Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Атайын кызмат жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда азиат түспөлүндөгү адамдарды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган үч адам кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, алар С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р аттуу Бишкек жана Чүй облусунун тургундары.

Атайын кызмат кармалгандар өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонгонун, тергөө иш-чараларынын алкагында алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынганын кабарлады.

Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси (330-беренеси) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшкөн. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG