Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

"Чагым болушу мүмкүн". Скинхеддерди туураган топ кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Атайын кызмат Бишкекте фашисттик символдорду колдонуп, азиат түспөлүндөгү адамдарды сабаган топ кармалганын билдирди. Славян тектүүлөрдөн турган топ өспүрүм балдарды сабаган видеолорду социалдык тармактарга жүктөп келген. Активисттер кармалгандарды Орусиядагы "такырбаштардын шериктери" деп сыпатташууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкекте кармалган үч жаран "азиат түспөлүндөгү адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жүргөнүн" кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында, алар жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү болгон.

"Улутчул топтун мүчөлөрү видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан. Кылмыш-жаза кодексинин расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси (330-берене) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган топтун үч мүчөсү, Кыргыз Республикасынын жарандары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р. экени аныкталып, кармалды. Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды".

Атайын кызмат шектүүлөрдөн жабыр тартып, ыдык көргөндөрдү ишеним телефонуна кайрылууга чакырды.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги адам сейрек жүргөн сейил бактарда өспүрүм балдар сабалган видеолор тараган. Анда славян тектүү жаштар жалгыз-жарым жүргөн өспүрүмдөрдү кубалап, канжалата сабаганын көрүүгө болот.

Мындан сырткары алар бирөөнү сабап жаткан учурларын видеого тартып Инстаграмда жана Тик Токко sociall.pride аттуу баракчага жүктөп турган.

Учурда ал баракчаларга жүктөлгөн бардык сүрөт, видеолор өчүрүлгөн.

Социалдык тармактын колдонуучулары сактап калган скриншоттордо славян тектүү жигиттин артында өткөн кылымдардагы орус империясынын кызыл, сары, ак түстүү желеги жана ага жазылган "Мы русские, с нами богъ" деген жазууну көрүүгө болот.

Социалдык тармактарда тараган сүрөт
Социалдык тармактарда тараган сүрөт

Бишкек шаардык милициясы кармалгандар 18ге чыга элек балдар экенин тактады.

Жарандык активист Урмат Жаныбаев кармалган балдар Орусияда "такырбаштар" деп таанылган, ашынган улутчул кыймылдын мүчөсү болушу мүмкүн экенин айтууда.

Урмат Жаныбаев
Урмат Жаныбаев

"Мисалы, ботаникалык бакта эл аз, булар ошол жактан кармап сабаган окшойт. Кээ бирөөлөр "булар педофилдер менен күрөшүп, жакшы иш кылып жатышат" деп актап жатышат. Бул туура эмес, анткени алар фашисттик символикаларды колдонуп жатышат. Өздөрү жаш болуп туруп педофилдер менен кантип күрөшсүн, тескерисинче өздөрү педофил болушу мүмкүн да. Себеби, 7-10 жаштагы балдарды кармап алып сабап жатышпайбы. Москвада окуп жүргөндө такырбаштарды көргөм. Алар Орусияда жашайт. Бизде мындай такырбаштардын болгону туура эмес. Аларды жазага тартыш керек. Булар такырбаштар кийген кара бут кийим, кыска жинсы, куртка менен жүрүшөт. Булардын видеого койгон желегин Орусияда ашынган улутчулдар колдонот".

Фейсбукта айрым колдонуучулар мындай көрүнүшкө тез арада чара көрбөсө, улут аралык чыр-чатак чыгышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Алардын бири, юрист Нурбек Токтакунов бул атайын даярдалган чагым болушу мүмкүн деген ойдо.

Нурбек Токтакунов
Нурбек Токтакунов

"Менин оюмча, бул чагымчылдык. Атайын жашы жете элек балдарды колдонушу мүмкүн, анткени мыйзам боюнча аларды кылмыш жоопкерчилигине тартканга болбойт. Ошон үчүн ушундай балдарды колдонуп, коомчулуктун маанайын текшерип жатат. Анткени бизде да улутчулдар бар. Балким, атайын эле орустарга каршы чыгышсын деп кылып атышат. Анан "мына Кыргызстанда орус тилинде сүйлөттүрбөйт, орустарды сабап жатат" деп маалымат таратышы мүмкүн. Бул жакта туулуп-өскөн славяндарда улутчул маанай жок. Мен көрүп эле жүрөм. Керек болсо жаңы келген орустар да өзүн маданияттуу алып жүрөт, эч кандай конфликтке барган жок. Менин оюмча, алардын ошентип тынч жүргөнү Кремлге жакпай жатат".

Орусияда ашынган улутчулдардын мигранттарга кол салуулары 2007-2010-жылдар аралыгында абдан күчөп кеткен. Борбор Азиядан барган мигранттар арасында алардын колунан ажал тапкандар да болгон. Соңку учурда деле Орусияда чет элдиктерди кодулаган көрүнүштөр жоюлбаганы айтылып келет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында Кыргызстанда орус улутундагы 335 237 адам жашайт. Бул жалпы калктын санынын 5% түзөт.

Кыргызстандагы психологдор жана психотерапевттер ассоциациясынын президенти Михаил Мунькин өспүрүмдөрдүн бул окуясына улуттук боёк сүртүүнүн кереги жок деген ойдо:

"Бул биринчи кезекте тарбияга, ата-энеси менен мамилеге, үй-бүлөдөгү чыр-чатакка байланыштуу. Улуттар бири-бирин басынтканы жагымсыз иш, бул бөлүнүп-жарылууга алып келет. Азыркы окуяны болсо балдардагы стресстин жеткен чеги же бирөөнүн тапшырмасын аткаруу катары бааласа болот".

Ал эми саясий эксперт Денис Бердаков бул окуяны терең изилдөө керектигин айтты:

Денис Бердаков
Денис Бердаков

"Бул өзгөчө окуя болду. Буга чейин бир да жолу ушундай окуя болгонун уккан эмесмин. Ошондуктан бул ишти абдан кылдат иликтөө керек. Албетте, күнөөлүү болсо, катуу жазага тартуу керек. Бул жерде чагымчылдык деле жок, болгону акылсыз балдардын жоругу. Мындай окуяларга жол бербеш керек".

Ал тапта Ички иштер министрлиги өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн балдарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы өспүрүмдөр жасаган 1854 кылмыш катталган. Анын 777си сотко өткөн, 1057си кыскартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG