Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Жаныбек Бакчиевдин "баңгизат иши" эмнеге байланган?


Жаныбек Бакчиев. Архивдик сүрөт.
Жаныбек Бакчиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев өткөн айда баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелип кармалганы эми белгилүү болду. Ал кезинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы “Калкан”, азыркы "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүн жана Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Анын ысымы айрым медиаларга байланыштуу да аталып келет.

Бакчиевдин ишинде көп жагдайлар белгисиз, бирок анын кармалышы кримавторитет Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийинки кармоолор толкунуна туш келгени суроолорду жаратты.

Бакчиевге тагылган айып

Мурдагы эл өкүлү Жаныбек Бакчиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 20 күн мурда кармаган. Бирок мекеме ошол учурда бул жөнүндө эч кандай маалымат берген эмес. Андан бери да расмий билдирүү болгон жок.

Журналисттер экс-депутаттын кармалганын 14-ноябрда гана соттон тактай алышты. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз катчысы Темир Ильясов алгач "Азаттыкка" сот Бакчиевди камакка алуу чечимин чыгарганын ырастады:

Биринчи Май райондук соту
Биринчи Май райондук соту

“Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 25-октябрдагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн айыпталуучу Б.Дж.А. аттуу жаранга байланыштуу өтүнүчү канааттандырылып, ал тергөө аяктагыча, башкача айтканда 23-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды”.

Ильясов тактагандай, Бакчиевге Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси – “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча айып тагылган. Тагыраагы 2-бөлүгүнүн 3-пункту – “ушул эле жосунду ири өлчөмдө жасоо” айыбы коюлган.

Кодекстин өзүндө мындай кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганы жазылган.

Укук коргоо органынан мурдагы депутат кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу комментарий ала алган жокпуз.


Бакчиевге жактоочулук кызмат көрсөтүп жаткан “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова “Азаттыкка” учкай комментарий берди:

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

“Азыр бир нерсе деп айтуу кыйын. Анткени, Бакчиев өзүнүн конституциялык укугун пайдаланып, иште көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Бул анын укугу жана биз анын укугун буза албайбыз. Кардарыбыз ачыкка чыгаргысы келбесе, биз да эч нерсе айта албайбыз. Бирок ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган жок. Ошондуктан бардык нерсени сот учурунда гана биле аласыздар”.

Экс-депутат Жаныбек Бакчиевдин жакындары жана санаалаштары да ага тагылган айыптоолорго байланыштуу кененирээк маалымат берүүдөн карманышууда. Ошентсе да алардын айрымдары иштин айрым деталдары менен бөлүшүүгө макулдук беришти.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, мекеменин “Альфа” антитеррордук атайын багыттагы бөлүгүнүн ардагерлер бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков кесиптеши жөнүндө “Азаттыкка” буларды айтты:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Мен билгенден тинтүү жүргөн маалда өзү үйүндө болгон эмес, аялы гана болгон. Тинтүү учурунда эч нерсе табышпаптыр, үстөлдүн үстүнөн гана бир куту тамеки таап алышыптыр. Анан ошону анализдешип, курамында “кара куурай бар” деп табышкан имиш. Ошонун негизинде эле “баңгизатты сактоого” айыпташып, кармап, отургузуп коюп жатышат. Бирок ал деген жасалган эмес, кадимки эле Батыш өлкөлөрүндөгу заводдордо жасалган, фирмалык тамеки. Менимче эгер болсо дагы анда микро үлүш. Ал болсо дагы сен аны чет өлкөдөн сатып алган болсоң, анын ичинде бар-жогун, сен каяктан билесиң? Бул биринчиден. Экинчиден, Жаныбек өзү эч убакта тамеки тарткан эмес. Ал тамеки алардын үйүндө кандайча пайда болуп калганына алар өздөрү да таң калып жатышат. Үчүнчүдөн, эгер тамекинин курамынан кара куурай аныкталган күндө да, бул чоң кылмыш эмес. Аны жасап сатып жатып кармалса бир жөн, а мында билбегендиги үчүн айып пул гана салынышы мүмкүн. Бул иш менен камалбаш керек. Менимче, ал жакынкы күндөрү тергөөдө күнөөсүз экени аныкталып, толук акталып чыгат”.

Кармоолор толкуну уланууда

Жаныбек Бакчиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен экономика факультетин жана Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын магистратурасын аяктаган.

Эмгек жолун 1990-жылдары Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы бөлүгүндө кызматкер болуп баштаган. Ортодо Мамлекеттик күзөт кызматында офицер катары иштеп, 1994-1997-жылдары Чүй облусунун губернатору Феликс Куловдун жардамчысы кызматын аркалаган.

Кулов 1997-жылы Улуттук коопсуздук министри кызматына барган маалда, мекеменин алдындагы “Альфа” атайын багыттагы бөлүгү “Калкан” деп өзгөртүлүп, Бакчиев анын жетекчилигине дайындалган. Бакчиев бул кызматта 2000-жылга чейин иштеген. Ал кеткен соң “Калкан” кийин кайра “Альфа” деп мурдагы аталышына кайтарылган.


Буга чейинки резюмелеринде көрсөтүлгөндөй, Бакчиев 2005-жылы төңкөрүштөн соң премьерликке келген Феликс Куловдун кеңешчиси да болуп иштеген. Андан соң Мамлекеттик каттоо кызматын биринчи жолу 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан ошол жылдын декабрь айына чейин башкарган.

2015-жылы “Бир Бол” партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2020-жылы “Биримдик” партиясы менен кайра парламентке аттанган, бирок ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов “Азаттыкка” берген интервьюсунда Бакчиев менен кезинде иштешкенин ырастап, бирок көп жылдан бери байланышпай калганын билдирди:

Феликс Кулов
Феликс Кулов

“Мен кызматка келгенде ал “Калканды” башкарып алган. Мен бир жылча иштедим, анан кызматтан кеткем. Анан кандай болду, кантип иштеди, билбейм. Википедиядан окусам, ал мен өкмөт башчы болгон маалда менин кеңешчим болгонун жазылыптыр. Бул туура эмес маалымат. Губернатор болгон учурда жардамчым болгону чын, бирок кийин премьерлик кызматта менин кеңешчим болгон эмес. Бирок андан кийин ар ким өз жолу менен кеткен. Мен кеминде 15 жылдан бери аны менен мамилем жок. Ал катардагы кызматкер болгон, жаш бала болсо, анан менин достук мамилем болбойт да, туурабы? Керек болсо көрө элекмин. Азыр болсо, баңгизатка байланыштуу айып тагылыптыр дейт, анын эч нерсесин билбейт экем. Эл арасында ал Көлбаев жана Матраимов менен жакын болгон деген кеп чыгып, жазылып жатканын да интернеттен окуп калдым. Анысын да билбейт экем, эгер байланышы болсо тергөөдөн кийин, же соттук процессте айтылса керек”.


Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып, кармалып, кайра бошотулган Райымбек Матраимов атайын кызматта сурак бергени маалым болгон.

9-октябрда атайын кызмат Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Кыргызстанда мындан ары Көлбаев, Матраимов деген мафия болбой турганын, мамлекеттик органдар бул топко жакын 202 адамдан тазаланып жатканын билдирген.

Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаев
Райымбек Матраимов менен Камчыбек Көлбаев

УКМК ошондон бери улам-улам Көлбаевге байланыштуу адамдар кармалып жатканын маалымдап келет. Алардын ичинде бир катар ири ишкерлер да кармалып, тергөө бүткүчө камалды. Атайын кызмат ушул күндөрү да бир нече кишини кармап, дагы айрым кишилерге издөө жарыялап жатат.

Жаныбек Бакчиевдин так ушул маалда кармалышын айрым басылмалар аталган толкун менен байланыштырып жатышкан.

“Альфа” антитеррордук атайын багыттагы бөлүгүнүн ардагерлер бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков кайрадан кепке кошулду:

“Биринчи президент Аскар Акаевдин маалында Феликс Куловду “мага каршы иштеди” деп айыптап, каматып жиберген маалда Жаныбек Бакчиевди да камакка алышкан. Бул саясий куугунтук гана болуп калган. Бирок кийин Кулов менен чогуу Бакчиев да толук акталып чыккан. Жаныбек Бакчиев өзүнүн ишин мыкты билген, өтө кесипкөй жигит. Кийин башка кызматтарды да жетектеп, Жогорку Кеңеште депутат болду. Анын уюшкан кылмыштуулукка, Көлбаевдин же Матраимовдин топторуна эч кандай байланышы жок. Ал жөн гана жеке ишкерлик менен алектенип келген. Кошумча “Альфа” антитеррордук атайын багыттагы бөлүгүнүн ардагерлер бирикмесинин төрагасынын орун басары болчу. Ошондуктан ардагерлер бирикмеси Бакчиевдин кармалышын таң калуу менен кабыл алып, тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз”, – деди ал.

Ишкерликтин изи

Жаныбек Бакчиев кайсы багыттарда бизнес жүргүзгөнү коомчулукка көп белгилүү эмес. Юстиция министрлигинин тиешелүү реестринде ага катталган бир да компанияны же фирманы көрө алган жокпуз.

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Бакчиев Бишкектеги Red Centre соода борборуна башкалар менен чогуу ээлик кылчу. Мындан сырткары анын Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөрдү чыгарган "Атлас Крипт" ишканасына да тиешеси бар экенин маалымат каражаттары жазып келишкен. Бирок Бакчиев өзү бул маалыматты бир нече жолу четке каккан.

Журналист Мирлан Дүйшөнбаев Бакчиевдин саясий жолунда суроо жараткан маселелер көп экенин белгилейт. Ал мунун ичинде экс-депутаттын киреше булагы жана кызматтык секириктерине байланыштуу жагдайларды атады.

Мирлан Дүйшөнбаев
Мирлан Дүйшөнбаев

"Бакчиев атайын бөлүктү башкарганын, Куловдун тушунда кызматтарда турганын, кийин Келдибековдордун таасири менен башка мекемелерди жетектегенин, “Бир Бол” менен парламентке келгенин, айтор баарын билебиз. Бирок ал кишинин киреше булагы каяктан экенинен коомчулуктун, элдин, журналисттер журтчулугунун кабары жок. Айталы, Салымбеков, Эгембердиев, Бабанов, Абдыкеримов сыяктуу ишкерлер эмнеден киреше таап, кантип байыганынан билебиз да. Ал эми “Бакчиев эмне менен бизнес жасап, байлыгын каяктан тапты?” деген суроого жооп жок. Болбосо бир топ бай киши, миллионер, кайрымдуулук иштерин да жасап жүрчү. Эгер атайын кызмат баңгизатка байланыштуу айып тагып жатса, демек, ага негизи бар, далили болсо керек. Ушундан улам да анын кирешеси ошол жактан болгон окшойт деген күмөн пайда болду. Бакчиев өзү да көлдүн кулуну. Ошол жагынан алганда да көлдөн чыккан белгилүү криминалдык төбөлдөр менен кайсы бир деңгээлде байланышы болгонун деле жокко чыгара албайбыз. Ушундан улам бул кишини саясий негизде кармалды деп, ага түс берүү да зарыл эмес".

Айтмакчы, 2011-жылы Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы ошол учурдагы спикер Акматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп, аны кызматтан алууну сунуштаган. Фракция анда "Келдибеков дайындаган кеңешчилер менен жардамчылардын криминалдык топтор менен алакасы болгон" деп айыптаган. Ошондой эле депутаттар Акматбек Келдибеков ири кылмышкер Камчы Көлбаев менен Дубайда, Стамбулда, Астрахан шаарларында жолуккан деп күнөөлөгөн.

Ошол маалда “атамекенчилер” Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакчиев да Келдибеков менен чогуу Орусиянын Астрахан шаарына “Челленжер” (Challenger) аттуу бизнес класстагы жеке менчик учак менен барып келгенин айтып чыгышкан.

Келдибеков менен Бакчиев мындай айыптоолордун бир бөлүгүн төгүндөшкөнү менен Орусияга жеке учак менен барышканын танган эмес. Жаныбек Бакчиев “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Астраханга эс алуу күндөрү учуп барып келишкенин билдирип, муну жеке иштери менен түшүндүргөн.

Башка жагдай, ар кайсы медиалар көп жылдан бери Жаныбек Бакчиевди “24.kg басылмасынын кожоюну” деп жазып келишчү. Балким жөн гана дал келүүдүр, бирок аталган басылманын кеңсеси Red Centre борборунда болчу жана Бакчиев кармалгандан кийин, 27-октябрда редакция ал жерден башка жакка көчүп жатканын кабарлашты.

24.kg сайтынын башкы директору Асел Оторбаева “Азаттыкка” берген комментарийинде Бакчиев менен дос болгонун ырастап, бирок ал эч качан медиага ээлик кылбаганын тактады.

Ал басылманы өзү нөлдөн негиздеп, 18 жылдан бери аны өзү гана иштетип келерин кошумчалады. Оторбаева буга тушташ Фейсбуктагы баракчасында Бакчиев жөнүндө мындай пост жазды:

Асел Оторбаева
Асел Оторбаева

“Менин досумду, достон артык деп санаган бир тууганымды, Камчыбек Ташиев тергөө абагына киргизди. Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо боюнча абсурддук айыптын негизинде. Бакчиевди билгендердин баары мындай айыптоону окуп, күлкүсү гана келип жатат. Анткени, баңгизат менен Жаныбек таптакыр бири-бирине коошпойт. Ал керек болсо тамеки чекпейт, ал тургай улам-улам мени “ташта” деп урушуп турчу. Жаныбек Бакчиевди билгендердин баары муну жөн гана эсептешүү деп түшүнүп турушат. Же жөн гана күмөндүү кустуруу. Менин бир тууганым толук мыйзамдын чегинде жашаган”, – деп жазды Асел Оторбаева.

Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңеште депутат болгон маалда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөөлөрдүн башкы каарманы, кытайлык ишкер, Түркияда кол салууга кабылган Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. Кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда катталган Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн парламенттик комиссияда да иштеген.

Жаныбек Бакчиев 2019-жылы Улуттук коопсуздук боюнча боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан. Ал өзү журналисттерге берген түшүндүрмөсүндө, бул суракты Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган жылдардагы иштерге байланыштуу экенин ырастаган.

2020-жылкы жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү бир жылга узартылган соң, Бакчиев 2021-жылдын апрелинде мандатын тапшырып кеткен.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын сайтындагы маалыматтарга ылайык, Жаныбек Бакчиев ушул күндөрү мекеменин Түштүк Кореядагы атайын өкүлү болуп турган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG