамачылыгын билдирди. Уюм мамлекет башчынын ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо убадасын эстетип, бизнес чөйрөнү биротоло чочутуп албоого чакырды.

Мунун алдында бир нече курулуш компанияларынын жетекчилери жана башка тармакта иштеген ишкерлер “кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга” айыпталып, удаа кармалган. Алардын иши атайын операция учурунда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыштырылууда.

Камоолордун фонунда үн каткан уюм

ЖИА бизнес ассоциациясы президентке жолдогон кайрылуусунда Садыр Жапаровдун өзүнүн ишке жаңы киришкен маалда чыгарган “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгы менен “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын эске салды. Уюм аларда ишкерлердин укуктарын коргоо каралганын маалымдап, иш жүзүндө жагдай башкачараак болуп жатканын билдирди.

Ассоциация ишкерлердин катары менен кармалышы “бизнес чөйрөдө тынчсызданууну жана белгисиздикти жаратып жатканын” кабарлап, “мындай аракеттер улана берсе, өлкөдө бизнес активдүүлүк төмөндөп, инвестиция сыртка агылышы мүмкүн экенин” белгиледи. ЖИА ушундан улам бийликти “бизнес чөйрөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүү, калыс эрежелерди камсыздоо, менчикти коргоо, ишкердикти колдоо жана коррупцияны алдын алуу аркылуу узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүшүнө багытталган саясат жүргүзүүгө” чакырат.

ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу кайрылууда белгиленген жагдайларды “Азаттыкка” өзүнчө чечмелеп берди:

Аззамбек Жээнбай уулу
Аззамбек Жээнбай уулу

“Курулуш компанияларынын жетекчилеринин кармалышы - бир фактор, текшерүүлөрдүн көбөйгөндүгү - экинчи фактор. Анан акыркы учурда ишкердик жүргүзүүдө так, белгилүү бир эрежелер болбой калды. Улам-улам жаңы нерселер чыгып жатат. Мына ушунун баары ишкерлерди кыжаалат кылып жатат. Бизге тынчсызданган кайрылуулар көп болуп жатат. Айталы, ошонун айынан да көп ишкерлер жаңы долбоорлорго каражат салып, кандайдыр бир иш баштоодон да карманып, күтүү режиминде турушат. Биз мында ата мекендик ишкерлер же ички инвесторлор жөнүндө айтып жатабыз. Ошону үчүн мамлекеттен ишкерлерди, мүлктү коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реалдуу кепилдиктер болсо жана ал аткарылса деген үмүт болуп жатат. Анткени бизнес тынчтыкты каалайт. Тынч болгон жерде гана жаңы инвестиция салынып, ишкерчиликте акчанын агымы көбөйөт. Тилекке каршы, биз ошону байкай албай жатабыз. Бир ишкерге кылмыш иши козголсо, аны дароо бир-эки айлык мөөнөткө же андан узакка камап салып жатышат. Бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн кылмыштуу топтун мүчөсү же коррупция менен кармалган аткаминер менен бирдей кароо туура эмес деп ойлойбуз. Себеби бир ишкердин камакка алынышы, башка ондогон жумушчунун жана ошол эле ишкердин мамлекеттин, банктын, өнөктөштөрүнүн алдындагы милдеттемелерин аткаруусуна кедергисин тийгизет”.

Ассоциациясынын кайрылуусунда камакка алынган ишкерлердин аты-жөнү келтирилбейт. Анын өкүлү да өз интервьюсунда алардын ысымдарын атоодон карманды. Бирок кеп мында соңку айларда удаа кармалган ишкерлер жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү. Алардын негизгилери курулуш тармагынын өкүлдөрү болчу.

Тагыраагы, “Авангард Стиль” компаниясынын директору Эрнис Миңкеев кармалып, 4-ноябрга чейин камалганы 9-октябрда белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу") боюнча айып тагылганы маалымдалган.

11-октябрда болсо Октябрь райондук соту “Элитхаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди 9-декабрга чейин камоо чечимин чыгарган. 12-октябрда “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов 4-ноябрга чейин камакка алынган. Алар да ошол эле “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу” беренеси менен айыпталган.

Аларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармаганы менен, мекеме аларга байланыштуу так маалыматтарды тараткан эмес. Кабарды журналисттер соттук органдардан алып турган.

Бирок жалпыга маалымдоо каражаттары бул ишкерлер кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) ишине байланыштуу кармалганын жазып чыгышкан. Кылмыштуу чөйрөдө “мыйзамдагы ууру” деп аталган Көлбаев өзү 4-октябрда атайын кызматтын операциясы маалында каршылык көрсөткөнү үчүн атып өлтүрүлгөн. УКМК мунун артынан анын уюшкан кылмыштуу тобунун ондогон мүчөлөрүн кармап, узун тизмек мүлктөрүн камакка алган болчу.

Кыргызстандын курулушчулар бирикмесинин төрагасы Аскарбек Молдобаев курулушчулардын кармалышын мындайча комментарийледи:

Аскарбек Молдобаев
Аскарбек Молдобаев

“Жалпыга маалымдоо каражаттарынан окуганыма караганда, ал балдарды ошол криминалдык авторитетке байланыштырып, ошого көмөктөшкөн деп жаткан турбайбы. Мен алардын ошондой мамилеси болгонбу, болбогонбу, билбейм. Курулуш компанияларын иштетип жаткан жигиттердин адамдык же адистик жагына гана оюмду айта алам. Мен билгенден, алар жаңыдан өсүп келе жаткан кесипкөй курулушчу-инженерлер болчу. Бизнести активдүү жүргүзүп, экономикага, анын ичинен курулуш тармагына чоң салым кошуп жатышкан. Сырттан акча таап келип, аны курулушка салып, татаал тармакта иш уюштуруп, заманбап үйлөрдү куруп жаткан. Сейсмикалык туруктуулугу жакшы, адамдардын жашоосуна ыңгайлуу турак-жайларды салып келишкен. Бул деген оңой нерсе эмес. Элди алдабай, үлүшчүлөрдүн каражаттарын рационалдуу пайдаланып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жүрүшчү. Анан аларды эмнеден улам, камап салышты, билбейм. Эгер олуттуу мыйзам бузуулар болбосо, же жоё турган кемчиликтери болсо, аларды сындырбай сактап калсак жакшы болмок. Антпесе, аларды кармаган жерлер, абактагы чөйрө кандай экенин билебиз да. Мыкты кардларды, мыкты жигиттерди сындырып, бузуп албайлы”.

УКМКнын айыптоосу, министрдин жүйөсү

Атайын кызмат 9-октябрда тараткан маалыматында кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген, жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Мекеме 2008-жылдан бери Көлбаев “криминалдык империя” түзүп келгенин, кармалган адамдар анын жетекчилиги менен опузалоо жана рейдерлик аркылуу мүлк жана активдерди мыйзамдаштырып, башка да кылмыштарды жасап келишкенин, мыйзамсыз баюу жана саясатка кийлигишүү болгонун, ал таза иштеген ишкерлердин эсебинен өзүнө караштуу бизнес-структураларды түзүп жүргөнүн маалымдаган.

"Мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаев сот залында. 18-апрель, 2013-жыл.
"Мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаев сот залында. 18-апрель, 2013-жыл.

УКМК билдиргендей, Көлбаевдин жана анын туугандарынын, жакындарынын мыйзамсыз активдеринин катарында 850 кыймылсыз мүлк бар: өзгөчөлөнгөн кымбат үйлөр (особняк), коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык люкс автоунаа, зер буюмдар жана башкалар.

Атайын кызмат мамлекеттин жана ишкерлердин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып кеткен мүлктү ээлерине кайтарып берүү иши жүргүзүлөрүн, алардын бири курулуп жаткан 700 батирлүү эки объект экенин кабарлады.

Так ушул объектилердин ичинде жогоруда кеп болгон компаниялар курган турак-жайлар же башка объектилер да бар болчу. Маселен, атайын Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдүн тизмеси деп жарыялаган тасмада Чүй облусунун Байтик айылындагы "Салкын-Төр" шаарчасы да кеп болгон. Бул объектини Эрнис Миңкеев жетектеген "Авангард Стиль" компаниясы куруп жатканын ишкананын социалдык тармактардагы баракчасынан көрүүгө болот.

Көлбаевдин ишине байланыштуу кармалгандардын ичинде мындан сырткары "Каганат Resort" эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана "Аврора Групп" ишканасынын ээси Азрет Боотаев, “Элитстрой”, “Гознак” сыяктуу он чакты компанияга кожоюндук кылган Олег Подобедов да бар. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов да кармалган.

УКМК 10-октябрда Салимовдун кармалышы жөнүндө маалымат берген учурда буларды билдирген:

“Жогорудагы адамдардын арасында жаран Т.Салимов дагы бар. Ал мурдагы жана азыркы криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен узак убакыт бою тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык байлыктарын тынымсыз көбөйтүп, алардын топторунун жашоо шартына колдоо көрсөтүп келген. Салимов К.Асанбектин кылмыштуу тобунун ишмердигине дайыма демөөрчүлүк кылгандыгы, тактап айтканда, ал “топту” (общак) каржылап, укук коргоо органдарынын, сот системасынын жана башка мамлекеттик кызматтардын коррупционерлерине пара берүү жолу менен жашоо-тиричилигин жана кылмыштуу жазадан кутулуу аракетин көрүп келгени аныкталды. Мындан тышкары, Т.Салимов Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелериндеги уюшкан топтун мүчөлөрүнүн материалдык абалын чыңдоо жана аларды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында “акы” (грев) берип келгени такталды. Алынган маалыматтарда Т.Салимов мыйзамдагы ууру К.Асанбек жана анын кылмыштуу байланыштарын мезгил-мезгили менен өз керегине жана жеке кызыкчылыгына, атаандаштарын жана башка адамдарды коркутуп-үркүтүү, кысымга алуу жана кысым көрсөтүү максатында пайдаланып, алардын активдерин жана бизнес долбоорлорун куугунтуктаган жана өзүнө ыйгарып алган фактылары да бар”.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жылдары) депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү болгон. Уйгур тектүү ишкер “Мадина” базарын 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-октябрда Салимовду да эки айга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин кабыл алган. Сот жараяны жүрүп жаткан маалда ишкердин кан басымы көтөрүлүп, Тез жардам чакырылганы, дарыгерлер аны алып кетишкени кабарланды.

Турсунтай Салимов сотто бөгөт чарасы каралып жаткан маалда өзүнүн иши боюнча журналисттерге комментарий берип, мындай деген:

Турсунтай Салимов
Турсунтай Салимов

“Менин бул жерде болуп калганыма Көлбаев менен коңушу болгонум гана себеп болуп калды. Аны менен кээде көрүшүп, учурашып калчубуз. Ошону үчүн эле кармалдым. Болбосо ал экөөбүздө жалпы эч нерсе жок. Мен андан 18 жашка улуумун, пенсияда болгондуктан көптөн бери бизнес менен алектенбейм. Ал экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир бизнес деле жок. Бизди бизнес да, достук да бириктирбейт. Мени Көлбаев менен куда дегендер да жаңылышат. Аны менен дагы бир уйгур тектүү башка киши куда болчу, мени ошо менен чаташтырып жатышат окшойт. Эгер Көлбаев менен кошуна болгону үчүн же аны менен учурашканы үчүн камаш керек болсо, анда Бишкектин жарымын камап салууга туура келет”.

Башка жагынан алганда, кеп болуп жаткан ишкерлерге айып тагылганы менен, азырынча алардын иштери сотко өтө элек. ЖИА бизнес ассоциациясы да өз кайрылуусунда мына ушул жагдайды белгилеп, юридикадагы маанилүү түшүнүктү - “күнөөсүздүк презумпциясын” эске салат.

Аталган ассоциациянын бул билдирүүсүнө президент Садыр Жапаров, Президенттик администрация, Министрлер кабинети, же ошол эле тергөө иштерин алып барып жаткан УКМК комментарий бере элек.

Биз ишкер тармакты тейлеген мекеме катары экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин пикирин сурап көрдүк. Ал ишкерлерди чочуткан жагдайлар жок экенин, мыйзамдуу иш жүргүзгөндөр кооптонбой иштеп жатканын айтты:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Негизи адамды жөндөн-жөн эле кармап, камоо туура эмес. Менимче, азыр андай болуп жаткан жок. Укук коргоо органдары кармап жаткан болсо, демек, артында кандайдыр бир мыйзам бузуулар боюнча далилдер бар. Тергөө жүрүп жаткандыктан, анын баарын биз билбейбиз да. Тергөөнүн жүрүшүнө эч ким тоскоолдук кыла албайт жана тергөөчүнүн аракеттерине баа берүүгө эч кимдин укугу жок. Ошондуктан мен ал жагын комментарийлей албайм, бул жөнүндө УКМКнын өзүнөн сурашыңыздар керек. Жалпы жонунан алсак, президент да “мыйзам бузбаса, жөндөн-жөн эч бир ишкер камалбасын” деп айтып келатат. Бизнес чөйрөсүн коргоого, ички жана сырткы инвесторлорду колдоого мамлекет башчы өзү түздөн-түз кепилдик берип жатат. Баары мыйзамдуу иштесе, мамлекет ишкерлерди толук колдойт. Таза иштеген, салыгын өз убагында төлөгөн жана мамлекеттин көзөмөлүнөн эч нерсени жашырбаган ишкерлерди мамлекет колдоп, коргоп алат”.

Азыркы бийлик жаңы ишке киришкен 2021-жылы “Адилет” укуктук клиникасы да президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда бизнеске болгон кысым кескин күчөп кеткенин эскерткен. 2022-жылы болсо Кыргызстандын Бизнес акыйкатчы институту да ушуга окшош билдирүү менен чыгып, укук коргоо органдарын ишкерлерге басым кылбоого үндөгөн. Анда да ишкерлер удаа кармалып, ар кандай жагдайлардан улам текшерүүлөр жүрүп турган эле.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG