Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

"Согушка баргым келбейт". Мигранттарды санаага салган мыйзамдар


Орусия, Москва. Красногорск. Мигранттар. Май, 2021-жыл.
Орусия, Москва. Красногорск. Мигранттар. Май, 2021-жыл.

Орусиянын Мамдумасы дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда "Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Анда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер, анын ичинде аскердик фейк жана дискредитация үчүн жарандыктан ажыратуу каралган. Ага чейин Владимир Путин аскерге электрондук жол менен чакырган мыйзамга кол койгон. Эксперттер жаңы эрежелер Украинадагы согушка түз байланыштуу экенин айтып, анын кесепети орус жарандыгын алган мигранттарга тиет деген пикирди карманып турушат.

“Ишин, үй-бүлөсүн таштап кетип атышат”

Москвада иштеп жүргөн Нурсултан мындан бир жарым жыл мурун орус жарандыгын алуудан баш тартып койгон. Кыргызстандык мигранттын мындай оюна жарандык алып аткандагы анттын тексти, айрыкча “Орусияны коргоого ант берем” деген бөлүгү себеп болгон.

Нурсултандын айтымында, Орусиянын мыйзамындагы соңку өзгөрүүлөр орус жарандыгын алган мигранттарды кооптонтуп, көбү ишин, үй-бүлөсүн таштап, түпкү мекенине чыгып кеткенге мажбур болуп атат.

“Аскерге электрондук чакырууга, жарандыкка байланыштуу өзгөрүүлөр орус паспортун алган мигранттардын башкы маселеси болууда. Кечээ ооз ачуудан кийин жакында жарандык алган кыргызстандык байке менен сүйлөшүп отурдум. Ал эки-үч күндө чыгып кетем деп атат. Бул жактагы мигранттар ишин, бизнесин таштап, Орусиядан чыгып кетип атышат. Айрымдары мектепте окуган балдарын калтырганга мажбур. Башка айла жок болуп атпайбы. Кимдин эле согушка баргысы келсин?”.

Орус жарандыгын алган Автандил (аты өзгөртүлдү) согуш башталганда Бишкекке келе берген. Анткени орус аскерлери Украинага кирип баргандан кийин эле аскер комиссариатынан байланышка чыгышып, орус армиясы менен келишим түзүүнү сунуш кылышкан.

Азыр ал Кыргызстандын паспортун колдонуп жүрөт.

“Биринчи мобилизация башталганда аскер комиссариатынан эки-үч жолу чалышты. Мен такыр жооп бербей койдум. Ошондон кийин эле Орусиядан чыгып кеттим. Окопто жатып калбайын дедим да. Жакында эле кайра жумушка барсамбы деп ойлоп аткам. Бирок аскерге электрондук чакырууну киргизип салбадыбы. Ошону менен токтоп калдым. Жарандыктан кантип баш тартышты билбей атам. Бир-эки жылда кырдаал өзгөрүп кетсе, жумушка барып келсе болот. Антпесе Кыргызстандын жарандыгы менен барсаң, тоскоолдуктар көп болуп кетти. Ар кандай документтерди сурай беришет”.

Москва. Кыргызстандын элчилигинин алдында турган мигранттар. Архивдик сүрөт.
Москва. Кыргызстандын элчилигинин алдында турган мигранттар. Архивдик сүрөт.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылы 700 миң адам Орусиянын жарандыгын алган. Алардын көбү Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынын тургундары. Андан кийинки орунда Борбор Азиядан баргандар турат.

Мигранттарды санаага салган өзгөрүүлөр

Орус бийлиги Украинага согуш баштагандан бери бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. 18-апрелде Орусиянын Мамдумасы дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда "Орусия Федерациясынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Анда улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттер, анын ичинде аскердик фейк жана дискредитация үчүн жарандыктан ажыратуунун жол-жобосу каралган.

Мындан тышкары орус бийлиги массалык башаламандыкка катышуу, митинг боюнча мыйзамдарды бир нече жол бузуу, аскердик кызматтан баш тартуу, дезертирлик жана “чет элдик агент” боюнча мыйзамдар аткарылбаган учурда да орус жарандыгынан ажырата алат.

Мигранттар менен иштешип жүргөн укук коргоочу Александр Ким Мамдуманын кезектеги мыйзамына мындай баа берди:

“Мыйзам мигранттарга каршы демилгелердин бири. Алар ушундай жол менен орус жарандыгын алгандарды көзөмөлдөгүсү келет. Мыйзам Орусиядан чыгып кетип, сырттан орус бийлигин сындап аткандарга да тиешелүү. Орус бийлиги алардын тынч отурушун көздөйт. Бул документ мигранттарга опуза катары колдонулушу мүмкүн. Мисалы, орус бийлигине кандайдыр бир сын айтуу дароо армияны дискредитация катары кабыл алынышы мүмкүн”.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аймагында төрөлгөн адамды жарандыктан ажыратуу мүмкүн эмес. Ал эми жарандык кийин алынган болсо, анда аны берилген документтердеги каталардан улам же соттун өкүмү менен жокко чыгарууга болот.

Александар Кимдин пикиринде, аталган мыйзам долбоору Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын тургундарына да түздөн-түз тиешелүү. Орусия аталган эки облустун айрым аймактарын оккупациялап, анын тургундары орус жарандыгын алган. Бирок ал жакта орус бийлигин, армиясын сындагандар да бар. Укук коргоочулардын баамында, бул мыйзам аларга басым кылуунун дагы бир ыкмасы.

“Орусиядан кетүүгө, алардын жарандыгын албоого чакырам. Бул мыйзам мигранттарга караганда, орус жарандыгын алууга мажбур болгон украиналыктарга кесепетин тийгизет. Бул мыйзам Конституциянын бир нече талаптарын бузат. Андыктан режим алмашса, дароо жокко чыга турган мыйзамдардын бири”, - деди укук коргоочу Александр Ким.

Орусияга барган мигранттар ар кандай тоскоолдуктардан улам орус жарандыгын алууну туура көрүшөт. Анткени соңку жылы миграцияга байланыштуу бир катар жаңы талаптар кирди. Бул өлкөгө 2021-жылдын аягына чейин келген чет элдиктер, анын ичинде кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин медициналык кароодон өтүп, бармак изин каттатып, сүрөткө түшүшү керек болгон.

Бул үчүн Москвадан 70 чакырым алыстагы Сахароводогу көп функциялуу миграциялык борборго барып, узун кезек күтүшкөнүн айтып нааразы болушкан.

Март айынын башында 136 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн Орусиядан чыгарылган. Алар каттоого турбаган жарандар экени айтылган.

Орус-украин согушунун фонунда бул мыйзамга өзгөчө орус жарандыгын алган мигранттар чочулап жатышат.

Орусияда иштеген Нурмухаммед орус жарандыгын алган эмес, бирок алам дегендерге документ жагынан жардам берип жүрөт. Ал жарандык алууну каалагандардын саны кыскарбаганы менен соңку кабыл алынган мыйзамдарга байланыштуу чочулоо бар экенин ырастады:

"Корккону коркуп жатышат. Коркпогону жүрөт, убакыт көрсөтөт деп. Кыргызстанга кеткендери дагы бар. Эч ким согушка баргысы келбейт да. Аскерге чакырып, андан ары согушка алып кетсе керек".


Мамдума кабыл алган мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, жарандык алгандарды андан ажыратуу чечимин ички иштер тармагындагы федералдык орган же анын аймактык өкүлчүлүгү кабыл алат.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аймагында төрөлгөн адамды жарандыктан ажыратуу мүмкүн эмес. Ал эми жарандык кийин алынган болсо, анда аны берилген документтердеги каталардан улам же соттун өкүмү менен жокко чыгарууга болот.

2017-жылы терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондорду Орусиянын жарандыгынан ажыратуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Соңку редакцияда буга толуктоолор киргизилди. Мунун таасири көбүрөөк орус жарандыгын алган мигранттарга тийиши мүмкүн деп эсептейт Орусияда адвокат болуп иштеген Нурсулу Бекмуратова.

"Мурда эле жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзам бар болчу. Терроризмге шектүү болгондорду жарандыктан ажыратчу. Ошол жакта төрөлгөн орусиялыктарга эч нерсе дебейт. Мунун таасири көбүрөөк кийин жарандык алган мигранттарга тийиши мүмкүн. Менде ушундай кейс бар. Бир бала терроризмге шектелип түрмөдө отуруп чыккан. Чыккандан кийин анын паспорту жокко чыгарылган. Болбосо анын аялы, бала-чакасы Орусиянын жарандары. Банк эсеби дагы мамлекетке чегерилген", - деди адвокат.

Москвада мигранттарга укуктук жактан жардам көрсөтүп келаткан юрист Гулиза Акматсияева болсо жарандык алуу боюнча кеп-кеңеш сурагандардын катары азайбаганын айтууда:

"Эч нерсеге карабай орус жарандыгын алам дегендер көп эле. Кечээ эле 5-6 киши жарандык алуунун жол-жобосу боюнча кеңеш алып кетишти. Мындай мыйзамдар биздин мигранттарды чочутпай эле тургандай. Негизи эле соңку кырдаалга байланыштуу көп эле мыйзамдарга, административдик, кылмыш процесстер боюнча өзгөртүүлөр кирди. Азыр эми жарандык боюнча дагы толукталып жатат".


Москвада иштеген дагы бир кыргызстандык Расул азыр жарандык алуу жеңилирээк болуп калганын айтып берди. Анын билдирүүсүндө, мурда эки-үч жыл күткөн паспорт азыр 2-3 айда берилип жатыптыр.

"Мобилизацияга карата жарандык алууну жеңилдетип койду. Мурда эки-үч жылдап жүрсө азыр 2-3 айда паспорт алып жатышат. Эркек балдар армиядан качса же жаңы жарандык алгандан кийин аскерге чакырса барбай койсо же чоң кылмыш кылгандарды гана жарандыктан ажыратпаса, башка негиз болбойт. Аскер билети такыр жокторду кызмат өтөөгө чакырып жатат. Коркуп жаткандар дагы бар, өздөрү барам дегендер дагы бар", - деди ал.

Жакында эле Мамдуманын комитети мамлекетке чыккынчылык кылгандарды өмүр бою абакка кесүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Ал эми терроризмге шектүүлөрдүн жаза мөөнөтүн 15 жылдан 20 жылга чейин узартуу сунуш кылынган.

Думанын депутаттары диверсия жасагандарга карата (анын ичинде транспорттук инфраструктураларда дагы) жаза мөөнөтүн 15 жылдан 20 жылга чейин узартууну сунуштаган.

Орусиянын президенти 14-апрелде аскерге электрондук жол менен чакырган мыйзамга кол койгон. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген. Адистер буга чейин жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскерткен.


Орус-украин согушу башталгандан кийин орусиялык жарандарды мамлекетке чыккынчылык үчүн айыптоо да арбыган. "Биринчи бөлүм" фондунун адвокаты Евгений Смирновдун маалыматына караганда, учурда бир ай ичинде бул берене менен айыпталгандардын саны согушка чейинки убактагы бир жылда айыпталгандардын санынан көп болууда.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп келген, эки жыл мурда бул өлкөдөн чыгып кеткен укук коргоочу Валентина Чупик мыйзам аскерге баруудан качкан жарандарды коркутуу үчүн жазылган деп эсептейт.

"Ушул шылтоо менен жарандыктан ажыратып койсо жакшы. Тыюу салат, жарандыктан ажыратат деп коркуп орус паспортун алууну токтотуу керек. Бул абдан туура эмес кадам. Эмнеге азыр кабыл алып жатат бул мыйзамды? Анткени аскерден качкандарды коркутуу керек. Жашоосу, өмүрү, үй-бүлөсүнүн репутациясы үчүн эч кандай баасы жок орус паспортун алуунун кереги жок. Тилекке каршы азыр келечекти ойлонгондор аз. Эгер орус паспортун алып жаткандар менен сүйлөшө келсеңиз алардын мотивациясы - патент төлөбөсө жана өлкөгө кирүүгө тыюу салынбаса болду. Алардын көбүнүн Орусияда калып жашагысы деле келбейт, бул өлкөнү сүйүп, жоопкерчилигин деле алгылары келбейт", - деди укук коргоочу.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына быйыл январь айында жарыяланган маалыматка таянсак, 2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында эле дээрлик 10 632 кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, жыл сайын 9 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алат. Отуз жыл ичинде Орусиянын жараны болгон кыргызстандыктардын саны расмий эсепте 650 миңден ашкан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG